Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 20-октябры № 04
Муктаж болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ жер участогун бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-октябрь 2005-жылдагы №464 токтомунун жана жер Кодексинин 13, 25, 32 беренелеринин негизинде жана Б.Ш.Тагулуковдун 27.08.2020-жазган арызын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл тургуну Тагулуков Бердибек Шейшеновичтин уулу, 3-топтун майыбы, Бердибек уулу Алишерге №4 жерден № 51К участогу, жеке менчик турак үй салуу үчүн 0,08га жер тилкеси менчикке бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана жеке менчике бекитүү боюнча токтомун чыгарып берүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |