Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-октябры № 664
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-мартындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 2-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 47-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдүн күчүнө кириши үчүн аларды ратификациялоо же бекитүү зарылчылыгы жөнүндө сунуштарды киргизет:
- күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү депозитарийден (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен) алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө тышкы мамлекеттик карыз алууну (кредит, зайым алууну) жана/же грант алууну караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин (анын ичинде эл аралык келишимдерди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу аркылуу түзүлгөн);
- түзүлгөн күнүнөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүүнү караштырган келишимдердин.";
- 68-пунктунун экинчи абзацы "Делегациялардын" деген сөздөн кийин "Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын" деген сөздөр менен толукталсын; "Өкмөт мүчөлөрү" деген сөздөр "министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |