Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 1-ноябры № 151
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194, 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын, жаратылыш ресурстарын сактоо жана сарамжал пайдалануу, маданий жана архитектуралык тарыхый мурасты туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык жана юридикалык база түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат. Мыйзам тоолуу аймактардагы адамдардын ишин жөнгө салуу үчүн негиз болууга тийиш.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Тоолуу аймактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Тоолуу аймактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер менен компенсациялар жөнүндө" Мыйзамынан, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан, аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерден турат.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Тоолук өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун субъекттери
Тоолук өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун субъекттери:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.
Тоолорду өнүктүрүү процессинде мамлекеттик жөнгө салуунун субъекттеринин катышуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3-статья. Мамлекеттик тоо саясаты жөнүндө жылдык доклад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө докладды жыл сайын даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылат.
4-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Гипсометрия (Hypsos - бийиктик) - жердин бийиктигин ченөө. Гипсометрикалык шкала - бийиктиктин баскычтары боюнча картада жердин рельефин боео үчүн колдонулуучу түстөрдүн шкаласы. Гипсометрикалык карталар - бул жарыш түз сызыктардын жана бийиктик тепкичтерди боеонун жардамы менен рельефти геометриялык так тартуу.
Тоолуу аймак - бөлөк-бөлөк бөлүнгөн рельефтин (аянт бирдигинде төмөнкү жана жогорку белгилердин коюлушу) терең базиси, табигый факторлордун комплекси бар белгиленген гипсометрикалык салыштырмалуу белгинин чектеринде жайгашкан жер, жаратылыш факторлоруна бийиктик, рельеф, ландшафт кирет. Ойдуңдардан кескин айырмаланган климаттык өзгөчөлүктөр табигый экотутумунун жашашынын өзгөчө параметрлерин шарттайт, адамдардын ден соолугуна, жашоо жагдайына жана күнүмдүк ишине таасир этүүчү алардын жашоо-турмушунун өзгөчө шарттарын түзөт.
Мамлекеттик тоо саясаты - мамлекеттин жалпы саясатынын курамдык бөлүгү, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик колдоонун негизги принциптерин аныктоого тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана алардын экономикалык жана экологиялык негиздерин сактоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын тутуму.
Тоолуу калктуу конуштар - ушул Мыйзам менен аныкталган тоолуу аймактардын чегинде жайгашкан айылдар (кыштактар), шаарчалар жана башка калктуу жерлер.
Тоолуу аймактардын тургундары - тоолуу калктуу конуштарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдар.
Тоону өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин каржылык, социалдык, инвестициялык, тышкы экономикалык жана башка багыттарына тоолуу аймактардын туруктуу жана теңдеш кызмат кылышына, тоолуу райондордун тургундарынын жашоосунун сапатын жакшыртуу жана деңгээлин жогорулатууда башкаруучулук таасир этүүнүн тутуму.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун артыкчылыктары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин убакыттын белгилүү бир мезгилинде тоолуу аймактар менен байланышкан мамилелерди өркүндөтүү боюнча негиздүү, кыйла маанилүү жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын стратегиялык максаттары менен аныкталуучу багыттары.
Мамлекеттик тоо саясатынын инструменттери - каржылык, социалдык, тышкы экономикалык, инвестициялык мамлекеттик саясатты пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын ар бир өзүнчө областтарында колдонулуучу тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн максаттуу программалары.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн максаттуу программасы - Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын инфраструктуралык, социалдык-экономикалык, табигый-ресурстук өнүктүрүүнүн проблемаларын чечүүдө укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, каржылык, социалдык мүнөздөгү жана башка материалдык каражаттары менен мазмуну, аткаруу мөөнөтү, ресурстары жана аткаруучулары боюнча өз ара байланыштырылган иш-чаралардын (жумуштардын) комплекси.
