Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 260
Чоң-Сары-Ой айылындагы айылдык Маданият үйүнө Абдыкалыков Улан Канатбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын айыл тургундарынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13,14 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7 беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чоң-Сары-Ой айылынын айылдык Маданият үйүнө “Абдыкалыков Улан Канатбекович” ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын астындагы тиешелүү комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Кожокеев |