Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июлу № 5
Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө
Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын президиуму төмөнкү курамда бекитилсин:
Президиумдун төрагасы:
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.
Президиумдун мүчөлөрү:
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
Бишкек шаардык кеңешинин "Эмгек" фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңешинин "Ишеним" фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңешинин "Ынтымак" фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын лидери.
Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңешинин президиуму жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К.К. Конгантиев |