Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын XXXII кезексиз сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 29/32-1
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 8-февралындагы «Бюджет, каржы,экономика жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясы муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше, чыгаша бөлүктөрун, мэриянын каржы бөлүмүнүн анализин карап чыгып, шаардын мэри Т.К.Сарбагышевке муниципалдык менчик башкармалыгын тез аранын ичинде реорганизация кылып, сессияга сунуштоо тапшырмасы берилген, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай протоколдук тапшырма аткарылган эмес. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинде «Шаардык жана айылдык кеңештердин компентенциясы» 12-пунктунда «өз чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө алат», 13-пунктунда «Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү» деп так даана жазылган. Ошондой эле ушул Мыйзамдын 36-берене. «Жергиликтүү кеңештин чечимдери» бөлүмүнун 3-пунктуна ылайык Чолпон-Ата шаардык кеңеши маселени талкуулап чыгып, акча каражаттарды үнөмдөө максатында.
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2007-жылдын 3-майындагы №4, 2013-жылдын 4-июлундагы №28/7-1, 2016-жылдын 4-мартындагы №28/27-7 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Т.К.Сарбагышевке Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык бирдигин жана типтүү түзүмүн бекитүү жөнүндө» №451 токтомуна ылайык 18 штаттык бирдиктен ашпастан, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгын тез аранын ичинде реорганизация кылып, функционалдык милдеттер рационалдуу бөлүштүрүлсүн.
3. Чолпон-Ата шаарынын мэри Т.К.Сарбагышевке кезектеги боло турган сессияга мэриянын штаттык бирдиги боюнча кыскартууларды көргөзүү менен долбоорун көрсөтсүн.
4. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы,экономика жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Казакбаев |