Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1997-жылдын 25-сентябры N 67
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2008-жылдын 21-июлундагы N 159, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2022-жылдын 20-январындагы N 9, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары шаарлардын, айылдардын, дарыялардын, каналдардын, көпүрөлөрдүн, саздардын, көлдөрдүн, шаркыратмалардын, тоо тутумдарынын, тоо чокуларынын, ашуулардын, мөңгүлөрдүн, капчыгайлардын, жайлоолордун, аскалардын, үңкүрлөрдүн, кыштоолордун, конуштардын, жайыттардын, көчөлөрдүн, аянттардын, проспекттердин, бульварлардын, аллеялардын, парктардын, жаратылыш парктарынын, коруктарынын жана алар сыяктуу объекттердин, ошондой эле тарыхый окуялар жана тарыхый инсандардын иши менен байланыштуу жерлердин аталыштарынан турат.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары Кыргызстан элинин нарк-дөөлөттөрү болуп саналат, Кыргызстандын тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгүн түзүшөт жана ушул Мыйзам менен корголушат.
3-статья.
Географиялык аталыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделишет жана ушул Мыйзамдан, ошондой эле башка нормативдик укуктук актылардан турушат.
4-статья.
Мамлекет географиялык аталыштарды иликтеп-изилдөөнү уюштурат, аларды каттоону жана эсебин алууну жүргүзөт.
Географиялык аталыштарды каттоонун жана эсебин алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья.
Ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык аталыштар берүү жана жаңы аталыштар берүү өз алдынча башкарууга таандык болгон объекттерден бөлөк администрациялык-аймактык бирдиктерге жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында саналып өткөн башка объекттерге аталыштар берүү жана жаңыча аталыштар берүү Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.
Аталыштар жана жаңыча аталыштар боюнча сунуш киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья.
Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:
1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;
2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.
Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 20-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья.
Проспекттерге, аллеяларга, аянттарга, шаардык же айылдык парктарга, бульварларга, көчөлөргө жана туюк көчөлөргө аталыштар берүүнү жана жаңыча аталыштар берүүнү жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
8-статья. Кыргыз Республикасында географиялык объекттерге аталыштар мамлекеттик тилде ыйгарылат
Географиялык объекттердин аталыштары башка тилдерге которулбайт. Расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда аталыштар транслитерацияны пайдалануу менен эл аралык стандарттарда белгиленген тартипте орус жана латын алфавиттеринин тамгалары менен берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья.
Калктуу пункттардын, дарыялардын (көпүрөлөрү болсо), ашуулардын (эгерде автожол салынса), жайлоолордун аталыштары, объекттин жөн-жайын аныктоо менен атайын көрсөтмө такталарда (белгилерде) белгиленет.
10-статья.
Аталыштар жазылып орнотулган көрсөтмө белгилерди атайын бузуу же аларды жок кылуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга алып келет.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья.
Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй географиялык объекттерине:
- аталыштары жок географиялык объекттерге;
- жаңыдан түзүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктерге жана жаңы администрациялык түзүлүштөргө аталыштар берилет.
Бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир тектүү бир нече объекттерге бир эле аталыштар берүүгө жол берилбейт.
12-статья.
Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине аталыштар берүүгө байланышкан бардык чыгымдар, ошол объекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 20-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья.
Географиялык объекттердин аталыштары боюнча нормативдик документтер Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштарды белгилөө, колдонуу жана сактоо боюнча бирдиктүү талаптарды, нормаларды жана эрежелерди аныктайт.
14-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
өзүнүн нормативдик-укуктук актыларын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин;
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштарына аталыш берүү жана каттоо жөнүндө жобону үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кабыл алсын.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1997-жылдын 18-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |