ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХIX-сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 33
Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №43-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №43-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-августундагы №43- токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына жаңыдан курула турган кичи спорт аянтчасына 4364,753 (төрт миллион үч жүз алтымыш төрт миң жети жүз элүү үч) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |