Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” главасынын № 78 “Жергиликтүү кенештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 27.08.2020-жылдагы № 4 жана 20.11.2020-жылдагы №5 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралган М.Алиев көчөсүнө тапан таш (брусчатка) бастырууга каралган 400.000 сом 3111 статиясындагы акча каражаты, айыл аймагындагы автоунаа жолдорду асфальтоого ПСД жасатууга каралган 100.000 сом 2215 статиясындагы акча каражаты, АРИС долбооруна 400.000 сом 3112 статиясындагы акча каражаттары болуп жалпысынан 900.000 сом акча каражаты 2511 статиясына жылдырылып “Мин-Өрүк” учаскасында жайгашкан артезиан кудугунан Кара-Кулжа айылындагы Бекен уулу Рыспай, Айдоо, З.Жорокулов, Ш.Кадыров, Маматбай уулу Капар көчөлөрүнө таза-суу түтүгүн тартып келүүгө субцидия катары “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасынын атайын эсебине которулуп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылы бюджетинен социалдык багытка каралган 150.000 сом акча каражатын 2215 ар түрдүү кызмат көрсөтүү статиясынан 2721 социалдык жөлөк пул берүү статиясына которулсун.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралган компазитор, обончу, аткаруучу Р.Абдыкадыровдун юбилейине каралган 80.000 сом, Т.Абакиров палвандын юбилейине карлган 50.000 сом жана сатып алуудан үнөмдөлгөн (экономдолгон) акча каражаттарынан болуп жалпысынан 321.000 сом акча каражаты музыкалык мектебине катуу жана жумшак инвентар сатып алууга бөлүнүп берилсин.
4. Кара-Кулжа айылындагы “Билал” атындагы борбордук мечиттин жер аянтына артезиан кудугунун курулушу бүткөндүктөн, Айдоо, Маматбай уулу Капар, Б.Исаев, Бердибай уулу Карим, С.Аталиев, А.Бостаев көчөлөрүнө 1800 метр суу түтүгүн тартууга, таз-суу скважина каздырууга каралган акча каражатынан 280.000 сом “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары которулуп берилсин.
5. Сары-Камыш айылына “Нооруз” майрамына каралган 50.000 сом ар кандай муктаждыктар статиясына которулсун.
6. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралган 704-бөлүмдө 221 беренесинен 200,000 сом, 70921-бөлүмүнөн 221 беренесинен 100,000 сом, 222 беренесинен 50,000 сом жана 311 беренесинен 50,000 сом, жалпысынан 400,000 сом акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бекитилген бюджетинде көрсөтүлгөн жумуштарды аткарууга субцидияга бөлүнүп берилсин.
7. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралган Эгемендик күнүнө жана 9-май жениш күнүнө жалпысынан майрамдарга каралган 100.000 сом акча каражаты, калктуу конуштардагы түнкү жарыктандыруу электр жабдыктарын ондоого жана жол чыракты (сфетофорду) ондоого бөлүнүп берилсин.
8. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралган ар түрдүү чыгымдардын эсебинен мектептерге, бала бакчаларга өздөрүнө каралган акча каражатынан, 2020-2021-жыл күз-кыш мезгилдерине даядыктарды көрүү багытында иштетилишин эске алышсын.
9. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансасындагы техникалар туруучу жай (гараж) курулушуна, муниципалдык ишкананын бюджетиндеги үнөмдөлгөн 276.000 сом акча каражаты курулуш статьясына которулуп берилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санариптип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумга өтүү боюнча белгиленген тапшырманы аткаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтомун турмушка ашыруу жана Кара –Кулжа айылдык Кенешинин 25 - июнь 2020-жылдагы № 23/ 4 “Айылдык кенештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтомун аткарууну камсыздоого, Кара-Кулжа айыл окмотунун 2020-жыл бюджетинен Коомдук алдын алуу борборуна (КААБга) каралып иштетилбей калган 100.000 сом акча каражатын 2- даана компьютер, 2-даана 3/1 принтер, 2-даана электр энергиясын сактоочу УПС сатып алууга которулуп берилсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |