Загрузка документа…
|
| КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 288 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу жана коргоо жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Эр-Рияд шаары, 2019-жылдын 16-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталат),
алардын бир туугандык мамилени колдоп жана негизге алып, жарандык коргоо жана коргоо жаатында натыйжалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтык түзүүгө умтулуу менен,
табигый кырсыктардан жана адамдын ишмердүүлүгү менен байланыштуу кырсыктардан элди, ресурстарды жана айлана-чөйрөнү коргоо жана коркунучтарды четтетүү үчүн аракет кылып,
эки өлкөнүн ортосундагы бул багытта өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга маанилүү жана пайдалуу экенин түшүнүү менен,
төмөндөгүдөй макулдашышты:
1-берене.
Тараптар техникалык, өндүрүштүк, криминалдык жана башка ишмердикти камтыган табигый кырсыктардын же адамзат ишмердигинин жыйынтыгында келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн жарандык коргонуу жана коргоо жаатында кызматташууга макул. Тараптар мындай кызматташтыкка тийиштүү каражаттарынын жардамы менен жана аларда болгон ресурстардын алкагында өзүнүн керектөөлөрүнө ылайык көмөктөшүүгө умтулушат.
2-берене.
Ушул Меморандумдун 1-беренесинде аталган кызматташуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Тараптардын жарандык коргонуу жана коргоо жаатында мыйзамдык, техникалык жана административдик аспектилерине тиешелүү маалымат алмашуу.
2. Иштерди жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн ар түрдүү тармактарда күч-аракеттерди координациялоо максатында мезгил-мезгили менен жана зарыл болгон учурда чогулуучу оперативдүү топторду түзүү.
3. Төмөнкүдөй максаттарга жетишүү үчүн биргелешкен талаа жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү:
а. Тараптар үчүн түз жана кыйыр тобокелдиктерди табуу;
б. Ушул сымал тобокелдиктердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча эң мыкты чараларды аныктоо.
с. Кырсык учурунда Тараптардын ортосундагы байланыш ыкмаларын, жардамга жана керек маалыматтарга кайрылуунун ыкмаларын аныктоо.
д. Жардам берүү учурунда персоналды, жабдууларды, жардам буюмдарын транспортировкалоонун каражаттарын жана ыкмаларын аныктоо.
4. Окутуу курстарга баруу жолу менен Тараптардын бири өткөргөн Жарандык коргонуу жана коргоонун персоналынын теоретикалык жана практикалык окуусуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле Тараптардын мектептеринде, Жарандык коргонуу жана коргоо борборлорунда окутуу курстарын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
5. Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында Тараптардын ортосунда өрт өчүрүү, анын ичинде авиация, издөө, куткаруунун түрдүү каражаттары, ошондой эле, кризис жана катастрофаларды башкаруу багытындагы болгон тажрыйбаларды максималдуу колдонуу үчүн тажрыйба алмашуу.
6. Табигый кырсыктар менен күрөшүү жөнүндө Тараптардын граждандарынын кабардуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен кампанияларды иштеп чыгуу.
7. Тараптар кызыкдар болгон ыкмалар менен регионалдык, эл аралык кеңешмелерди жана конференцияларды координациялоо.
3-берене.
Ар бир тарап, жардам көрсөтүүчү тараптын өтүнүчү боюнча персоналын, жабдууларын жана нерселерин территориясынан кирүү жана чыгууну жеңилдетүүгө, жардам көрсөтүүгө милдеттүү. Жардам берүүчү тарап кабыл алуучу тараптын мыйзамдарын, эреже жана инструкцияларын сактоого милдеттүү. Бул үчүн жардам көрсөтүүчү тарап ушул максатта даярдалган маалыматтарды жактыруусу талап кылынат.
4-берене.
Тараптардын биринин жардам көрсөтүү боюнча топтору башка тараптын территориясында жүргөн убакта алардын колдонулуучу мыйзамдарын сактоого милдеттүү, Мындай кызматташтыктын чыгымдары төмөнкү мүнөздө бөлүштүрүлөт:
1. Жардам көрсөтүүчү тарап кабыл алуучу тараптын территориясына персоналды жана жабдууларды транспортировкалоо, турак-жай менен камсыздоо, персоналдын ден-соолугуна кам көрүү боюнча чыгымдарды, ошондой эле жумуш убагында жабдуулардын эксплуатациялык жана техникалык камсыздоосун өзүнө алат.
2. Бир тараптын жарандык коргонуу жана коргоо боюнча эксперттери жана кызмат адамдары башка тарапка келген учурда иш сапардын эки аягына чейинки чыгымдарды тартат, ал эми кабыл алуучу тарап турак-жай, жергиликтүү транспортировканын чыгымдарын тартат.
3. Башка тарапка стажерлорду жөнөтүүчү тарап иш сапардын эки аягына чейинки, турак-жай, жергиликтүү транспорт жана окутуулардын чыгымдарын тартат, ошондой эле алардын жүрүү убагында тиешелүү медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылууга милдеттүү.
5-берене.
Кабыл алуучу тарап жардам көрсөтүү боюнча операция учурунда жабдууларды иштетүү жана зыянга учуроо чыгымдарын жана кабыл алынган материалдык жардамга эч кандай финансылык милдеттенмелерди тартпайт, эгерде зыян атайын жасалбаган учурда гана.
6-берене.
Жалпы инструкциялар жардам көрсөтүүчү тараптын командованиесине багытталган шартта операцияларды киргизүү, сактоо жана дарылоо боюнча көзөмөл, жардам көрсөтүүчү тараптын персоналына кабыл алуучу тараптын персоналы жана бөлүмдөрү аткарган коркунуч мүнөздөгү иш чараларынан жогору болгон милдеттенмелер жүктөлбөгөн шартта, ошондой эле мындай операциялардын приоритеттерин аныктоо кабыл алуучу тараптын жарандык коргонуу жана коргоо командованиесине жүктөлүүсү зарыл.
7-берене.
Кабыл алуучу тарап жардам көрсөтүүчү тараптын кызматкерлеринин кимиси тарабынан болбосун өздөрүнүн милдеттерин аткаруу мезгилинде үчүнчү жакка келтирген атайын зыяны үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле өздөрүнүн кызматкерлери тарабынан милдеттерин аткаруу мезгилинде үчүнчү жакка келтирген ар кандай атайын зыяны үчүн жоопкерчилик тартат.
8-берене.
Жардам көрсөтүүчү тарап өздөрүнүн милдеттерин аткаруу мезгилинде өзүнүн персоналына келтирилген кандай болбосун зыянга, ошондой эле ар кандай жоголгон жабдууларга кабыл алуучу тарапка кайрылууга укугу жок жоопкерчилик тартат, эгерде бул жоготуу атайын болбогон учурда.
9-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардан алынган ар кандай маалымат башка Тараптын жазуу жүзүндөгү маалымат берүү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
10-берене.
Тараптардын тиешелүү органдары изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жарандык коргонуу жана коргоо жаатында алардын милдеттерин аткарууда жана зарыл болгон пландарды, айрыкча өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү пландарын иштеп чыгууда кызматташат.
11-берене.
1. Тараптардын ортосунда кызматташтык программаларын ишке ашырууну пландоо биргелешкен мекемелер аралык комиссия жүктөлөт.
2. Мекемелер аралык комиссия тараптардын алдын ала макулдашуусу боюнча кезеги менен чакырылат. Көрсөтүлгөн мекемелер аралык комиссия төрагалык кылуу чогулушту кабыл алуу тарапка таандык. Төрага жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же андан кийинки наамдын ээси болуусу тийиш.
12-берене.
Меморандумдун 11-беренесинде эскертилген мекемелер аралык комиссия тараптардын ортосунда ушул Меморандумду чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан ар кандай талаш-тартыштарды тынчтык менен жөнгө салуусу зарыл. Эгерде Тараптар макулдашууга келе албаган учурда дипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салууга туура келет.
13-берене.
1. Ушул Меморандум Тараптардын бири экинчи тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболордун аяктоосун көрсөтүү менен билдирүү жөнөтүлгөндөн 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө чейин күчүндө калат.
3. Тараптардын ар бири башка тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык ушул Меморандумдун колдонулушун токтото алат. Токтотуу мындай билдирүүнү алган күндөн алты ай өткөндөн кийин аяктоого тийиш. Бул Меморандумдун колдонуу мөөнөтүндө берилген ар кандай суроо-талаптарга таасир этпейт.
2019-жылдын 16-декабрында, 19/4/1441Н (Хиджра календары боюнча) Эр-Рияд шаарында төрт нускамада кол коюлган: кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тили артыкчылык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү үчүн |