Тоолуу аймактардын мониторинги - мамлекеттик тоо саясатын ишке ашыруунун артыкчылыктарын, милдеттерин аныктоону, чыр-чатактарды, кедерги болуучу факторлорду негиздөө үчүн пайдаланылуучу маалыматты эсепке алуунун, жыйноонун, талдоонун жана жайылтуунун туруктуу колдонулуучу тутуму.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Тоолуу аймактардын чек аралары
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын тышкы чек аралары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат, ичкилерин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Тоолуу калктуу конуштардын тизмеси
Тоолуу калктуу конуштардын тизмеси колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Тоолуу аймактардын статусу
Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары төмөнкүдөй бөлүнөт:
деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикке чейин - жайпак тоолуу аймактар;
дениз деңгээлинен 1500дөн 2000 метрге чейин бийиктиктеги - орто бийиктеги тоолуу аймактар;
деңиз деңгээлинен 2000 жана андан ашык бийиктиктеги - бийик тоолуу аймактар.
Жапыз, орто жана бийик тоолуу аймактардагы жеке жана юридикалык жактардын экономикалык жана чарбалык иши колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Өзгөчө корголуучу табигый аймактарда (улуттук жана табигый сейил бактар, табигый эстеликтер, дендрологиялык сейил бактар жана ботаникалык бактар, дарылоо жайлары жана ден соолукту чыңдоочу курорттор) жаратылышты пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ар кыл параметрлерди (медициналык-биологиялык, жайгашкан ордунун бийиктиги, алыстыгы жана жетүүгө кыйындыгы, табигый-климаттык, социалдык-экономикалык чөйрөсү ж.б.) эске алуу менен республиканын ар бир калктуу конушу боюнча эсептелген негиздүү чен, өлчөмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине белгиленген тартипте киргизилиши жана/же андан чыгарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калк жашаган негизги зоналарды эске алуу менен тоолуу региондорду социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат жана кабыл алат.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктурүү жаатындагы ишинин артыкчылыктары
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу органдардын артыкчылыктуу ишине жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мыйзамдарды жана мыйзам менен белгиленген башка актыларды кабыл алуу кирет.
Аткаруу бийлик органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо, сарамжал пайдалануу жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы артыкчылык берилүүчү иши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- тоолуу райондордун тургундарынын жашоосуунун сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлиндеги айырмаларды кыскартуу үчүн шарттарды камсыз кылууну;
- тоолуу аймактын калкына социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүнү;
- тоолуу райондордун тургундарынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген райондук коэффициенттерди, эмгек акыга пайыздык үстөктөрдү эске алуу менен эмгекке акы төлөөнү;
- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууну, аларга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана ишке ашырууну;
- мамлекеттик кадастрды башкарууну жана жаратылыш ресурстарынын объекттери жөнүндө маалыматтар базасын түзүүнү;
- жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана сарамжал пайдаланылышын камсыз кылууну;
- жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын контролдоону;
- өзгөчө корголуучу табигый райондорду жана объекттерди коргоонун жана пайдалануунун режиминин сакталышын камсыз кылууну, ошондой эле аларга өзгөчө корголуучунун статусун берүү максатында объекттер менен аймактарды аныктоону;
- республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарга тиешелүү чечимдерди бекитүүнү;
- тоолуу аймактарда жайгашкан объекттердин жана жаратылыш ресурстарынын менчигинин түрүн өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алууну;
- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы уюмдар менен жаратылышты пайдалануучулардын ишин координациялоону;
- кызматкерлерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну;
- жаратылыш ресурстарын сактоо, коргоо жана пайдалануу жаатындагы республикалык программаларды, илимий изилдөөлөрдү координациялоого жана каржылык көмөк көрсөтүүгө;
- гидрометеорологиялык байкоолорду, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушун божомолдоону;
- тарыхый жана маданий мураска таандык эстеликтерди коргоону;
- тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты;
- тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында башка милдеттерди чечүүнү.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылыш ресурстарын коргоо менен пайдалануу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн республикалык программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу;
- тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардын аймактык уюмдарын түзүүгө катышуу;
- айлана-чөйрөнү коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин четтетүүгө катышуу;
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн максаттуу багыттагы фонддорун түзүү;
- жергиликтүү маанидеги суу объекттерин, кеңири тараган кендердин жана кен камтыган минералдар менен пайдалуу кендердин катмарларын жөнгө салууга жана пайдаланууга катышуу;
- тоолуу аймактардагы муниципалдык менчикти башкаруу;
- тоолуу аймактардын калкына социалдык колдоо көрсөтүү жана аларды иш менен камсыз кылуу;
- тоолуу аймактарда маданият, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, дене тарбия жана спорт менен башка ишканалардын, ошондой эле фермерчиликтин иштери үчүн шарттарды түзүү;
- тоолуу аймактардагы объекттер менен жаратылыш ресурстарын коргоону жана пайдаланууну контролдоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле башка мыйзам актыларына ылайык божомолдонуучу башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган
Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт. Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын түзүмү жана иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын башка мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыгы
Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган өз ишин айлана-чөйрө боюнча башка уюмдар, ошондой эле укуктары менен милдеттери бул жаатындагы Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка мыйзамдарына ылайык аныкталган жаратылышты пайдалануучулар менен координациялайт.
Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган өз ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташып пландаштырат.
12-статья. Жарандардын тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы укуктары
Жарандар тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык пайдаланууга укуктуу. Башка тең шарттарда тоолуу аймактардын калкына артыкчылык укугу берилет.
II Глава
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, калыбына келтирүүнүн жана коргоонун тартиби
13-статья. Геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана чалгындоонун тоолуу аймактардагы иш-аракеттери
Тоолуу аймактарда геологиялык чалгындоону, иштетүүнү жана башка чалгындоо жана геологиялык иштерди жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан мындай иштерди жүргүзүүгө атайын уруксаты барлар аткарат.
Мындай иштерди жүргүзүүнүн датасы жана орду тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жана башка ыйгарым укуктуу уюмдар менен колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алдын ала макулдашылат.
14-статья. Өзгөчө корголуучу тоолуу аймактарда чалгындоо иштерин жүргүзүү
Өзгөчө корголуучу тоолуу аймактарда чалгындоо иштери компетенциясында андайлар болгон уюмдар жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын укуктуу орган менен макулдашылгандан кийин аткарылат.
15-статья. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын экономикалык пайдалануу (пайдалуу кендерди казып алуу, өнөр жай жана башка объекттерди куруу, коммерциялык максаттарда ичүүчү жана минерал сууларын пайдалануу, карагай жыгуу, аңчылык, жайыттарды, чөп чабыктарды пайдалануу, жемиштерди, жашылчаларды, дары-дармек продукцияларын, өсүмдүктөрдү жыйноо ж.б.), жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тиешелүү түрлөрүн аныктаган туризм, альпинизм жана экскурсиялар мыйзамдар менен белгиленген иш-аракеттерге ылайык жүзөгө ашырылат.
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу убакыттын мезгил ичинде, ошол жаратылышты пайдалануучуга белгиленген тартипте берилген лицензия менен аныкталган тартипте жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.
Жаратылыш ресурстарын аларды коргоо максатында пайдалануу (токойлорду санитардык кыюу, жайыттарды жана чабынды жерлерди жакшыртуу, эрозияга, көчкүгө каршы чаралар ж.б.) колдонуудагы мыйзамга ылайык аткарылат.
16-статья. Жаратылышты пайдалануучулардын жаратылыш ресурстарын пайдалануудагы милдеттери
Жаратылышты пайдалануучу:
орду толбой турган жаратылыш ресурстарын (пайдалуу кендер жана башка ресурстар) сарамжал пайдаланууга;
кайра калыбына келүүчү жаратылыш ресурстарын, ичүүчү сууну жана минералдык суу булактарын, жер кыртышын, жандуу жаратылышты жана өсүмдүктөрдү сарамжал пайдаланууга жана алардын ордун толтуруу менен коргоону камсыз кылууга;
алардын өзүн-өзү ордуна келтирүүсүн салыштырмалуу кыска убакыттын аралыгында жол берген каражаттар жана усулдар менен орду толуучу жаратылыш ресурстарын пайдаланууга;
жерди анын физикалык жана химиялык бузулушуна, жаратылыш ресурсунун толук кыйрашына, суу жана шамал эрозиясына жана анын кесепетинен асылдуулугунун азайышына же толук жоголушуна алып келгендей пайдаланылышына жол бербөөгө тийиш.
Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Тоолуу аймактардагы орду толуп туруучу жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн жаратылышты пайдалануучунун жоопкерчилиги
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
18-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөөлөр
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу акыга жана акыдан бошотулушу мүмкүн.
