Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2020-жылдын 26-ноябры № 24/6
Кара –Кулжа айылдык Кенешинин 25-июнь 2020-жылдагы № 23/11 “Турмуш-шарты оор айыл тургундары У.Эрмекбаевага жана Т.Жусуповго кезексиз турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча жерди тактап, схемасын, картасын даярдап жана айыл өкмөтүндө карап сессияга кайра сунуштоо жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы жөнүндө
Кара–Кулжа айылдык Кенешинин 25-июнь 2020-жылдагы № 23/11 “Турмуш-шарты оор айыл тургундары У.Эрмекбаевага жана Т.Жусуповго кезексиз турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча жерди тактап, схемасын, картасын даярдап жана айыл өкмөтүндө карап сессияга кайра сунуштоо жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер, турак жай коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н.Апалаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-шарты оор Кара-Кулжа айылынын тургундары 2- топтогу майып, жалгыз бой эне У.Эрмекбаевага 600 м. квадрат жер аянтын жана Т.Жусуповго турак үй курууга 600 м. квадрат жер аянтын бөлүп берүүнү кароо жагы айыл өкмөтүнүн турак үй курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамына сунушталсын.
2. Кара-Кулжа айылынын тургундары 2-топтогу майып, жалгыз бой эне У.Эрмекбаеванын жана Т.Жусуповдун турмуш-шартынын оордугун жана социалдык абалын карап, кезексиз жер аянтын бөлүп берүү жагын комиссиянын курамы эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Кара-Кулжа айылдык кенешинин төрагасы: |
Б.Саипов |