Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июлу № 403
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын түзүмүн жана штаттык санын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:
"Сектор башчысы" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;
"Башкы адис" позициясында:
"4", "5", "6" деген цифралар "5", "6", "7" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын аппараттарынын типтүү түзүмүндө жана штаттык санында:
"Сектор башчысы" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;
"Башкы адис" позициясында:
"2", "4", "3", "3", "3", "3", "4", "2", "2", "3", "6", "2" деген цифралар "5", "6", "5", "7", "5", "6", "7", "5", "5", "6", "8", "5" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бар болгон бош кызмат орундарын кыскартуу маселелерин биринчи кезекте кароо;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү, ал эми ишке орноштурууга мүмкүн болбогон учурда муниципалдык кызматчыны окутуу, кайра даярдоо (кайрадан квалификациялоо) жөнүндө маселени кароо.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна тиркеме |
┌─────────────────────┬───────────────────────────────────────────────┐
│ Кызматтардын │ Калктын санына жараша штаттык сан │
│ аталышы │ (миң адам) │
│ ├─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┬─────┤
│ │2ге │2ден │5ден │7ден │10дон│15тен│20дан│25тен│
│ │чейин│5ке │7ге │10го │15ке │20га │25ке │жого-│
│ │ │чейин│чейин│чейин│чейин│чейин│чейин│ру │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Айыл өкмөтүнүн │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
│башчысы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Башчынын орун басары │ - │ - │ - │ - │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жооптуу катчы │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Бөлүм башчысы │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Башкы адис │ 2 │ 2 │ 3 │ 4 │ 4 │ 5 │ 5 │ 6 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жетектөөчү адис │ 1 │ 2 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 6 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Адис │ 1 │ 1 │ 2 │ 2 │ 2 │ 2 │ 3 │ 4 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жыйынтыгы: │ 7 │ 8 │ 10 │ 12 │ 14 │ 16 │ 18 │ 20 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Техникалык жана кенже│ │ │ │ │ │ │ │ │
│тейлөөчү кызматкер: │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ТТК │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 2 │ 3 │ 3 │
│МТК │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │ 1 │
├─────────────────────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┼─────┤
│Жыйынтыгы: │ 9 │ 10 │ 12 │ 14 │ 16 │ 19 │ 22 │ 24 │
└─────────────────────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┴─────┘
(*) Эскертүү: Максатка ылайыктуулугунан жана негиздүүлүгүнөн, ошондой эле айылдык аймактын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги иштер боюнча функцияларын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде кызмат ордуларынын категорияларынын ортосунда ишке ашырылат.
(**) Эскертүү: Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен "Айыл башчысы" (айылдын старостасы) кызматы каралат.
(***) Эскертүү: Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) болушу мүмкүн. Участкалык врач, ветеринардык врач, участкалык инспектор (ички иштер органдарынын кызматкери) кызмат ордуна талапкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизде алынышы мүмкүн.
(****) Эскертүү: Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн аскердик-эсепке алуу персоналынын саны төмөнкү жүктөмдүн нормаларына ылайык белгиленет:
- каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо - бир бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору;
- каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо - эки бошотулган кызматкер жана андан кийинки ар бир 1000 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучуларга - бирден бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору.
|
|