Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVIII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 19-майы № 03
Кара-Ой айылдык Кенешинин 09.02.2021-жылдагы №04 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-октябрь 2005-жылдагы №464 токтомунун жана жер Кодексинин 13, 25, 32 беренелеринин, Ысык-Кѳл областынын администрациялык сотунун 11.08.2020-жылдагы дело АД-189/20-МИ чечиминин, Ысык-Кѳл районунун Прокуратурасынын 15.03.2021-жылдагы №11-222/21 жазма буйругунун (предписание), Ысык-Кѳл районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын 27.04.2021-жылдагы №01-15/510 катынын негизинде жана Джолдош уулу Кенешбектин 29.04.2021-жылы жазган арызын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл тургуну, тоголок жетим, аз камсыз үй-бүлѳѳдѳ турган Джолдош уулу Кенешбеке №2 жерден №7К участогу, 9,30х9,30м ѳлчѳмүндѳгү пайдубалы (фундамент) менен, конок үй тибиндеги жеке менчик турак үй салуу үчүн 0,06га жер тилкеси менчикке бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана жеке менчике бекитүү боюнча токтомун чыгарып берүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Дж. Ильязов |