Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 3-июну № 288
2019-жылдын 16-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндөгү меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 16-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу жана коргоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндөгү меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Меморандумдун аткарылышына жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка аталган Меморандумдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 19-июнундагы № 47 (3119) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |