Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 21-январы № 04
Кара-Ой айыл аймагынын негизги жолуна ысым ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар» жѳнүндѳ мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ошондой эле Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 11.01.2021-жылдагы №1/0-39 катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн түптѳѳчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын кѳрүнүктүү ѳкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымы, Кара-Ой айыл аймагынын негизги жолдогу Совет кѳчѳсүнѳ ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |