Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 118
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;
8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;
9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
11) депутаттын өлүмү.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;
2) сот - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;
3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда, жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу маселесин толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.
Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.".
3-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.
2. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар Бишкек шаарынын мэри боло албайт.
4-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Шаардын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар
1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар, же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.
2. Шаардын мэри кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, мындай деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаардык мэри кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаардын мэри боло албайт.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-августундагы N 70 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларым ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |