Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-октябры № 673
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" программасы
Адам менен жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калкты коргоо, жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ылаңдарын алдын алуу жана жок кылуу, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган тамак-аш продуктуларынын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүү" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, 10-июлга жана 10-январга карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Программаны жана анын иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, 20-июлга жана 20-январга карата, Программада жана анын Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүүнүн" 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Ишке ашыруу формасы | Күтүлүүчү натыйжалар | Индикатор | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
1. Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарын сертификациялоо процессин жакшыртуу | |||||||
1.1 | Жаныбарлардын ден соолугу жана жаныбарлардан алынган продуктулардын коопсуздугу жагында эл аралык стандарттарды колдонууга ченемдик укуктук база түзүү | Жумушчу топту түзүү; ченемдик укуктук базаны талдоо; ЧУА иштеп чыгуу жана бекитүү | ЧУА МЭБ стандарттарына, Алиментариус кодексине, анын ичинде ББ ТР жоболоруна жана ТТККЧ принциптерине ылайык келет | Эл аралык стандарттарга жооп берген ЧУА саны 50%дан ашат | АЧТММ, Ветфитосанинспекция | 2018-2019-жылдар | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
1.2 | Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн "мал короодон дасторконго чейинки" бардык этаптарында ветеринардык көзөмөл (контроль) жол-жоболорунда опурталдарга баа берүү критерийлерин киргизүү | Талаптагыдай гигиеналык практика боюнча эл аралык стандарттардын негизинде рыноктун жана контроль системасынын операторлорунун ар бир категориясы үчүн талаптарды иштеп чыгуу; опурталдарга баа берүүнүн негизинде башкаруу жана көзөмөлдөө ыкмаларын киргизүү; кызматкерлерди окутуу | Ветеринардык көзөмөл (контроль) опурталдарга баа берүүнүн (ТТККЧ) негизинде тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн "мал короодон дасторконго чейинки" бардык этаптарында жүргүзүлөт | Опурталдарга баа берүү Текшерүүлөрдүн планына ылайык жүргүзүлөт | Ветфитосанинспекция | 2018-2023-жылдар | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
1.3 | Ветеринардык адистердин компетенцияларын эл аралык таанууга жетишүү максатында билим берүү программаларын жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларын жакшыртуу | Окуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | Ветеринардык адистерди даярдоо боюнча окуу программалары эл аралык деңгээлге ылайык келет (МЭБ стандарттары) | МЭБ стандарттарына жооп берген окуу программаларынын болушу | ВП, КУАУ, АЧТММ, Ветфитосанинспекция | 2018-2023-жылдар | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
1.4 | Жаныбарларды идентификациялоонун жана жаныбарлардан алынуучу продуктулардын экспортун көзөмөлдөөнүн бирдиктүү системасын киргизүү | Электрондук маалыматтар базасын түзүү; ИММ жана МММ санын идентификациялоо; малдын (ИММ жана МММ) жана мал чарба продукцияларынын кыймылын "МИКС" системасын пайдалануу менен контролдоо | Малды идентификациялоо жана көз салуунун жана ветеринардык сертификациялоонун интеграцияланган маалымат системасын тартылган баардык тараптар колдонушат | "СИОЖ", "ИС ЭЛЕК" маалыматтык системаларынын болушу | Ветфитосанинспекция, АЧТММ | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында, ЕАЭБдин алкагында РФ финансылык каражаттары жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
1.5 | Жер-жерлерде биологиялык коопсуздук чараларынын негизинде зоналардын жана компартаменттердин ветеринардык статусун ырастоо жол-жоболорун жана баа берүү практикасын киргизүү | МЭБ рекомендацияларын жатыктыруу; биокоопсуздук боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү; ЖӨБ органдарын тартуу менен үй чарбалардын деңгээлинде малдын ден соолугунун абалын контролдоо | Малды өстүрүү этабында биологиялык коопсуздук талаптары сакталат | Биологиялык коопсуздукту сактоо боюнча ветеринардык статус менен ырасталган үй чарбалардын жана фермалардын саны жыл сайын 10%га өсөт | Ветфитосанинспекция, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Дайыма | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
2. Чек арадагы ветеринардык өткөрүү пункттарынын жана ички стационардык посттордун структурасын жана тармактарын оптималдаштыруу | |||||||
2.1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде өтүп жаткан жүк (товар) жана жаныбарларга ветеринардык контролду оптималдаштыруу | Жумушчу топ түзүү; эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү; ветеринардык кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө рекомендацияларды даярдоо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Өтүп жаткан жүк (товар) жана жаныбарларга ветеринардык контроль ЕАЭБ, МЭБ талаптарына жана Алиментариус кодексине ылайык келет | Көзөмөл алдындагы жүк (товар) жана жаныбарларды ташууда ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу фактылары 35%га азаят | Ветфитосанинспекция, МЧК, МБК | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
2.2 | ЧВКП жана ИСП адистештирүү | ЧВКП жана ИСП иштерин талдоо; адистештирилген ЧВКП жана ИСП тизмесин даярдоо жана бекитүү | ЧВКП жана ИСП багыттар боюнча адистештирилген | Оптималдаштырылган ЧВКП жана ИСП саны 100%га адистештирилген | Ветфитосанинспекция | 2020-жылдын августу | ЕАЭБдин алкагында РФ жана КзР финансылык каражаттары |
3. Соодадагы өнөктөр менен маалымат алмашуу жагындагы потенциалды жакшыртуу | |||||||
3.1 | Соодалык өнөктөрдү электрондук кабарлоо системасын киргизүү | "РАДИС" жана "НАДИС" ветеринардык отчёттуулуктун маалыматтык системасын интеграциялоо; соодалык өнөктөрдү кабарлоо боюнча ветеринардык кызматтын ички регламентин бекитүү | Соода өнөктөрү менен маалымат алмашуу маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт | Соодалык өнөктөрдү кабарлоо автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт | Ветфитосанинспекция | 2018-жылдын декабры | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
4. Асыл тукум чарбалардын ветеринардык-санитардык абалын жакшыртуу | |||||||
4.1 | Асыл тукум мал чарбалардын ветеринардык-санитардык абалын жакшыртуу | Асыл тукум материалдын (тирүү жаныбарлар, уруктук материалдар) коопсуздугун аларды иштетүү стадиясында камсыз кылуу маселеси боюнча ЧУА иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү; асыл тукум жаныбарларды жана уруктук материалдарды жүгүртүүгө карата талаптардын аткарылышын камсыз кылуу | Асыл тукум жаныбарлардын багылышынын жогорку деңгээлине жетишүү | Асыл тукум жаныбарлардын ылаңдашын 40%га азайтуу | АЧТММ, Ветфитосанинспекция, КУАУ, ЖМА | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
4.2 | Мал чарбачылыгында биологиялык коопсуздук чараларын көрүү | Мал чарбачылыгында талаптагыдай гигиеналык практика боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана практикага киргизүү | Мал чарбачылыгына биологиялык коопсуздук боюнча чаралардын жол-жоболору киргизилген | Биологиялык коопсуздук боюнча чараларды киргизген мал чарбалардын саны (80 ферма) | Ветфитосанинспекция, ВДЭБ, АЧТММ | 2018-2023-жылдар | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
5. Жаныбарлардан алынуучу азыктардын коопсуздугун арттыруу | |||||||
5.1 | Кушканаларга ветеринардык-санитардык көзөмөлдү (контролду) өркүндөтүү | Кушканалардын (касап аянттардын) инфраструктурасын жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү; союлган азыктарга ветеринардык-санитардык экспертизанын (ВСЭ) натыйжаларын мониторингдөө боюнча ЧУА иштеп чыгуу жана бекитүү | Кийин сатып өткөрүү үчүн айыл чарба жаныбарларын королордо союуга тыюу салынган жана алар атайын кушканаларда союлат | Айыл чарба жаныбарларын союуда ветеринардык-санитардык талаптарды бузуулардын саны 50%га азайтылган | Ветфитосанинспекция, ЖМА | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
