Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 21-январы № 05
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн штаттык санына инвестицияларды тартуу боюнча башкы адисин жана бухгалтер-кассир адисин алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы №403 токтомуна жана Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн «Айылдык калкынын жыныстык жана курактык курамы жѳнүндѳ отчутунун» « 9-«С»-Калк формасына ылайык, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын калкынын саны 2020-жылдын жыйынтыгы менен, Кара-Ой айыл айыл аймагынын калкынын саны 5018ди (беш мин он сегиз) түзгѳндүгүнѳ байланыштуу, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн штаттык санына инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси жана бухгалтер-кассир адиси алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча жана Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |