Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 64
Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тиешелүү айылдык кеңештерге ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чечимдерди кабыл алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү анын тиркемесинин 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме |
Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын ТИЗМЕСИ
№ | Айыл аймагындагы калктын саны | Кызмат орундарынын аталышы | |
Төрага | Жооптуу катчы | ||
1 | Калкы 6001ден жогору | - | 1 |
2 | Калкы 20001ден жогору | 1 | 1 |
| Бардыгы | 1 | 2 |
Эскертүү:
Айылдык кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү жүргүзөт.