Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2020-жылдын 18-майы № 102
Садыр аке айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 35-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 115, №118 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. Садыр аке айыл аймагынын калкынын саны 6022 болгондугуна байланыштуу мыйзамга ылайык Садыр аке айылдык кеӊешине жооптуу катчы кызмат орду каралсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К.Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |