Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 667
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын жаңы түзүлгөн Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак жана Кара-Башат айылдарынын чек араларынын баяндамалары бекитилсин.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 667 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Кара-Башат жана Чарбак калктуу конуштары расмий түрдө айыл болуп эсептелбейт.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту калктуу конушу райондун борборунан 26 км, айыл аймагынын борборунан 4 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты - 3345 га. Калктуу конуштагы 499 үйдө 1763 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкү объектилер бар:
- оорукана, анда 11 киши иштейт;
- 2 дүкөн, аларда 6 киши иштейт;
- мончо, анда 3 киши иштейт:
- тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Тосту калктуу конушун айылдын категориясына киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 4/3 токтому кабыл алынган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Туюк-Жар калктуу конушу райондун борборунан 26 км, айыл аймагынын борборунан 4 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты - 3489 га. Калктуу конуштагы 383 үйдө 1511 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкү объектилер бар:
- орто мектеп, анда 715 окуучу окуйт, 57 мугалим иштейт;
- 2 дүкөн, аларда 6 киши иштейт;
- мончо, анда 3 киши иштейт;
- тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Туюк-Жар айылын айылдын категориясына киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 4/2 токтому кабыл алынган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Өлөң-Булак калктуу конушу райондун борборунан 24 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты - 2295 га. Калктуу конуштагы 291 үйдө 1404 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкү объектилер бар:
- фельдшердик-акушердик пункт, анда 3 киши иштейт;
- орто мектеп, анда 216 окуучу окуйт, 17 мугалим иштейт;
- 2 дүкөн, аларда 6 киши иштейт;
- тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Өлөң-Булак калктуу конушун айылдын категориясына киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 4/5 токтому кабыл алынган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Башат калктуу конушу райондун борборунан 30 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты - 3551 га. Калктуу конуштагы 488 үйдө 1837 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкү объектилер бар:
- фельдшердик-акушердик пункт, анда 3 киши иштейт;
- орто мектеп, анда 283 окуучу окуйт, 18 мугалим иштейт;
- 2 дүкөн, аларда 6 киши иштейт;
- мончо, анда 3 киши иштейт;
- тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Кара-Башат калктуу конушун айылдын категориясына киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 4/1 токтому кабыл алынган.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Чарбак калктуу конушу райондун борборунан 32 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты - 2297 га. Калктуу конуштагы 276 үйдө 859 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкү объектилер бар:
- 2 дүкөн, аларда 6 киши иштейт;
- тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Чарбак калктуу конушун айылдын категориясына киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 4/4 токтому кабыл алынган.
Аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет, республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшүн тартипке келтирүүгө шарт түзөт, жергиликтүү жамаатка калктуу конуштун туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшү үчүн ички жана тышкы ресурстарды мобилизациялоого, ал эми жергиликтүү жамаатка - өзүнүн конституциялык укуктарын өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги менен чечүүгө мүмкүндүк берет.
Аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо каралган эрежелер менен жол-жоболорго ылайык даярдалган.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2017-жылдын 1-февралындагы жыйынында каралган.
Аталган калктуу конуштар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл макамын алуу үчүн бардык зарыл болгон критерийлерге ылайык келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак, Кара-Башат калктуу конуштарынын элдеринин жыйындарынын чечимдерин, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак, Кара-Башат калктуу конуштарын айылдын категориясына киргизүүгө болот деп эсептейт.