Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 4
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө Жобосун бекитүү тууралуу
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө ЖОБОсу бекитилсин.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |
Көл-Төр айыл аймагынын
айылдык кенешинин
2021-жылдын 22-январындагы
№4 токтому менен бекитилди.
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Көл-Төр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу “наамы .
(мындан ары “ардактуу атуул”)
III. Көл-Төр айыл Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
IV. Сыйлыктарга көрсөтүү тартиби .
V. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшыруу тартиби.
I. Жалпы жоболор
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн сыйлыктары атуулдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымын таануу формасы болуп саналат .
2. Ардак грамотанын, күбөлүктүн, төш белгилердин жана аларга камтылган маалыматтардын үлгүлөрү Айылдык Кенештин сессиясында бекитилет.
3. Ардак грамота менен сыйлоо жана төш белгилерди тапшыруу айылдык Кенештин орун басары жетектеген атайын түзүлгөн сыйлык боюнча комиссиясынын аныктамасына ылайык айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде ишке ашырылат .
4. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканаларынын жогорку квалификациядагы кызматкерлерине, Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жарандарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон атуулдарга берилет.
II. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы.
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон, мамлекеттик, муниципалдык, коомдук жана чарбалык иштерде билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында, эл арасындагы ынтымактуулукту коргоого жана чыңдоого кошкон өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн айыл өкмөттүн аймагында 15 жылдан кем эмес жашаган тургунга ыйгарылат.
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы айыл өкмөтүнүн өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө эмгеги үчүн чет өлкөлөрдүн жарандарына жана айыл өкмөтүнүн аймагында жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылышы мүмкүн.
2. “Ардактуу атуул” наамы айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, мекеме-ишканаларынын эмгек жааматттарында каралып, өзгөчө синирген эмгеги көрсөтүлгөн сунуш айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиясына жиберилет.
“Ардактуу атуул” наамына көрсөтүлгөн өтүнүчкө №1тиркемеге ылайык кошумча документтер жиберилет.
3. “Ардактуу атуул” наамы салтанаттуу кырдалда наам ыйгарылган адамдын өзүнө тапшырылат. Наам менен бирге сыйланган адамга Көл-Төр айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүк жана төш белги берилет. Атуулдун наамы айыл өкмөтүнүн “Ардак китебине” жазылат .
“Ардактуу атуул “ наамын айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык Кенештин төрагасы ошондой эле алардын тапшырмасы боюнча орун басарлар, жооптуу катчы тапшырат.
8. “Ардактуу атуул “наамы бир гана жолу ыйгарылат жана кайталап берилбейт.
9. Атуулдардын юбилейлерине байланыштуу аларга “Ардактуу атуул “наамы берилбейт .
10. “Ардактуу атуул” наамынын ээси төмөндөгүлдөргө укуктуу:
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме–ишканалардын, уюмдардын, жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусунда эч тоскоолдуксуз кабыл алынууга жана тиешелүү маселелер боюнча алардан жооп алууга .
-Айыл өкмөтүнүн тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык-экономикалык маселелер, ишти илгерилетүү боюнча айыл өкмөтүнө, Айылдык Кенешке кайрылууга.
- Айылдык Кенештин, айыл өкмөттүн отурумдарына катышууга.
- Өз алдынча тийиштүү маселелер боюнча сунуш берүүгө .
11. “Ардактуу атуул” наамына негизсиз көрсөтүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. “Ардактуу Атуул” наамына тийиштүү болгон күбөлүк, төш белгисин мыйзамсыз жасатып алгандар, саткандар, алмаштыргандар мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
III. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”.
13. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүнө, муниципалдык кызматтыгы, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбиячылык, коомдук кайрымдуулук ишмердикте жетишкендиктери үчүн жана жергилүктүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекеме–ишканаларында, коомдук уюмдарында үлгүлүү иш алып баргандар сыйланат. Айрым учурларда өзгөчө көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы эмгек жааматына берилиши мүмкүн.
IV. Сыйлыктарга көрсөтүү тартиби.
14. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн сыйлыктарына сунуш берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Айыл Өкмөтү;
- Айылдык Кенеш;
- Аксакалдар соту;
- Ардагерлер Кенеши;
- Аялдар Кенеши;
- Квартал башчылары;
- Мекеме-ишканалар, уюмдар.
15. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн сыйлыктары кварталдык, айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, мекеме-ишканалардын эмгек жааматтарында каралып, өзгөчө синирген эмгеги көрсөтүгөн сунушу айыл Өкмөтүнүн башчысынын наамына берилет.
16. Келип түшкөн сыйлык материалдары атайын түзүлгөн сыйлык боюнча комиссиясында, өзүлөрүнүн белгиленген убагында каралып, протоколдун негизинде кабыл алынган аныктамасын айыл өкмөтүнүн башчысына акыркы чечимин кабыл алуу үчүн жиберет.
17. Тартиптик айыпка тартылган кызматкерлердин сунушу каралбайт.
V. Айыл өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшыруу тартиби.
18. Көл-Төр айыл Өкмөтүнүн сыйлыктары салтанаттуу түрдө эмгек жааматынын чогулушунда жалпы жыйындарда, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык Кенештин төрагасы тарабынан (алардын тапшырмалары менен орун басарлар, жооптуу катчы) тапшырылат.
19. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн сыйлыктыры менен сыйлагандардын персоналдык эсеби айыл өкмөтүнүн жалпы уюштуруучулук бөлүмүндө алып барылат .
20. Айыл өкмөтүнүн сыйлык бланкалары, төш белгилери, милдеттүү отчеттуулук документтердин денгээлинде сакталат.
Тиркеме 1
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы
__________________________________
__________________________________
Сыйлыктарга сунуш.
1___________________________________________________________________________
Сыйлыктарга көрсөтүлгөн адамдардын толук аты-жөнү
2____________________________________________________________________________
Иштеген жери, кызматы толук жазылат
3____________________________________________________________________________
Туулган күн, жери
4____________________________________________________________________________
Улуту
5. Билими____________________________________________________________________
6. Жалпы иш стажы _________анын ичинен мекемеде иштеген стажы _________________
7. Дареги (телефон, үй номери)
8._______________________________________________________сыйлыгына сунушталат :
Сыйлыктын түрү
9. Өндүрүштүк мүнөздөмө жана өзгөчө синирген эмгеги
10. Чечим кабыл алган органдын аталышы, протокол №___, күнү, профсоюздук жетекчини колу, мөөрү менен бекитилет.
Сыйлыккка көрсөтүлгөн адамдардан керектелүүчү документтер.
1. Айыл Өкмөтүнүн башчысына сунуш.
2. Сыйлыкка көрсөтүлгөн адамдын кандидатурасы эмгек жааматында, жыйындарда талкулоо протоколу.
3. Паспорт, диплом, сертификаттардын, күбөлүктөрдүн копиялары