5.2 | Тамак-аш тизмегинин операторлорунун ар бир категориясы үчүн ветеринардык-санитардык талаптарды этап боюнча киргизүү | Тамак-аш тизмегинин операторлорунун ар бир категориясы үчүн талаптар бекитилген; лабораториялык сыноолордун натыйжалары боюнча контролдук кылуу жол-жоболорунун жана отчеттуулук системаларынын протоколдору бекитилген; тамак-аш тизмегинин операторлорунун ветеринардык-санитардык талаптарды аткарышын контролдоо системасы киргизилген | Тамак-аш тизмегинин бардык этаптары жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугуна карата талаптарды камтыйт | Жаныбарлардан алынуучу азыктардын коопсуздугунун параметрлери ЧУА менен жөнгө салынган | Ветфитосанинспекция, АЧТММ | 2021-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
5.3 | Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү тизмегине тартылган операторлордун жоопкерчилик принциптерин киргизүү | Тамак-аш тизмегинин операторлорунун жоопкерчилигин аныктаган ЧУА инвентаризациялоо жана иштеп чыгуу | Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү тизмегине тартылган операторлордун жоопкерчилигин жогорулатуу | Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү тизмегине тартылган операторлорго карата чаралардын болушу | АЧТММ, Ветфитосанинспекция | 2019-жылдын октябры | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
6. Ветеринардык дары каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын талаптагыдай (сарамжалдуу) пайдаланууну камсыз кылуу | |||||||
6.1 | Ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугун контролдоо программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү; Программаны иштеп чыгуу; Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу | Ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын реестри түзүлгөн, аларды сертификациялоо жана каттоо жол-жоболору жакшыртылган | Жүгүртүүдөгү ветеринардык дары каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары Бирдиктүү реестрге киргизилген | АЧТММ, Ветфитосанинспекция | 2019-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
6.2 | Ветеринардык дары каражаттарын чекене сатууну жөнгө салууну жакшыртуу | Ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу боюнча нускамаларды (жоболорду) иштеп чыгуу жана бекитүү; ветеринардык көзөмөлдү (контролду) күчөтүү | Ветеринардык дары каражаттарын чекене сатуу МЭБ рекомендациялары менен жөнгө салынат | Ветеринардык дары каражаттарын сатып өткөрүү боюнча ченемдерди бузуулардын саны 60%га азайган | Ветфитосанинспекция, АЧТММ | 2021-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
6.3 | Микробго каршы препараттарга туруктуулуктун алдын-алуу боюнча программаны жүзөгө ашыруу | Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктары аркылуу микробдорго препараттарга туруктуулуктун алдын-алуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана бекитүү; Жаныбарлар үчүн микробдорго каршы препараттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жаныбарлардан алынуучу азыктардагы калдыктарын контролдоо аркылуу Программаны жүзөгө ашыруу | Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктары аркылуу адамдарда антибиотиктерге карата резистенттүүлүктүн жаралуу тобокели азайган | Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарында микробго каршы препараттардын калдыктарынын аныкталуу фактылары 20%га азайган | Ветфитосанинспекция, АЧТММ, ССМ | 2019-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
6.4 | Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүгө тартылган мамлекеттик органдарды координациялоо механизмин киргизүү | Ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү контролдоо боюнча иш-чаралардын ведомстволор аралык планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Санкцияланбаган ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүгө жол бербөө боюнча иш-чараларды координациялоо | Коркунучтуу ветеринардык дары каражаттарын өлкөнүн аймагында жүгүртүү фактыларынын саны 20%га азайган | Ветфитосанинспекция, АЧТММ, ИИМ, ССМ, ЭККМК, МБК | 2019-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
7. Жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу стратегиясы | |||||||
7.1 | Шарпка каршы чара көрүү боюнча стратегиялык пландын натыйжаларына жетишүү | Малдын шарп ылаңынын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдоо; шарптын вирусунун элиминациясын контролдоо; нөлдүк циркуляцияны жана капыстан кирүүнү колдоо; вакцинациялоо менен республикага шарптан таза аймактын расмий статусун берүү үчүн МЭБге кайрылуу | Шарптын жугушунун жана таркашынын опурталы азайган | Малдын шарп ылаңы 30%га азайган | Ветфитосанинспекция | 2018-2020-жылдар | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
7.2 | Чуманын келип чыгышына жана таркашына каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык пландын иш-чараларынын натыйжаларына жетишүү | Учурдагы абалга квалификациялуу баа берүү; ММ вакцинациялоо планын иштеп чыгуу; Малды системалуу пландуу вакцинациялоону камсыз кылуу; Эндемиялык жана коркунуч келтирген райондордо малды вакцинациялоонун натыйжалуулугун контролдоо | ММ чума боюнча эпизоотиялык жагдайы жакшырган жана турукташкан | Серологиялык скринингдин негизинде жыл сайынкы эпидкөзөмөлдүн натыйжалары боюнча ММ чумасынын антителолорунун болушу кандын үлгүлөрүндө оң чыккан тест 5%дан ашпайт | Ветфитосанинспекция | 2020-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
7.3 | Бруцеллезго каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык пландын иш-чараларынын натыйжаларына жетишүү | Малды вакцинациялоо; БМ серологиялык тестирлөө; жылкылардын арасында бруцеллездун таркашына талдоо жасоо; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү | Бруцеллез боюнча эпизоотиялык жагдайы жакшырган жана турукташкан | Малдын бруцеллез менен ылаңдашынын деңгээли 4,6%дан 0,8%га чейин азайган | Ветфитосанинспекция, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | 2020-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
7.4 | Эхинококкозго каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык пландын иш-чараларынын натыйжаларына жетишүү | Малдын зооноздук ылаңдары боюнча республикалык комиссияны түзүү; малдын ден соолугунун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүү; иттерди жыл сайын төрт жолудан дегельминтизациялоо; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу союлган инвазирленген азыктарды сатып алуу схемасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Адамдар арасында эхинококкоз менен ооруп калуунун көбөйүшү токтотулган, калктын ден соолугунун начарлашынын орточо мөөнөттүк тенденциясы азайган | Адамдардын кисталык жана альвео эхинококкозду жуктуруу учурларынын саны жылына катталган 1000 учурдан ашпайт | Ветфитосанинспекция, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | 2020-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
7.5 | Ветеринардык кызматтын региондук бөлүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу | Материалдык-техникалык базаны инвентаризациялоо жана ветеринардык кызматтын региондук бөлүмдөрүнүн кадрдык потенциалына баа берүү; зарыл каражаттар жана жабдуулар менен жабдуу; Кызматкерлерди окутуу | Тейленүүчү аймактарда эпизоотиялык ветеринардык-санитардык жакшы абал камсыз кылынат | Эпизоотиялык кырдаалдын жана ветеринардык-санитардык коопсуздуктун негизги көрсөткүчтөрү пландык көрсөткүчтөрдүн алкагында | Ветфитосанинспекция | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
7.6 | Жаныбарлар үчүн вакциналардын резервдик фондун түзүү | Жаныбарлардын өтө жугуштуу ылаңдарынын чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн локализациялоо үчүн малды аргасыз вакцинациялоодо дозалардын санын аныктоо; жаныбарлар үчүн вакциналардын резервдик фондун түзүү жана анын сакталышын камсыз кылуу | Ветеринардык кызматта жаныбарлардын өтө жугуштуу ылаңдарынын чыгып кетүү учурларына биологиялык дары каражаттарынын запастары бар | Жаныбарлар үчүн вакциналардын резервдик фонду малдын кеминде 3 артыкчылыктуу ылаңдарынын чыгышында вакциналардын зарыл саны менен камсыз кылат | Ветфитосанинспекция | Дайыма | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
8. Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча жумушчу топту түзүү жана уюштуруу | |||||||
8.1 | Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча жумушчу топту түзүү (ЖССКЖТ) | Жеке ветеринардык практиканы аркалагандарга малдын ээлерин мобилизациялоо; ЖССКЖТ уюштурууда демилгелүү топторго көмөк көрсөтүү; малдын ылаңына каршы аракеттенүү боюнча жүзөгө ашырылган программалар жөнүндө ЖССКЖТ маалымдоо; ЖССКЖТ ишине катышкан фермерлерге кошумча дем берүүчү кызматтарды көрсөтүү | Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча программаны жүзөгө ашыруунун улуттук потенциалы малдын ээлерине көмөк көрсөтүү аркылуу жакшырган | ЖССКЖТ офистери уюштурулган жана республиканын кеминде 4 облусунда фермерлер үчүн жеткиликтүү | Ветфитосанинспекция, АЧТММ, ССМ, ЖМА | 2019-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
8.2 | Жаныбарлардын ылаңдарын жоюу боюнча программанын алкагында компенсациялык иш-чаралар үчүн атайын фондду түзүү жана тескөө | Компенсациянын көлөмүнө баа берүү; Атайын фонддорду тескөө боюнча регламенттеген документтерди иштеп чыгуу; Фондду түзүү | Малды санитардык союу же товарларды жок кылуу талап кылынган шашылыш учурларда ветеринардык чаралардын натыйжалуулугу жогорулатылган | Жаныбарлардын ылаңдарына каршы аракеттенүү боюнча стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү ЭКИ дал келет | Ветфитосанинспекция | 2019-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
8.3 | Мал чарбачылыгынын калдыктарын башкаруу системасын өнүктүрүү | Калдыктар боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү жакшыртуу документтерин иштеп чыгуу; күйдүргү боюнча жагымсыз пункттар көчмө крематорийлер менен камсыздалган; Айылдык аймактар Беккари чуңкурлары менен камсыз болгон; маалыматтык кампанияны жүргүзүү | Мал чарбачылыгынын калдыктарын (кык, малдын өлүгү, ветеринардык материалдардын жана союлган малдын калдыктары) башкаруу оорулардын таркашын жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасирлерин болтурбайт | Мал чарбасынын калдыктары аркылуу жугуштуу оорулардын таркашынын фактысы 50%га азайган | Ветфитосанинспекция, министрликтер жана ведомстволор, ЖМА | 2019-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
9. Ветеринардык сыноо лабораторияларын өнүктүрүү стратегиясы | |||||||
9.1 | Ветеринардык сыноо лабораторияларын өнүктүрүү | Мамлекеттик ветеринардык лабораторияларды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү; мамлекеттик ветеринардык лабораторияларды даярдоо жана аккредитациялоо | Ветеринардык сыноо лабораториялары (бөлүмдөр) Бажы бирлигинин сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген | Аккредитацияланган ветеринардык сыноо лабораториялардын (бөлүмдөрдүн) саны (5 даана) | Ветфитосанинспекция, ВДЭБ, ЭМ, КАБ | 2022-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
9.2 | Ветеринардык лабораториялардын адистеринин потенциалын жогорулатуу | Ветеринардык лабораториялардын адистерин даярдоо жана окутуу программаларын макулдашуу; лабораториялык адистерди окутуу | Ветеринардык лабораториялардын адистери жаңы лабораториялык жабдуулар менен иштөөгө окутулган | Ветеринардык лабораториялардын сертификацияланган адистеринин саны (60 адис) | Ветфитосанинспекция, ВДЭБ | 2021-жылга чейин | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
10. Ветеринардык кызматты башкарууну өнүктүрүү стратегиясы | |||||||
10.1 | Ветеринария жаатында бирдиктүү маалымат системасын ишке киргизүү | Ветеринария жаатында колдонуудагы маалымат системаларынын жалпы архитектурасын түзүү; программалык камсыздоону бирдиктүү системага интеграциялоо; маалымат системасын башкаруу боюнча регламенттөөчү документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү | Ветеринардык отчёт берүү жана документ жүгүртүү электрондук форматта жүргүзүлөт | Ветеринариянын секторлорунун (багыттарынын) ортосундагы документ жүгүртүү бирдиктүү маалымат системасы боюнча жүргүзүлөт (80%) | Ветфитосанинспекция, АЧТММ, МТБМК | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
10.2 | Тобокелдиктерди талдоого баа берүү боюнча МЭБ аспаптарын киргизүү | Тамак-аш жана ветеринардык тобокелдиктерди талдоого баа берүү боюнча бөлүмдү түзүү; бөлүмдүн кызматкерлерин окутуу; ветеринардык тобокелдиктерге баа берүү боюнча МЭБ аспаптарын киргизүү | Ветеринардык көзөмөл (контроль) тобокелдиктерди талдоонун негизинде жүргүзүлөт | Жаныбарлар арасында зооноздук ылаңдардын жана мал чарба азыктарында алардын табылган козгогучтарынын саны 30%га азайган | Ветфитосанинспекция | Март 2019-жыл | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
10.3 | Ветеринариянын укуктук системасын жакшыртуу | Ветеринария жаатында ЧУА инвентаризациялоо жана талдоо; ЧУА долбоорлорун даярдоо | Укуктук система баланстуу жана системалуу түзүлгөн, талаптарга жана заманбап чакырыктарга жооп берет | Ветеринария жаатында бекитилген ЧУА саны (10) | АЧТММ, Ветфитосанинспекция | 2018-2020-жылдары | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында |
10.4 | Жакшыртылган окуу программасы, анын ичинде "1 күндүк компетенция" курсуна ылайык ветеринардык врачтардын санын жетиштүү өлчөмдө даярдоо | Жылына ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрүнө болгон муктаждыкты аныктоо; КУАУ ветеринардык факультетинин эл аралык билим берүү стандарттарына шайкеш келе тургандыгын Ветеринардык билим берүү мекемелеринин Европа ассоциациясы тарабынан таанылгандыгына жетишүү; окуу программасын жакшыртуу | Ветеринардык факультеттердин окуу программалары МЭБ аныктаган бир күндүн компетенциясын эске алуу менен жана жаңы сабактарды (эпидемиология, тобокелдиктерди талдоо) кошуу менен иштелип чыккан | Жакшыртылган окуу программасы боюнча окуган ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн саны жыл сайын 10%га көбөйөт | КУАУ, Ветфитосанинспекция, АЧТММ | 2018-2023-жылдары | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
10.5 | КУАУнун ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин клиникалык базасын чыңдоо | Жабдууларды, изилдөөнү жакшыртуу; окуу программаларын жакшыртуу | КУАУнун ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин клиникалык базасы чыңдалган | Жабдуулардын жана окуу программаларынын болушу | КУАУ, Ветфитосанинспекция, АЧТММ | Дайыма | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
10.6 | Ветеринардык врачтардын квалификациясын жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз билим берүү программасын иштеп чыгуу | Ветеринардык кызматтын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу планын түзүү; Ветеринария жаатында эмгек рыногунун муктаждыгын талдоо менен окуу модулу иштелип чыккан; Ветеринардык адистерди аларды тестирлөөнүн негизинде каттоо | Ветеринардык адистердин квалификациясын, анын ичинде өндүрүштөн ажыратылбай жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар | ВП Реестринде катталган ветеринардык адистердин саны жыл сайын 20%га көбөйөт | ВП, КУАУ, Ветфитосанинспекция | Дайыма | Эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
10.7 | Жеке ветеринардык практикалык ишти жөнгө салуу | Жеке ветеринардык врачтардын ишине кылдат талдоо жүргүзүү; мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жеке ветеринардык врачтардын санын көбөйтүү; расмий иш-чараларга тартылган жеке практикалык ишти аркалаган ветеринарлардын ишин контролдоо | Мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жеке ветеринардык адистердин ортосунда атаандашуу жогорулатылган | Айыл аймактарынын деңгээлинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жеке ветеринарлардын саны (2-3 киши) | ВП, Ветфитосанинспекция | 2021-жылга чейин | Тийиштүү жылдарга бекитилген бюджеттин алкагында жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
МГБМК | - | Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
Ветфитосанинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
ВДЭБ | - | Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору; |
КАБ | - | Кыргыз аккредитациялоо борбору; |
ВП | - | Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы; |
КУАУ | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; |
МЭБ | - | жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюму (МЭБ); |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги; |
РФ | - | Россия Федерациясы; |
КзР | - | Казакстан Республикасы; |
Кодекс Алиментариус - Алиментариус кодекси | - | Азык-түлүк кодекси (лат. CodexAlimentarius); |
ХАССП | - | Тобокелдиктерди талдоо жана кескин контролдук чекиттер (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP); |
МИКС | - | малды идентификациялоо жана көз салуу системасы; |
ЭКИ | - | эпизоотияга каршы иш-чара; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт; |
ББ ТР | - | Бажы бирлигинин техникалык регламенти; |
БМС | - | бодо мал; |
ММ | - | майда мал; |
ЧВКП | - | чек арадагы ветеринардык контролдоо пункту; |
ИСП | - | ички стационардык пост; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация. |