Загрузка документа…
(Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 29/32-1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
20164-марты №28/27-7
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ
Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчиктеги жерлерин натыйжалуу пайдалануу, Чолпон-Ата шаарынын айрым укуктук-ченемдик актыларын ирээтке келтирγγ максатында жана Кыргыз Республикасынын “Мулккѳ муниципалдык менчик” жѳнγндѳ Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2016-жыл 26-февралдагы № 09/130 иш кагазын карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосуна толуктоолор, ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин.
2. 2.4.1-бѳлγмγндѳгγ “Чолпон-Ата шаарынын мекеме-ишканалары”- деген сγйлѳмдѳн кийин “ жеке жана юридикалык жактар менен ”- деген сγйлѳм менен толукталсын.Ушул бѳлγмдѳгγ сγйлѳмдγн аягы “муниципалдык мγ[i]лктγ сатууну ишке ашырат”-деген сγйлѳм менен толукталсын.
3. 2.4.2.- бѳлγмγндѳгγ “муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалынын начарлашына алып келген ишканаларга”-деген сγйлѳмдун кийин “жеке жана юридикалык жактарга”-деген сγйлѳм менен толукталсын. Ушул бѳлγмдγн аягындагы “ѳндγрγлгѳн буюмдарды мындан сырткары ижара акысын коюуга”-деген сγйлѳм алынып салынып, “ келтирилген чыгымдарды калыбына келтирγγ боюнча чараларды кѳрѳт”-деген сγйлѳм менен толукталсын.
4. 2.4.9- бѳлγм “Жаны муниципалдык ишканаларды тγзѳт, муниципалдык мекеме-ишканалардын чарбалык иштерин тескейт жана кѳзѳмѳлдѳйт-деген толуктоо киргизилсин.
5. Токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш” жана “Экология, корктондуруу, жашылдандыруу, транспорт байланышы, турак-жай курулуш жана жер маселелери” боюнча туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Иманбеков |