Загрузка документа…
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 673 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" программасы (мындан ары - Программа) келечекте узак мөөнөттүү максаттар жана милдеттер менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өркүндөтүүнүн артыкчылыктарын жана негизги шарттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын негизги стратегиялык багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоону жогорулатуу;
- ветеринардык саламаттык сактоону жакшыртуу.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасын жүзөгө ашыруунун артыкчылыктуу багыттарына жана 2007-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын (мындан ары - ветеринардык кызмат) абалына баа берүү боюнча МЭБ миссиясынын отчётуна, ошондой эле аны өркүндөтүү боюнча рекомендацияларга ылайык иштелип чыккан.
Ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары анын эл аралык уюмдарда мүчөлүгүнүн алкагында, мүчө өлкөлөрдүн аймактарынын бакубаттыгын камсыз кылууга, адамдын жана жаныбарлардын ден соолугун коргоого, дүйнөдө биотүрдүүлүктү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоого чакырылган милдеттенмелерден келип чыгат.
Ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктаган факторлор болуп Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) киргендиги саналат.
ЕАЭБдин алкагында ветеринардык кызмат Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ЕАЭБдин механизмдерин жана стандарттарын ишке киргизүү боюнча зарыл иштерди жүзөгө ашырат.
2. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын ветеринария системасы "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;
- өз компетенциясынын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органын (Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасын);
- мыйзамда белгиленген тартипте ветеринардык ишкердик жүргүзгөн адамдарды.
2017-жылы туруктуу эпизоотиялык бакубаттыкты камсыз кылуу максатында биокаражаттарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен 131 млн. сом каралган. Бул каражаттар жаныбарлардын 9 ылаңына (майда малдын шарп, чума, кой-эчкинин чечек, бруцеллез, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, кургак учук, жылкылардын маңка) каршы вакциналарды жана диагностикумдарды сатып алууга багытталат. Каражаттардын бир бөлүгү лабораториялык диагностикумдар, реактивдер жана тесттер менен камсыз кылууга жумшалат.
МЭБ референс-лабораторияларынын шайкештик сертификаттары менен ырасталган сапаттуу жана жогору натыйжалуу ветеринардык препараттар сатып алынат.
Биопрепараттарды сатып алуу (2015-2016-жж.)
№ | Биопрепараттардын аталыштары | Өлчөө бирдиги | Саны | |
2015-ж. | 2016-ж. | |||
1 | Шарпка каршы вакцина | миң доза | 1600,0 | 4559,0 |
2 | Күйдүргүгө каршы вакцина | миң доза | 1500,0 | 4501,0 |
3 | Кой-эчкинин чечегине каршы вакцина | миң доза | 2000,0 | 7008,0 |
4 | Майда малдын чумасына каршы вакцина | миң доза | 1000,0 | 3500,0 |
5 | Кутурмага каршы вакцина | миң доза | 400,0 | 700,0 |
6 | Туберкулин | миң доза | 400,0 | 900,0 |
7 | Маллеин | миң доза | 50,0 | 50,0 |
8 | Майда малдын бруцеллезуна каршы вакцина (REV 1) | миң доза | 2500,0 | 2500,0 |
9 | Иттерди дегельминтизациялоо үчүн таблетка | миң табл. | 5000,0 | 5000,0 |
| Жыйынтык суммасы (млн. сом) |
| 45,9 | 131,0 |
Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын аймагы шарп, койлордун чечеги, бруцеллез, эхинококкоз жана башкалар сыяктуу жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана өтө жугуштуу ылаңдары боюнча эндемикалуу болуп келген. Соңку 2 жылдын ичинде дурус жылыштарга жана бруцеллез менен ылаңдаган жаныбарлардын ден соолугун оңоо боюнча конкреттүү натыйжаларга жетишилди. Жаңы REV-1 вакцинаны колдонуу менен жүргүзүлгөн натыйжалуу вакцинациялоонун натыйжасында майда малдын арасында бруцеллез 25 эсе, бодо малдын арасында - 2 эсе, ал эми адамдар арасында дээрлик 5 эсе кыскарган. Иттерди каттоо жана идентификациялоо жүргүзүү менен аларды ийгиликтүү дегельминтизациялоонун жыйынтыгы боюнча жаныбарлардын жана адамдардын эхинококкоз менен ооруп калышы кыйла кыскаргандыгын байкоого болот. Эл аралык соодага терс таасир тийгизген майда малдын шарп, койлордун чечеги жана чумасы сыяктуу трансчекаралык ылаңдары соңку 2 жылда катталган эмес.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы эпизоотиялык кырдаал (2010-2016-жж.)
