Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVIII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ҮЧҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 13-июлу № 01
Жаӊы конушка О.М.Карабалаевдин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар» жѳнүндѳ мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Б.М.Карабалаевдин жазган арызын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын «Жүзүм» жаны конушунун Долбоорлонуучу-22 кѳчѳсүнѳ, Кара-Ой айыл аймагынын ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын эмгеги синген мамлекеттик жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасындагы Туризм Академиясынын, Москванын ишкердүүлүк жана укук институтунун Ардактуу профессору, Карабалаев Оган Мамбетовичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кѳчѳнүн жарыктандыруусун камсыз кылуу жагы, бир тууган иниси Карабалаев Болот Мамбетовичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К. Жумековго тапшырылсын.
Төрага | Дж. Ильязов |