Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-апрели № 27-42/2
«Согуш балдары» жѳнʏндѳгʏ Жобону бекитүү
Каракол шаарынын вице мэри Г.Ж.Орозованын 2021-жылдын 24-февралындагы, кир: № 01-7/50 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXXII сессиясы,
токтом кылат:
1. «Согуш балдары» жѳнʏндѳгʏ Жобосу бекитилсин (тиркеме№1).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ, Каракол шаардык Кенешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин
XXVI чакырылышынын 27.04.2021-жылдагы
№27-42/2 токтому менен
«БЕКИТИЛДИ»
«СОГУШ БАЛДАРЫ» жѳнʏндѳ Жобо
Бул Жобо, согуш убагында тѳрѳлгѳн жана Каракол шаарында жашап жаткан, мурдагы СССРдин атуулдарынын, алардын социалдык корголушуна кепилдиктерди, татыктуу, жигердʏʏ жашоого, коомдогу кадыр-баркты камсыз кылуу максатында бекитилет.
I- Бап ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1. Согуш балдар категориясы.
Согуш балдар категориясына, учурда Каракол шаарында жашаган, 1928-жылдын 22-июнунан, 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки аралыкта тѳрѳлгѳн, Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында мурдагы СССРдин аймагында жашаган, мурдагы СССРдин атуулдары кирет. Бул категорияга жаза мѳѳнѳтʏн абактарда ѳткѳргѳн жана согуш жылдары СССРдин аймагынан тышкары болгондор кирбейт.
2. Согуш балдарын социалдык жактан коргоо ʏчʏн тѳмѳнкʏлѳр каралат:
1. Ушул жобоодо, Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан коргоо боюнча башка мыйзамдарында, ченемдик-укуктук актыларында каралган социалдык коргоо чараларын ишке ашыруу;
2. Жободо кѳрсѳтʏлгѳн социалдык коргоо чараларын ишке ашыруу ʏчʏн, бюджеттен керектʏʏ каражаттарды бѳлʏп берʏʏ;
3. ММКлар аркылуу, атуулдарды, согуш балдарынын баштарынан ѳткѳн окуялар, сыноолор жана Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ѳспʏрумдѳрдʏн кайратман эмгеги жѳнундѳ маалымдоо;
3. Согуш балдарын социалдык жактан коргоодогу жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын ишке ашыруунун уюштуруучулук негиздери;
1. Каракол шаардык Кенеши, согуш балдарын социалдык жактан коргоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана аларды ишке ашырат.
4. Бул жобону колдонуу сферасы;
Бул жобо, Каракол шаарынын аймагында туруктуу жашаган, жобонун 1-беренесинде кѳрсѳтʏлгѳн согуш балдарынын категориясына кирген, Кыргыз Республикасынын атуулдарына тиешелʏʏ.
II Бап. КОРУТУМДУУ ЖОБОЛОР
5. Согуш балдарынын коомдук бирикмелери.
1. Согуш балдарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, согуш балдарынын коомдук бирикмелери тузулушу мумкун.
2. Жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу органдары согуш балдарынын коомдук бирикмелеринин ишине кѳмѳк кѳрсѳтʏшѳт.
3. Согуш балдарын социалдык жактан коргоо, согуш балдарынын коомдук бирикмелеринин ишмердуулуктѳру боюнча чечимдер, жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан, тиешелуу бирикмелердин ѳкʏлдѳрʏнʏн катышуусу менен кабыл алынат.
7. Согуш балдарынын тастыкталган документтери.
Согуш балдарын социалдык жактан коргоо чаралары, алар тиешелʏʏ тастыктаманы, жана Каракол шаардык Кенеши бекиткен медалды кѳрсѳткѳндѳ ишке ашырылат №1Тирекемеде. Бул жобону ишке ашыруу максатында, курамында жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун ѳкʏлдѳрʏ болгон, Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын тескемесинин негизинде комиссия тʏзʏлѳт.
Каракол шаардык Кеӊешинин жооптуу катчысы |
Э.Майрыков |