№ | Жылдар | Жагымсыз пункттар | Ылаңдаган малдын саны |
1 | 2010 | 142 | 8222 |
2 | 2011 | 196 | 12848 |
3 | 2012 | 197 | 6014 |
4 | 2013 | 192 | 3242 |
5 | 2014 | 296 | 4187 |
6 | 2015 | 134 | 4074 |
7 | 2016 | 111 | 4545 |
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын каттоо (2011-2016-жж.)
Ылаңдын аталышы | 2011-ж. | 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. |
Шарп | 65 | 27 | 0 | 5 | 0 | 0 |
Кой-эчкинин чечеги | 1 | 1 | 13 | 6 | 1 | 0 |
Күйдүргү | 3 | 1 | 3 | 0 | 7 | 1 |
Кутурма | 79 | 105 | 85 | 60 | 75 | 55 |
ММ бруцеллезу | 0 | 0 | 2 | 3 | 2 | 2 |
Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы тарабынан бүткүл республика боюнча жеке ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдер туруктуу өткөрүлүп турат. "Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу" долбоорунун алкагында "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга карата заманбап мамиле" темасында ветеринардык инспекторлорду окутуу өткөрүлгөн, ага 130 ветеринардык инспектор катышкан.
"JICA" долбоорунун алкагында Японияда 8 мамлекеттик жана жеке ветеринардык адис окуудан өттү. "Азык-түлүк коопсуздугу" Программасынын алкагында КЭРде 25 ветеринардык адис окуудан өттү. 2016-2017-жылдары 2000ден ашык ветеринардык адис малдын ылаңдарына контролдук кылуу программасы боюнча окуудан өтүштү.
Жаныбарларды идентификациялоо жана көз салуу системасын өз убагында киргизүү максатында айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо боюнча 180 машыктыруучулар даярдалып, 3000 ашык ветеринардык врачтар жана операторлор окуудан өтүп, алар менен тийиштүү контракттар түзүлгөн.
Жаныбарларды идентификациялоо процессин тездетүү жана ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кириши боюнча Жол картасынын талаптарын аткарууну камсыз кылуу максатында 28,0 млн. сом суммасында бюджеттик кредит бөлүнгөн жана 716 миң жуп кулак биркалары сатып алынган.
Бодо малды идентификациялоону бүткүл республика боюнча 2017-жылдын акырына чейин аяктоо, 2018-жылдын экинчи кварталынан тартып - жылкыларды жана майда малды идентификациялоого киришүү пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын "Торугарт", "Эркештам", "Достук", мамлекеттик чек араларындагы, "Кара-Суу" темир жол өткөрүү пунктундагы, ошондой эле Ош шаарынын эл аралык аэропортундагы чек ара ветеринардык контролдук пункттарды (мындан ары - ЧВКП) жабдуу максатында ЧВКПны жайгаштыруу үчүн убактылуу модулдук контейнер орнотулган. Зарыл оргтехника (компьютерлер, модемдер, принтерлер ж.б.) менен жабдылган, телефон, факсимилдик байланыш, интернетке жеткиликтүүлүк бар. Ошондой эле ЕАЭБдин талаптарына ЧВКП толук шайкеш келтирилген.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ветеринария жагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдик негизде жеке ветеринардык врачтарга өткөрүп берилген. Жеке ветеринардык врачтар пландуу вакцинация жүргүзүп, дарылап жана идентификациялап, бекитип берилген аймакта эпизоотиялык бакубаттыкты камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат, ветеринардык документтерди жазып берет.
Жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжасында соңку 2 жылдын ичинде республикада жеке ветеринардык адистердин саны 1500дөн (2015-ж.) 2300 кишиден ашуунга (2017-ж.) чейин көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын ветеринардык лабораториялык системасын оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Оптималдаштыруу боюнча иштер аяктагандан кийин иштеп жаткан 28 ветеринардык лабораториянын ичинен 19 лаборатория калат, алардын ичинен Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 лабораториянын улуттук статусу бар.
Талас, Баткен, Балыкчы, Каракол шаарларында 4 зоналык ветеринардык лабораториялардын курулушу жана 12 райондор аралык ветеринардык лабораториялардын ремонту жүрүп жатат. Бул максаттар үчүн республикалык бюджеттен 175 млн. сом бөлүнгөн.
Ремонттук-курулуш иштери жана ветеринардык диагностикалык лабораторияларды жабдуу аяктагандан кийин ветеринардык сыноо лабораторияларын аккредитациялоо жана тамак-аш азыктарынын коопсуздук сапатына баа берүү боюнча ISO/МЭК 17 025:2009 эл аралык стандартына шайкеш келишине аккредитациядан өткөн ветеринардык лабораториялардын аккредитациясын кеңейтүү боюнча иш-чараларды улантуу пландаштырылып жатат.