Акыга пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:
- жер ресурстарын пайдалануу;
- кендерди, кен эмес жана башка пайдалуу казып алуулар;
- ичүүчү жана минералдык сууларды коммерциялык максаттарга тартуу;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу;
- өнөр жай максаттары үчүн суу башаттарын пайдалануу;
- өнөр жай жана башка коммерциялык мүнөздөгү объекттерди куруу;
- санаторийлерди жана курортторду куруу.
Акысыз пайдаланууга төмөнкүлөр кирет:
- коммерциялык эмес максаттар үчүн (илимий, изилдөө ж.б.) мөмөлөрдү, жемиштерди, козу карындарды жана дары-дармек өсүмдүктөрүн жыйнап алуу;
- ичүүчү суу, сугат катары (суу менен жабдуу, ирригация тармактары болбогон учурда) суу ресурстарын пайдалануу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тоолуу аймактардын калкы үчүн дарактарды турмуш-тиричилик максаттары үчүн санитардык кесүүнү пайдаланууда жеңилдиктер каралышы мүмкүн.
Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун тартибин жана аны пайдалангандык үчүн акынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194, 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
19-статья. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөөлөрдүн өлчөмү
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөөлөрдүн өлчөмү (салыктын көлөмү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ставкаларга ылайык аныкталат.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Тоолуу аймактарда жаратылышты пайдалануудагы жеңилдиктер
Тоолуу аймактарда жаратылышты пайдалануу үчүн тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн, менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият мекемелери үчүн, ошондой эле тоолуу аймактарда жайгашкан мекемелер үчүн товар өндүргөн жарандарга ар кандай жеңилдиктер каралат.
Эгерде колдонуудагы мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кийин бекитүүсү менен ар кандай жеңилдиктердин өлчөмдөрүн белгилейт.
21-статья. Салыктар жана төлөмдөр
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануучу, бирок тоолуу аймактарда каттоодон өтпөгөн жарандар колдонуудагы мыйзамдын ченемдерине ылайык салык төлөөгө тартылат.
Жер салыгынын өлчөмү республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөр (электр керектөө үчүн тариф, ирригация тармактарын пайдалануу менен сугат үчүн пайдаланылган суу үчүн төлөөлөр) тоолуу аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган жеке жана юридикалык жактар үчүн мыйзамга ылайык 50 пайызга кыскартылат жана алардын тизмеси "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
III Глава Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарынын менчиги
22-статья. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарынын менчигинин түрлөрү
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралгандай мамлекеттик, муниципалдык менчикте, ошондой эле менчиктин башка түрлөрүндө болушу мүмкүн.
23-статья. Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарына менчик укугу
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарынын объекттерин пайдалануу, башкаруу, менчиктөө укугу колдонуудагы мыйзамдарда каралган чегинде жаратылыш ресурстарынын ээсине таандык.
24-статья. Жаратылыш ресурстарына менчиктин түрүн аныктоонун жана өзгөртүүнүн тартиби
Жаратылыш ресурстарына менчиктин түрүн аныктоо жана өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш ресурстары элдин жеке менчиги болуп саналат.
Жаратылыш ресурстарына менчик түрүн жана менчик ээсин өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасына ылайык жүргүзүлөт.
IV Глава Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун экономикалык негиздери
25-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы экономикалык жөнгө салуулар
Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы экономикалык жөнгө салуулар кредиттөө, камсыздандыруу саясатынын негизинде жаратылыш ресурстарынын ээлеринен акчалай айып акыларды жана зыяндарды өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26-статья. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы иштерди каржылоонун булактары
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы ишти каржылык жактан колдоо тиешелүү деңгээлдеги бюджеттердин, ар кандай фонддордун, ыктыярдуу салымдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
27-статья. Тоолуу аймактарга инвестициялар
Тоолуу аймактарды инвестициялоо экономикалык жана социалдык өнүгүү максатында айрым региондорго жана аймактарга инвестицияларды (анын ичинде чет өлкөлүк), жаңы техникаларды жана технологияларды тартуу, туризмди өнүктүрүү, эс алууну өткөрүүнүн башка формалары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, тышкы экономикалык ишмердикти активдештирүү үчүн келип түшкөн инвестицияларды көбөйтүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай гана жолдор болбосун инвестициялоону жүзөгө ашыруу укугуна ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык, юридикалык, экологиялык, монополияга каршы жана башка талаптарды сактоо үчүн инвестициялык долбоорлорду экспертизадан өткөрүү укугуна ээ.
Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жагымдуу инвестициялык абалды түзүүнүн жана улуттук инвесторлор менен бирдей шарттардын негизинде гана жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк инвестицияларды жүзөгө ашырууда жеңилдик берүү жагдайы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
28-статья. Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган үчүн бюджет түзүүнүн тартиби
Тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын бюджети төмөнкүдөй келип түшүүлөрдөн түзүлүшү мүмкүн:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан;
- республикалык жана чет өлкөлүк инвесторлордун кирешелеринен;
- жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу төлөмдөрүнүн;
- эгерде алар колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбеген учурда, башка булактардан.
29-статья. Тоолуу аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бюджет түзүүнүн тартиби
Тоолуу аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджети төмөнкүдөй келип түшүүлөрдөн түзүлүшү мүмкүн:
- жергиликтүү салыктар жана жыйымдар;
- тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдарга берилүүчү ассигнованиелер;
- тоолуу аймактарда жаратылышты пайдалангандык үчүн салыктар жана төлөмдөр;
- демөөрчүлөрдүн каражаттары жана жарандардын ыктыярдуу төлөмдөрү;
- эгерде алар колдонуудагы мыйзамга каршы келбесе, башка каражаттар.
30-статья. Тоолуу аймактарда жаратылышты пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү бөлүштүрүүнүн тартиби
Тоолуу аймактарда жаратылышты пайдалангандык үчүн төлөмдөр тиешелүү өлчөмдө төмөнкү эсептерге которулат:
- аймагында жаратылышты пайдалануу объектилери жайгашкан же бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине - 90 пайыз;
- республикалык бюджетке - 10 пайыз.
31-статья. Тоолуу аймактарда ижара акыларын бөлүштүрүүнүн тартиби
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарына жана объекттерине тиешелүү ижаралык келишимдин каражаттары колдонуудагы мыйзамга ылайык келип түшөт.
32-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш объекттерин жана ресурстарын камсыздандыруу
Тоолуу аймактардагы мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик, ошондой эле жаратылыш ресурстарын камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
V Глава Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу
33-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча республикалык программалар
Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча республикалык программалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана республикалык бюджетке ылайык каржыланат.
Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча республикалык программаны ишке ашыруу тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
34-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын жөнгө салуу жана башкаруу боюнча мамлекеттик мекемелер
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу жаратылыш ресурстарын пайдалануу, коргоо жана калыбына келтирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органдар жана алардын компетенциясынын чегинде тоолуу аймактар боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган аткарат.
35-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик контроль
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органдары, алардын компетенциясынын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
Аткаруу бийлик органынын жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органынын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
36-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы мамлекеттик экологиялык экспертиза
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо жаатындагы мамлекеттик экологиялык экспертизаны, ошондой ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар жана уюмдар белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
Тоолуу аймактардагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча бардык иштердин долбоорлору боюнча алдын ала долбоорлоонун этабын кошкондо милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтүүгө тийиш.
Мамлекеттик экологиялык экспертиза курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын чечими сот тарабынан токтотулушу мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-статья. Тоолуу аймактарда илимий жана билим берүү иши
Тоолуу аймактардагы илим-изилдөө жана билим берүү иши мамлекеттик жана коомдук уюмдар тарабынан мамлекеттик бюджеттин, ошондой эле коомдук жана башка фонддордун эсебинен жүзөгө ашырылат.
VI Глава Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана сактоо жаатындагы чет өлкөлүк жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери
38-статья. Эл аралык кызматташтык
Мамлекет тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, Кыргыз Республикасынын келишимдерин аткарууну камсыз кылат.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен эл аралык кызматташтыгы эл аралык укукту сактоонун, тараптардын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде түзүлөт.
Эл аралык кызматташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленет.
39-статья. Эл аралык келишимдер
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамына ылайык алынып салынган)
40-статья. Чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган укукка, милдеттүүлүккө жана жоопкерчиликке ээ.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VII Глава Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
41-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузган жарандар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
42-статья. Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу тартибин бузгандык үчүн жоопкерчилик жана зыяндардын ордун толтуруу
Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарына зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар алардын ээлерине келтирилген зыяндардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга тийиш.
(КР 2003-жылдын 10-августундагы № 194 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VIII Глава
Корутунду жобо
43-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |