Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңештин ХХVIII-чакырылыштын кезексиз VI-сессиясы
2021-жылдын 9-августу № 6
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин жана стандарттарына тиешелүү пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө”КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен,
токтом кылам:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандарттары бекитилсин.(№8 жана 12тиркемеге).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин облустук “Ысык-Көл кабарлары” гезитине, minjust.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Ордобаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Н.Иманбаевге милдеттендирилсин.
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин төрагасы | А.Б. Ургаипов |
Жоопту качысы: | Ч. Ордобаева |
Тиркеме №2
Жети-Өгүз айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинекирген №8 муниципалдык кызматтын стандарты.
Кызматкөрсөтүүнүн паспорту
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган жалгыз бой кары адамдарга, үйүнөн тейленүүчү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жардамга өтө муктаж болуп кайрылган жарандарга кайрылуунун негизинде (кургак учук менен ооруган адамдарга, өтө кымбат баага операцияга даярдалган балдарга), көп жылдан бери дарыланып(онкологиялык ж.б. оорулар менен күрөшүп келген) үйүндө мал жандыгы жок калып каза болгон жарандарга, УАМС ардагери, оорукта эмгектенген, УАМС жесирлери каза болгон учурда социалдык жардам берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз болот.
|
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳттѳ каттоодо турган, айыл аймакта туруктуу жашаган жардамга өтө муктаж болгон кайрылган аймактын жашоочулары. |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы,«ЖѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы, Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 27-майынын XXXII сессиясы № 32 токтому менен бекитилген Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жылдын 10-декабрга чейин ар бир кызмат алуучуга: кургак учук менен ооруган адамдарга жол киресине 1000 (бир миң) сомго чейин; кайрылуу менен кайрылган өтө муктаж болгон жашооучуларга, акыркы сапарга узатуу аземине азык-түлүктөн 5000 (беш миң) сомго чейин; өтө оор кымбат баалуу операцияга муктаж аз камсыз жашоочуларга 10 000 (он миң) сомго чейин (саны) акчалай жардам менен камсыз болот. |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуучу айыл ѳкмѳтүндѳкаттоодо жана туруктуу жашашы шарт. Социалдык паспорту болушу шарт. Дарыгердин бүтүмү болушу шарт. Кызмат алуучуга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери маалыматты тактоону кызмат алуучунун жашаган үйүндѳ же башка ыңгайлуу жерде алып барууга мүмкүн. |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабылдоо жеке кабыл алуу учурунда 14 иш күндөн кем убакыттын ичинде жүргүзүлөт. Кызмат кѳрсѳѳтүү толугу менен жылдын 10-декабргачейин кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Жети-Өгүзайыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - аймакта жайгашкан ФАП, ҮДТан; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |
Тейлөө жана кызмат көрсөтүү
10. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек майып балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. |
11. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Тиешелүү деңгээлде жеке кабыл алуудагы жеке маселелерден тышкары купуялуулук сакталбайт.
|
12. Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун өзү, камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди берет: - туулгандыгы тууралуу күбѳлүк (16-жашка чейинки кызмат алуучу); - паспортунун көчүрмөсү; - дарыгердин бүтүмү; - айыл өкмөттүн каттосунда турушу шарт. |
13. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Акысыз |
14. Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: - имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 Кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Электрондук формада кѳрсөтүлбѳйт |
4. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16. Кызматкөрсөтүүдөнбаштартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; - кызмат алуучу каза болгон учурда. |
17. Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18. Кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Тиркеме № 2
Жети-Өгүз айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген №12 муниципалдык кызматтын стандарты.
Кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган үйүнөн тейленүүчү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран, аз камсыз болгон жардамга өтө муктаж болуп кайрылган жалгыз бой көп балалуу эне, аз камыз, өтө муктаж көп балалуу жесир (эне,ата), өтө жардамга муктаж тоголок жетим бир туугандарга кайрылуунун негизинде үй салганга жылына бир жолу социалдык жардам берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз болот. Миграцияда жүрүп коопту өзгөчө авалга(кырсыкка) туш болгон жардамга өтө муктаж (каттуу ооруп калса, каза болсо ж.б.у.с.) |
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳттѳ каттоодо турган, айыл аймакта туруктуу жашаган жардамга өтө муктаж болгон кайрылган аймактын жашоочулары. |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы,«ЖѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы, Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 27-майынын XXXII сессиясы № 32 токтому мененбекитилген Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жылдын 10-декабрга чейин ар бир кызмат алуучуга: кайрылуу менен кайрылган өтө муктаж болгон жашооучуларга 40000 (отуз беш миң) сомго чейин (саны) акчалай жардам менен камсыздоого болот. |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуучу айыл ѳкмѳтүндѳ каттоодо жана туруктуу жашашы шарт. Социалдык паспорту, мигрант болушу, дарыгердин бүтүмү болушу сыяктуу аныктоочу документтери болушу шарт. Кызмат алуучуга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери маалыматты тактоону кызмат алуучунун жашаган үйүндѳ же башка ыңгайлуу жерде алып барууга мүмкүн. |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабылдоо жеке кабыл алуу учурунда 14 иш күндөн кем убакыттын ичинде жүргүзүлөт. Кызмат кѳрсѳѳтүү толугу менен жылдын 10-декабрга чейин кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Жети-Өгүзайыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - аймакта жайгашкан ФАП, ҮДТан; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |
Тейлөөжанакызматкөрсөтүү
10. Келүүчүлөрмененпикиралмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек майып балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. |
11. Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Тиешелүү деңгээлде жеке кабыл алуудагы жеке маселелерден тышкары купуялуулук сакталбайт. |
12. Керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алуучунун өзү, камкорчусу же жакын тууганы же айыл ѳкмѳттүн соц.кызматкери төмөндөгү документтерди берет: - туулгандыгы тууралуу күбѳлүк (16-жашка чейинки кызмат алуучу); - паспортунун көчүрмөсү; - дарыгердин бүтүмү, соц паспорт, мигрант бүтүмү, турак үйү жок же жаркасыз деп табылгандыгы жөнүндө комиссиянын актысы; - айыл өкмөттүн каттосунда турушу шарт. |