Загрузка документа…
| Кочкорбаев айыл кенеши менен 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 158/XXII-27 токтому менен бекитилген |
Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө НУСКАМА
(1. Муниципалдык мүлк ижарага түз берилген учурда мамлекеттик турак-жай эмес имараттарын, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аа.ак. = Баз.ст. х S х К1 х К2 х К3 х К4 + Аж,
мында:
Аа.ак.- бир айлык ижара акысынын өлчөмү;
Баз.ст. - 1 кв.м, үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;
К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти;
К4 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.
Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.
б) К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициентинин мааниси:
Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) жайгашкан жери | К1 мааниси |
республиканын калган региондору | 1 |
в) К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициентинин мааниси:
- канааттандыраарлык - капиталдык ремонт талап кылынат - 1;
- канааттандыраарлык - косметикалык ремонт талап кылынат - 1,1;
- жакшы - (ремонт талап кылынбайт) - 1,2.
г) К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти:
- суу түтүгүнүн, ысык суунун, борбордук жылытуунун болушу - 1,3;
- суу түтүгүнүн, борбордук жылытуунун болушу - 1,2;
- суу түтүгүнүн болушу - 1,1;
- техникалык жабдуусу жок - 1.
д) К4 - пайдалануунун тармактык коэффициентинин мааниси:
| Курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануунун максаты | К4 мааниси |
1 | Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, алмаштыруу банкы, күрөөкана, банк кызматтары, көчмө касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама орнотуу, телекоммуникациялар үчүн антенна жана жабдуу орнотуу | 1,5 |
2 | Өндүрүш жана башка өндүрүш боюнча кызматтары | 1,4 |
3 | Дүкөн, ларек, дарыкана, спорттук ден-соолук кызматтары, медициналык кызматтар, фитобар | 1,3 |
4 | Офис | 1,2 |
5 | Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач-тарач, сулуулук салон, кийим оңдоо, жаңы үйлөнгөндөргө салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, копировалдык кызматтар, сүрөт кызматтар, автотранспортту оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн курулмалар жана жайлар, автоунаа токтотуу жайы, гараж, автозаправка станциясы | 1,1 |
6 | Тигүү цехи, склад | 0,8 |
7 | Ашкана, буфет, сатуу точка, билим берүү борбор, китепкана, балдар-өспүрүмдөр өнөрчүлүгү студиясы, көркөм кружоктор, спорт секциялар жана башка маданият жана спорт объекттер | 0,7 |
10 | Башкалар | 1 |
Эскертүү: 1. Эгерде ижарага берилүүчү жай көчөнү бойлото жайгашса жана өз алдынча кирип/чыгууга ээ болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат. 2. Эгерде ижарага берилүүчү жай подвал, чатыр жана цоколдук кабатта жайгашкан болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат. 3. Эгерде ашкана же буфет ижарага алынган жай жайгашкан имараттагы мамлекеттик органдын кызматчыларын тейлөө мезгилинде гана иштесе, анда колдонулуучу К4 коэффициентинен 0,2 алып салынат | ||
е) Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасыгын Салык кодексине ылайык эсептелет. Жер участогун пайдалануу үчүн акы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Аж = С х S х Ки х К1 х К2,
мында:
С - айыл чарбалык эмес багыттагы жерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы;
S - ижарага алуучу пайдаланып жаткан жер участогунун аянты. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет: жер участогунун аянты имараттын жалпы аянтына бөлүнөт жана ижарага берилүүчү аянтка көбөйтүлөт;
Ки - инфляция коэффициенти;
К1 - экономикалык-пландаштыруу зоналарынын коэффициенти;
К2 - коммерциялык пайдалануу коэффициенти.
Айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана жер салыгын дифференциялоо үчүн коэффициенттер мыйзамда белгиленгенге ылайык кабыл алынат.
Ижара акысынын чоңдугуна имаратты эксплуатациялоо жана имараттарды жана жайларды утурумдук ремонттоо боюнча чыгымдар, жылытууга, коммуналдык кызматтарга жана башка кызматтарга чыгымдар кирбейт.
Тараптардын ортосунда ижара акысынын өлчөмү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашылган эсептөө жок болсо, ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет.
2. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталган, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү (ижаранын старттык өлчөмү) жана конкурсту өткөрүүдө жарыялануучу, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын өлчөмү (ижаранын минималдык өлчөмү) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
СА = Баз.ст. x S x K1 x K2 x К3,
мында:
СА - бир айлык ижара акысынын старттык чоңдугу;
Баз.ст. - имараттын (жайдын) 1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;
S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;
К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;
К2 - имараттын техникалык абалынын коэффициенти;
К3 - жайдын техникалык жабдылышынын коэффициенти.
Эсептөөдө колдонулуучу ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:
а) Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.
б) К1, К2 жана К3 мааниси ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.
в) Муницыпалдык мүлктү ижарага аукцион жана конкурс өткөрүү жолу менен берген учурда, Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы тооруктардын жыйынтыгында аныкталган бир айлык ижара акынын көлөмүнө кошулат.
Аж - ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.