Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июну № 341
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген Регламенти (мындан ары - Регламент) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ушул Регламентти жетекчиликке жана кыйшаюусуз аткарууга алышсын;
- борбордук аппараттарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө Регламенттин жоболорун окуп-үйрөнүү боюнча ишти уюштурушсун;
- өздөрүнүн чечимдерин он күндүк мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырылаары белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 391 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-майындагы № 299 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-декабрындагы № 812 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |