Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2020-жылдын 9-декабры № 29/30-4
«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» боюнча Жобону жөнүндө»
«Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, 2020-жылдын 25-августундагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышыныны XXX сессиясы Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин 04.10.2012-жылдын № 27/37-2 токтому жокко чыгарылсын.
2. «Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы жөнүндөгү Жобосу №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча депутаттардан, коомчулуктан, ардагерлерден, мэриядан турган комиссия мүчөлөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгисин, күбөлүгүн, ардактуу атуулдук тасмасын даярдоо Чолпон-Ата шаардык мэриясына тапшырылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармасына жиберилсин.
6. Токтом ММКтарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына (Р.Т.Кыстаубаевага) жүктөлсүн.
Төрага | А. Казакбаев |
| № 1 тиркеме БЕКИТИЛДИ Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын № 29/30-4 токтому менен 09.12.2020ж |
«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам жөнүндөгү
Жобосу
I Жалпы жоболор
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам алуучулардын шаардын коомчулугу алдындагы көрүнүктүү кызматын белгилеп, алардын шаардын пайдасына, анын өнүп гүлдөшүнө жетишүүгө жумшалган өздүк ишмердүүлүктөрүн колдоо максатында дайындалат.
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам коомдук иштерге жигердүү катышкан жана катышып жаткан, шаардын маданий, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга, укуктук жана эмгектик тартипти , шаардыктардын достугун жана биримдигин бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон, урматка ээ болгон жана башкаларга, өзгөчө жаштарга өсүп келе жаткан муундарга үлгү болгон атуулдарга ыйгарылат.
3. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет өлкөнүн атуулдарына жекече берилет жана кайрадан алынбайт.
4. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамы, соттуулугу салына элек же жоюла элек атуулга ыйгарууга мүмкүн эмес.
5. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамга «Чолпон- Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген жазуусу бар төш белги, тасма жана «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген күбөлүк тапшырылат (алардын сүрөттөмөсү Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекитилет).
II«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негиздери
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды, Чолпон-Ата шаарынын аймагында 20 жылдан кем эмес жашаган, шаардыктардын жана мамлекеттин алдында өзгөчө кызматты өтөгөн жергиликтүү жамааттын өкүлү ала алат;
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгарууга төмөнкүлөр негиз боло алат:
* көп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүк;
* Чолпон-Ата шаарынын тургундары үчүн эрдикти көрсөткөндүк;
* Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын көпчүлүгүнүн алкоосуна ээ болгон мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук жана башка ишмердүүлүк жааттарындагы, Кыргыз Республикасы жана Чолпон-Ата шаары үчүн көрүнүктүү натыйжаларга жетишүү;
* шаардык структуралык системасында (уюмдарда жана мекемелерде) 20 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгектин натыйжасында, шаардын тургундарынын арасында туруктуу жана кеңири таанымал болгондук.
* өзүнө жүктөлгөн милдеттерине жана калк тарабынан берилген тапшырмаларга үлгүлүү мамиле кылуу;
* өсүп келе жаткан муундарды окутуу жана тарбиялоодо өзгөчө жетишкендиктер;
* калктын саламаттыгын сактоодо өзгөчө жыйынтыктарга жетишкендик;
* коомдук тартипти бекемдөөдө өзгөчө салым кошкондук;
* элдик чыгармачылыкты өркүндөтүүгө, коомдоштуктун маданий коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкондук;
* шаардын экономикасына өзгөчө салым кошкон;
* жогоруда аталган көрсөткүчтөр менен катар, атуул коомдук пайдалуу иштерге активдүү катышканы, үй-бүлөөлүк турмушта үйдү, короо жайды күткөндө үлгү болгону жана башка коомчулукка өтө керектүү кызматтарды көрсөткөндүгү эске алынат.
3. Чолпон-Ата шаарына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн, «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Чолпон-Ата шаарынын тургуну болбогон Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет мамлекеттердин атуулдарына ушул бөлүктүн экинчи пунктунда каралбаган, бирок ушул адамга бул наамдын берилиши чоң коомдук-саясий мааниге ээ болгондо ыйгарылышы мүмкүн.
III «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ыйгаруунун эрежелери
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү сунушту, Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, Чолпон-Ата шаардык мэриясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары жана кайрылуу иретинде уюмдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар бере алышат.
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштар комиссияга жеке түрүндө киргизилет жана ар бир талапкер боюнча өзүнчө каралат.
3. Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү өз талапкерлигин көрсөткөн адамдардын сунуштары каралбайт.
4. Адам каза болгондон кийин ага «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу сунуштары каралбайт.
5. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу (ыйгарбоо) жөнүндөгү чечим Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен, жашыруун (ачык) добуш берүү менен кабыл алынат жана Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен таризделет.
6. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында жылына бир жолу ыйгарылат.
7. Адаттан тышкары учурларда, өзгөчө мааниге ээ даталарга карата комиссия «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселени карайт жана ушул Жобого ылайык, маселени кезектеги сессиянын кароосуна киргизет.
8. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселе жана ал боюнча чечим, көрсөтүлгөн талапкерлердин катышууларысыз каралышы мүмкүн.
9. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлердин маселеси жылына бир гана жолу каралат.
10. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүү жылдын 1-январынан баштап 1-октябрына чейин кабыл алынат.
11. Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясы өз ишмердүүлүгүн ушул Жобого ылайык алып барат.
12. Комиссия:
* «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды, буга байланыштуу түшкөн материалдарды карайт,керек болсо кошумча документтерди шаардын мэриясынан талапкер жөнүндө маалыматты суратат.
* «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерди сессияда кароо жөнүндө чечим кабыл алат.
* Керек учурда «Чолпон-Ата шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу маселеси карала турган комиссиянын отурумуна талапкерди чакырат.
IV. Наамды тапшыруу жана Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдарын урматтоонун тартиби
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу тасмасы, төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылган адамга, салтанаттуу кырдаалда, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы жана Чолпон-Ата шаарынын мэри тарабынан, шаардык Кеңештин депутаттарынын, коомчулуктун көзүнчө тапшырылат.
2. Чолпон-Ата шаарынын атуулдарынын аты-жөнү «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдары» китебине хронологиялык тартипте жазылат.
3. Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдары, Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңеши жана Чолпон-Ата шаарынын мэри тарабынан, мамлекеттик майрамдарга арналган, Чолпон-Ата шаарында уюштурулган иш - чараларга жана башка маанилүү окуяларга чакырылат.
Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин жооптуу катчысы |
К.Кайдуева |
| № 2 тиркеме БЕКИТИЛДИ Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXX сессиясынын № 29/30-4 токтому менен 09.12.2020ж |
Чолпон-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча комиссиянын курамы
1.Кыстаубаева Роза Тентиевна - шаардык кеңештин депутаты, комиссиянын төрайымы;
2.Кайдуева Клара Джеңишевна - шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
3.Иманбеков Бердибек Шайлообекович-шаардын вице-мэри;
4.Чекиров Жоомарт Сокинович-карыялар кеңешинин төрагасы;
5.Кулабаев Улан Кеңешович- жүз башы;
6.Исакунов Олжо-жүз башы;
7.Көлбаев Нурбек-жүз башы
Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин аппарат жетекчиси |
К.Кайдуева |