Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22 октябры № 1
Муниципалитеттер арасындакызматташуу жобосун бекитүү жөнүндө
Достук айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Достук айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бекибаевдин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасында кызматташып иш алып баруу үчүн эки тараптуу кызматташуу жобосу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маселелерин жакшыртуу максатында муниципалитеттер арасындагы кызматташуу жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин .
1. Бул токтомдун массалык малымат булактарына жарыяланышы жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин
3. Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Мансиркулов |
Тиркеме №1
БЕКИТИЛДИ
Достук айылдык кеңешинин
2020-жылдын 22-октябрындагы
XXVII чакырылышынын кезексиз
XXXV сессиясынын №1 токтому менен
Муниципалдык кызматташуу жөнүндө
ЖОБО
“Өз алдынча башкаруунун органдары” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иштелип чыккан, Достук жана Бүргөндү а/а жергиликтүү уюмунун Уставдары, Достук а/а жана Бүргөндү а/а муниципалдык мекемелер аралык кызматташуусу боюнча калдыктарды ташуу жумуштарды ишке ашыруу боюнча эрежелерин аныктайт.
Берене 1. Муниципалдык кызматташуунун укуктук негиздери:
Муниципалдык кызматташуу КР Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка укуктук-нормативдик актыларына, Достук жана Бүргөндү айыл аймактарынын укуктук-нормативдик актыларына, ушул тиркемеге, Достук жана Бүргөндү а/анын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Берене 2. Муниципалдык кызматташуунун максаттары:
Муниципалдык кызматташуу төмөндөгү максаттар менен жүргүзүлөт:
- Достук жана Бүргөндү а/а өз алдынча башкаруунун органдарынын жергиликтүү мааниге ээ суроолор боюнча калдыктарды башкарууну уюштуруп берүү.
- Жалпы айыл аймактардын кызыкчылыктарын коргоо жана көздөө.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
-Социалдык-экономикалык, соода-сатык, илимий-техникалык, маданий, гуманитардык кызматташуусуна, ошондой эле калдыктарды башкаруу, таза суу менен камсыз кылуу, экология, жаштар саясаты, туризм жана спорт жаатындагы кызматташуулардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
-башка максаттарда каралат.
Берене 3. Муниципалдык кызматташуунун формалары:
Муниципалдык кызматташуунун формалары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
-Муниципалдык келишимдерде, макулдашууларда катышуу. (келишим түзүү же түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга кошулуу).
-биргелешкен проектилерди жана социалдык-экономикалык, экологиялык-укуктук, илимий жана кадрдык мүнөзгө ээ программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
-өз ара аракеттешүүнүн башка формалары,
Берене 4. Достук жана Бүргөндү айыл аймактарынын муниципалдык кызматташуусун уюштурууда катышуусунун эрежелери:
Өндүрүштүк кызыкчылыктарды, материалдык жана башка ресурстарды бириктируу максатында; калдыктарды башкаруу боюнча жергиликтүү мааниге ээ маселелерди чечүү үчүн өндүрүштү башкарууда укуктуу өкүл деп Жалал-Абад областык Достук айыл аймагы жана Бүргөндү айыл аймагынын “Достук Тазалык” Муниципалдык ишканасы деп эсептөө.
КР мыйзамдарына жана жергиликтүү Достук жана Бүргөндү айыл аймагынын чечимдерине ылайык башка маселелерде муниципалдык бирикмелер, чарба коомдору жана башка муниципалдык уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
Эки аймактын МК чечимине ылайык аймактардын башчыларынын муниципалдык кызматташуусун уюштуруу.
-Муниципалдык кызматташууну уюштурууда аймактардын кызыкчылыктарын көрсөтүшөт.
-Аймактардын атынан муниципалдык кызматташуудагы уюштуруу документтерине кол коюшат.
-Муниципалдык кызматташууну уюштурууда мыйзам чыгаруучулук жана уюштуруу документтеринде белгиленгендей башка ыйгарым укуктарды жүргүзүшөт.
Жергиликтүү коомдун Уставына ылайык муниципалдык кызматташуунун уюмунан чыгуу чечимин аймактардын жергиликтүү кеңештери (чыгарат) кабыл алат.
Муниципалдык кызматташуунун уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын ыйгарым укуктарына ээ боло алышпайт.
Берене 5. Муниципалдык кызматташуу жөнүндөгү келишимдерди жана макулдашууларды түзүү:
Аймактардын атынан аймактардын башчылары аймактар арасындагы калдыктарды башкаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим түзүшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу-тескөөчү органдарынын уюштурулушунда жана биригүүсүндө аймак башчылары аймак администрациясын көрсөтүшөт.
Берене 6.
Муниципалдык кызматташууну уюштуруу жана АО уюштуруу документтеринде каралган мүчөлүк жана башка төлөмдөр, аймактардын катышуусу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Муниципалдык кызматташууда өз алдынча башкаруунун органдарынын катышуусуна байланыштуу чыгымдарды каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Берене 7.
Эл аралык кызматташууда жана сырткы экономикалык байланыштарда катышуу.
Аймактардын өз алдынча башкаруунун органдары КРнын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана сырткы экономикалык байланыштарды ишке ашырууга акылуу.
Жактардын колдору:
Достук айыл аймагынын Достук айылдык кенешинин төрагасы
__________Э.Мансиркулов (Ф.И.О) “___”___________2020 ж. | Бүргөндү айыл аймагынын Бүргөндү айылдык кенешинин Төрагасы
____________З.Арстанбеков (Ф.И.О.) “_____”___________2020 ж. |