Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кулжа айылдык Кенешинин кезектүү жыйырма төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2020-жылдын 26-ноябры № 24/12

Кара-Кулжа айылдык кенешинин 25.06.2020-жылдагы № 23/7 “Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча депутаттык комиссиянын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча” токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө

Айылдык кенешинин 25.06.2020-жылдагы № 23/7 “Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча депутаттык комиссиянын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча” токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндөгү айылдык  кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 2018-2019-жылдардагы сатып алуулар анын ичинен Кара-Кулжа айылындагы А.Максутов көчөсүнө артезиан курулушунун, 2018-жылдагы жаз айында жашылдандыруу багытында Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза айылында эгилген моржевейник көчөттөрүнүн жумшалышы, 2019-жылдагы айыл окмотунун имаратынын капиталдык ондоодон откорулгон аткарылган иштер боюнча акча каражаттынын жумшалышы, Кара-Кулжа айылында орнотулган жол-чырактарынын орнотулушу акча каражаттынын жумшалышы жана “Жергене” таштанды төгүүчү жайда аткарылган иштеринин акча каражаттынын жумшалышы боюнча документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын Ош облусу боюнча тергөө бөлүмүндө болгодуктан, текшерүнүн жыйынтыктарынан кийин тийиштүү документтерди камсыздап, айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча депутаттык комиссиянын курамына камсыздап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.

2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарда сатып алуулар боюнча документтерин даярдап берүү камсыздалбаса, сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн укук органдарга берилерин айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеев жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Турдубай уулу Тилек эске алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары А.Камчыбековго жүктөлсүн.

 

Кара-Кулжа айылдык

кенешинин төрагасы:

 

Б.Саипов