Ветеринардык көзөмөлгө (контролго) алынган товарларга (жүктөргө) электрондук көз салуу системасын ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын ветеринардык коштоо документтерине электрондук көз салуунун "ИС ЭЛЕК" системасын камсыз кылуу боюнча маалыматтык автоматташтырылган программа иштелип чыккан. Системага ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле ЧВКП кошулган.
Ушул автоматташтырылган маалымат системасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ушундай эле ("Меркурий", "Аргус") системаларына интеграцияланат.
ЕАЭБдин талаптарына ылайык ушул маалымат системасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында контрафакттык продукцияларга каршы күрөшүү үчүн киргизилет, бул ветеринардык коштоо документтерин берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт жана ветеринардык көзөмөлгө (контролго) алынган товарларга (жүктөргө) көз салууга мүмкүндүк берип, Кыргыз Республикасынын продукцияларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспорттоону көбөйтөт.
Республиканын экспорттук потенциалын күчөтүү максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана башка өлкөлөр менен күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын 28 кайра иштетүүчү ишканасы өз продукцияларын Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасынын аймактарына эркин экспорттойт. ЕАЭБдин ишканаларынын жалпы реестрине кошуу үчүн кароого Кыргыз Республикасынын 9 ишканасынын документтери кошумча берилген.
КЭР менен жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат, анын натыйжасында Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга жана Кыргыз Республикасынын мал чарба продукцияларын КЭРге экспорттоону жөнгө салуучу 4 протоколго кол коюлган.
Соңку жылдары Кыргыз Республикасынын ветеринария системасындагы негизги проблемалардын бири Мамлекеттик чек аранын казак-кыргыз участогундагы ветеринардык контролду алып салуу эле.
2016-жылы 21-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйыны өткөрүлүп, анда Кыргыз Республикасынын ветеринардык-санитардык контроль системасын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин системаларына эквиваленттүү катары таануу жана Мамлекеттик чек аранын казак-кыргыз участогундагы ветеринардык контролду алып салуу маселеси каралган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ветеринария системасын таанууну Казакстан Республикасынан тышкары, Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Армения Республикасы жана Евразия экономикалык комиссиясы колдогон.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында эпизоотиялык кырдаал жагымдуу, жаныбарлар менен канаттуулардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары катталган эмес. Республикада эпизоотиялык жагымдуу кырдаалды сактоо максатында пландуу алдын-алуу жана эпизоотияга каршы иш-чаралар туруктуу өткөрүлүп турат.
2. Программанын максаттары жана милдеттери
Ушул Программанын максаты болуп өлкөнүн жаныбарларынын ден соолугунун статусун жана мал чарба азыктарынын коопсуздугун жакшыртуу, ветеринардык ден соолукту жакшыртуу жана мал чарба секторунун атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу саналат, бул ички рынокту жакшылап аныктоого жана Кыргыз Республикасынын мал чарба азыктарынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаныбарлардын ден соолугун адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардан коргоо, эпизоотиялык бакубаттыкты камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын киришинен жана таркашынан коргоо;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктардын, чийки заттардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттун жана тоют кошулмаларынын коопсуздугуна контролдук кылуу;
- жаныбарлардын ылаңдарын диагноздоо жана аларга каршы күрөшүүнүн заманбап, илимий негизделген ыкмаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу;
- эпизоотияга каршы заманбап иш-чараларды жүргүзүү;
- ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү.
3. Программаны ишке ашыруу боюнча чаралар
Ушул Программада ветеринардык кызматтын ишинин сапатын өнүктүрүү (жакшыртуу) үчүн төмөнкүдөй негизги багыттар аныкталган:
Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын өркүндөтүү жана аны ЕАЭБ, МЭБдердин ветеринардык-санитардык талаптары менен шайкеш келтирүү;
- ветеринардык кызматты өркүндөтүү;
- ветеринардык сыноо лабораторияларын оптималдаштыруу жана модернизациялоо;
- ветеринардык көзөмөлдү (контролду) күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- жаныбарлардын ветеринардык коомдук ден соолугун жакшыртуу;
- чарбалардын жогорку санитардык статусунун эсебинен мал чарбасын өнүктүрүүнү колдоо;
- ТТККЧ ыкмасын киргизүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык тамак-аш азыктарын сертификациялоо процессин жакшыртуу;
- ветеринардык дары каражаттарын, тоютту жана тоют кошулмаларын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- жаныбарлар үчүн вакцинанын атайын фондун уюштуруу;
- жаныбарлардын калдыктарын башкаруу;
- жер-жерлерде жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча жумушчу топторду түзүү;
- жеке ветеринардык иштерди жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органын өнүктүрүү.
5. Программага мониторинг жүргүзүү жана баа берүү
Программанын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана баа берүү аны жүзөгө ашыруу прогрессине көз салуунун натыйжалуу каражаты болуп калат, ал ушул Программаны жүзөгө ашыруу планына түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өз убагында чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Бардык кызыкдар болгон тараптар менен макулдашылган Программаны жүзөгө ашыруунун индикатор системасы бар ар жылдык планы ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерин чечүүдө прогресске мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн ажырагыс курамы болуп саналат, ошондой эле ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде мезгил-мезгили менен Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берилет. Ушундай баа берүүнүн жүрүшүндө жетишилген прогресс кылдат талдоого алынат, Программадагы иш-чараларды аткаруудагы "чабал жерлер" жана кемчиликтер табылат. Алынган натыйжалардын негизинде Программанын пландарын жүзөгө ашырууда кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донор жамааттары менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Бардык кызыкдар болгон тараптар менен макулдашылган Программаны жүзөгө ашыруунун индикатор системасы бар ар жылдык планы ушул Программанын алкагында 2023-жылга чейин белгиленген артыкчылыктарды алга илгерилетүүдө прогресске мониторингдин жана баа берүүнүн ажырагыс курамы болуп саналат.
6. Эл аралык кызматташтык
Ветеринардык кызмат көп жылдар бою МЭБ, ФАО, АӨЭФ, ДСУ, JICA, АӨБ, Дүйнөлүк банк жана башкалар сыяктуу эл аралык уюмдар менен ветеринария жана азык-түлүк коопсуздугунун маселелери, атап айтканда, айыл чарба жаныбарларына пландуу вакцинация жүргүзүү үчүн ветеринардык дары каражаттарын, муздаткыч жабдууларды жана транспортту сатып алуу маселелери боюнча тыгыз кызматташып, ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө консультациялык-методикалык жардам көрсөтүп келүүдө. Кызматташтыктын алкагында ветеринария жагында маалыматтар, ченемдик документтер өз ара алмашылып, ошондой эле ветеринардык жана лабораториялык адистерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу, жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган биргелешкен изилдөө иштери, эл аралык конференциялар, семинарлар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
7. Программанын иш-чараларын каржылоо
Программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууну каржылоо булактары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан турат.
8. Корутунду
Ушул Программаны жүзөгө ашыруу ветеринардык кызматка өз милдеттерин эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүүгө, жөнгө салынуучу, туруктуу иштеген жеке ветеринардык секторду жана башка Кыргыз Республикасында ветеринардык ишти уюштурууну өркүндөтүүгө жардам берүүгө жөндөмдүү зарыл көмөкчү компоненттерди түзүүгө жардам берет.
Программанын алкагында 2018-2023-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык максаттарына шайкеш келген долбоорлор жүзөгө ашырылат. Долбоордук мамиле конкреттүү натыйжаларга жетишүүнү, мониторинг жүргүзүп жана баа берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Программаны жүзөгө ашыруу ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
Программа ветеринария жана тамак-аш коопсуздугу жагында төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталган:
- жаныбарлардын ден соолугун коргоонун жагымдуулугун жогорулатуу, өлкөдө мал чарбасын, анын ичинде асыл тукум малды өнүктүрүү;
- жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарын эл аралык стандарттарга ылайык сертификациялоо;
- МЭБдин Жер бетинде жашаган жаныбарлардын ден соолук кодексинин жоболоруна ылайык жаныбарлардын көп учураган ылаңдары боюнча Кыргыз Республикасында өзгөчө зоосанитардык статус алуу жана колдоо;
- КЭРдин, Жакынкы Чыгыш жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн азык-түлүк базарларына чыгуу, бул Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын эл аралык талаптарга жана стандарттарга шайкеш келтирүү;
- ветеринардык сыноо лабораторияларын аккредитациялоо;
- ветеринардык сыноо лабораторияларын заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдуу;
- лабораториялык кызматкерлердин жана ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү ишканаларында ТТККЧ системасын пайдалануу;
- ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттун жана тоют кошулмаларынын бирдиктүү реестрин түзүү;
- жаныбарлар үчүн вакциналардын атайын фондун түзүү;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органынын жана жеке ветеринардык иштин статусун жана маанисин жогорулатуу.
Кыскартуулардын тизмеси:
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы; |
МЭБ | - | Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюм (МЭБ); |
ФАО | - | ООНдун азык-түлүк жана айыл чарба уюму; |
АӨЭФ | - | Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду; |
ДСУ | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму; |
JICA | - | Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги; |
АӨБ | - | Азия өнүктүрүү банкы; |
ТТККЧ | - | тобокелдиктерди талдоо жана кескин контролдук чекиттер (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP). |