КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-августу № 28-6/11
Каракол шаардык кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы, «Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчик мʏлктѳрдʏн обьектилерин инвентаризациялоо жѳнʏндѳгʏ» №26-36/8 токтомуна кошумча киргизʏʏ жѳнʏндѳ
(Каракол шаардык кенешинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 28-8/13 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2021-жылдын 30-июлундагы, кир:№01-7/229 инвестициялар долбоорлор жѳнʏндѳгʏ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык кенешинин, 2015-жылдын 21-октябрындагы, «Каракол шаарындагы муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчик мʏлктѳрдʏн обьектилерин инвентаризациялоо жѳнʏндѳгʏ» №26-36/8 токтомунун 2 пунктуна, ѳзгѳчѳлʏк таризде, «…муниципалдык менчиктин сессияда» тѳмѳнкʏ текст кошулсун: «Кашка-Суу» кичирайонунда аянты 1 га болгон жер тилкесине аукцион жана конкурс аркылуу сатыкка, кѳп кабаттуу социалдык турак-ʏй жана студенттик жатаканаларды куруу ʏчʏн коюлсун.
(Эскертүү: 2021-жылдын 19-октябрындагы № 28-8/13 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт)
2. Каракол шаарынын мэриясы:
- аянты 1 гектар жер тилкесин аукцион жана конкурс аркылуу сатуу ʏчʏн, керектʏʏ документтердин баарын, ошол жердин шаар куруу документтацияларына ылайык даярдасын;
-Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, ченемдик-укуктук актылардын жана мыйзамдардын талаптарын кыйшаюусуз аткарсын;
3. Куруучу тѳмѳнкʏлѳргѳ милдеттендирилсин:
- долбоорлону, Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтʏнʏн 2020-жылдын 17-январындагы, №12 токтомуна ылайык, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерин сактоо менен, тараптардын макулдугу менен Генералдык планга ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ менен жʏргʏзʏʏгѳ;
- берилип жаткан жер тилкесин жана ага жанаша жайгашкан жерди абаттоого;
- кѳп кабаттуу социалдык турак-ʏйдʏ жана студенттик жатаканаларды 5 кабаттан кем эмес долбоорлого;
- курулган социалдык кѳп кабаттуу ʏйдʏн, экинчиден бешинчи кабатка чейин, 10 (он) пайыздан кем эмесин Каракол шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке берʏʏгѳ;
(Эскертүү: 2021-жылдын 19-октябрындагы № 28-8/13 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт)
4. Эгерде, 3 жылдын ичинде курулуш башталбаса, аянты 1 га болгон жер тилкеси, бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, алынат.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын
7. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж. Акимканов |