Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-сентябры № 158/XXII-27
Кочкорбаев айыл аймагында “Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө” нускаманы жана “Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл аймагындагы Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөөнүн жана ижарага берүү тартибинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында,
Кочкорбаев айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагында “Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө” нускама №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кочкорбаев айыл аймагында муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүно бул токтомду аткаруу, нускаманын жана Жобонун негизинде иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
|
А. Албекенов |