Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 2 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин
РЕГЛАМЕНТИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 122, 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 200, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 166, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2023-жылдын 16-мартындагы № 70, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 77, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1, 2024-жылдын 23-декабрындагы№ 5, 2025-жылдын 7-октябрындагы № 51, 2026-жылдын 31-мартындагы № 81, 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШ-АРАКЕТИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Бул регламентте колдонулуучу терминдер
2-глава. Жалпы жоболор
3-глава. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
4-глава. Шаардык кеңештин жетекчилиги
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу комиссиялары
6-глава. Шаардык кеңештин президиуму
II БӨЛҮК. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
8-глава. Депутаттык фракциялардын иши
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси. Шайлоочулардын суроо-талаптары
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
10-глава. Шаардык кеңештин сессиясынын даярдоо жана өткөрүү тартиби
11-глава. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
12-глава. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
13-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
14-глава. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү
15-глава. Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
16-глава. Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
16-1 глава. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тартиби
16-2 глава. "Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү
17-глава. Үстүбүздөгү жылга Бишкек шаарынын бюджетин кароо жана кабыл алуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу өзгөчөлүгү
18-глава. Токтомдордун аткарылышына контроль
19-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын, президиумунун жана башка органдарынын жыйналыштарынын протоколу
IV БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
20-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
21-глава. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
22-глава. Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
23-глава. Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
24-глава. Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
25-глава. Депутаттын жардамчылары
26-глава. Эл аралык кызматташуу
V БӨЛҮК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
27-глава. Аппараттын иши
28-глава. Аппарат жетекчи
29-глава. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери
30-глава. Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду жүзөгө ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарынын, жергиликтүү кеңештердин иш-аракетин, иш-кагаздарды жүргүзүүнү уюштуруу, муниципалдык кызматта болууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан.
I БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШ-АРАКЕТИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Бул регламентте колдонулуучу терминдер
1. Бул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:
1) шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын базасы - шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жана катталган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдордун жыйнагы;
2) компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;
4) ченемдик укуктук актынын долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен КР мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;
5) ченемдик укуктук акт - шаардык кеңештин компетенциясынын чегинде укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
6) ченем жаратуу иш-аракети - токтомдорду даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
7) ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
8) ыйгарым укуктар - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
9) жыйындын протоколу - жыйындын жүрүүсүндө жүргүзүлгөн жазуулардын, берилген баяндамалардын, чыгып сүйлөөлөрдүн, маалымкаттардын тезистерин, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлгөн документ;
10) шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт;
11) фракция - депутаттык фракция - бир саясий партиядан тизме боюнча шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси;
"Фракциялардын коалициясы" (мындан ары - коалиция) коалицияга биригүү үчүн каалоосун билдирген жана Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында фракциянын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө жарыялаган фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.
12) экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын колдонулуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайыктыгын талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-аракети.
13) добуш берүүнүн жекече карточкасы - бул ар бир маселе боюнча депутаттын жеке добуш берүүсүн камсыздоочу карточка.";
14) шаардык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт;
15) шаардык кеңештин төрагасынын буйругу - бул шаардык кеңештин төрагасынын оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, ал тарабынан жекече төмөнкү формада кабыл алынат;
16) оперативдүү-чарбалык иш - функцияларды, милдеттерди жана кабыл алынган милдеттенмелерди уюштурууга жүктөлгөн аткаруу үчүн жетекчилердин, кызматкерлердин иши
Бул Регламентте колдонулуучу, бирок бул главада камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 122, 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2024-жылдын 23-декабрындагы № 5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Жалпы жоболор
2. Бишкек шаардык кеңеш (мындан ары - шаардык кеңеш) - КР мыйзам тарабынан белгиленген тартипте шаардык жамаат тарабынан түздөн-түз шайлануучу жана өз иш-аракетин коллегиалдуу негизде жүзөгө ашыруучу, шаардык өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүк органы.
Пропорционалдык системасы боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 51 депутаттан турат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Шаардык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, өзүнүн атынан сатып ала алат жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын (мындан ары - КР) мыйзамына кирген анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, алардын аткарылышына контролду жүргүзөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Шаардык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды шаардык кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун анын ишин уюштурууну аныктайт.
5. Сессия - шаардык кеңештин жогорку органы болуп саналат. Шаардык кеңештин сессиясы 1-сентябрдан 1-июлга чейин өткөрүлөт. 1-июлдан 1-сентябрга чейинки мезгил депутаттык каникул болуп жарыяланат. Сессиянын чечими боюнча депутаттык каникул жокко чыгарылышы мүмкүн.
Депутаттык каникул мезгилинде кезексиз сессияларды, ошондой эле кезексиз сессияларда карала турган маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүүгө жол берилет
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Сессиянын, Президиумдун, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, шаардык кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар шаардык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
7. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана депутаттар тарабынан чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет.
Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелерди кароого кызыккан жактар чакырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Шаардык кеңештин депутаты КРнын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик кызматта же башка муниципалдык кызматта боло албайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердикке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
10. Шаардык кеңештин депутаты менчиктин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясынын демилгеси боюнча (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурлардан тышкары) иштен бошотулбайт, ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын-ала макулдашпастан, тартип жазасы катары төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулбайт.
3-глава. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
11. Өткөн чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштагы биринчи сессиясы ачылган же шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурдан тартып токтотулат.
12. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шаардык кеңештерди шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин эки жумадан кечиктирилбестен мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
Шаардык кеңештин биринчи сессиясын жашы боюнча улуу депутат ачат жана шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
12.1. Биринчи сессияда сессиянын күн тартибин кароого чейин шаардык кеңешинин депутатынын ант берүүсү болот".
Шайланган депутат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине оң колун коюп, шаардык кеңешинин алдында мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү мазмундагы ант берет:
"Мен, ___________________________ , Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КР мыйзамдарын жана башка укуктук ченемдик актыларын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин сактоого, депутаттын милдеттерин Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын жарандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызыкчылыгына аткарууга ант беремин.".
Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.
Шаардык кеңешинин бардык жаңы келген депутаттары сессияда ант беришет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 166 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Берилген регламенттин 12-1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 12-1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
13. Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт.
14. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын, шаардык кеңештин төраганын орун басарларын шайлоо, фракцияларды каттоо жана алардын лидерлерин аныктоо, туруктуу комиссиялардын тизмегин, алардын курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө жана башка кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Шаардык кеңештин төрагасы шайлангандыгы жөнүндө токтомго сессияда төрагалык кылуучусу кол коет.
Мындан ары бардык кабыл алынган токтомго жана протоколго жаңы шайланган шаардык кеңештин төрагасы же сессияда төрагалык кылуучу кол коет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 , 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Шаардык кеңештин жетекчилиги
§ 1. Шаардык кеңештин төрагасы
16. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
Көрсөтүү жөнүндө негиздүү чечими бар фракциялар шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна ээ.
Шаардык кеңештин фракциялары сессияда төрагалык кылуучуга шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү көрсөтүүнү киргизишет. Сессияда төрагалык кылуучу көрсөтүү кезеги боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзөт жана аны угуза айтат.
Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер өзүнүн талапкерлиги жашыруун добуш берүү бюллетенине киргизилгенге чейин баш тарта алат. Өзүн-өзү алып салуу добуш берүүсүз кабыл алынат.
Эгерде шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо экиден ашык талапкер катышып, алардын бири дагы добуштардын тийиштүү санын ала албаса, эң көп добуш алган эки талапкердин арасында шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын тийиштүү санын ала албаса, ошол эле тартипте жаңыдан көрсөтүү жана кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүү бюллетенине киргизилген жана депутаттардын жалпы санынан тийиштүү көпчүлүк добушун ала албаган депутаттар кайра көрсөтүүгө жол берилбейт.
Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош кызмат орду түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде фракциялар ушул регламентте белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Шаардык кеңештин төрагасы кызматына талапкер шаардык кеңештин депутаттарынын алдында өзүнүн программасы менен чыгып сүйлөйт жана алардын суроолоруна жооп берет.
Ага чыгып сүйлөөгө 7 минутага чейин, суроолорго жооп берүүгө 12 минутага чейин жана жыйынтыктап чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
18. Шаардык кеңештин төрагалык кызмат ордуна талапкерди жактап же ага каршы чыгып сүйлөөгө 3 минутага чейин убакыт берилет.
19. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
20. Талкуулоо токтогондон кийин эсептик комиссия шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлердин фамилиясын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
21. Эгерде талапкер депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш ала албаса, жаңы көрсөтүү жүргүзүлөт.
22. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
23. Шаардык кеңештин төрагасынын шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
24. Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
25. Шаардык кеңештин төрагасы:
1) шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
2) шаардык кеңештин сессиясын даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелердин даярдыгын контролдойт;
3) шаардык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын аткарылышына контролду ишке ашырат;
4) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
5) шаардык кеңештин аппаратынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
6) шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагалары тарабынан алардын кызматтык милдеттеринин аткарылышын контролдойт;
7) фракцияларга жана депутаттарга өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, жарандарды кабыл алууда, шайлоочулар алдында отчет берүүдө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарынын жана милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди карайт;
8) шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө айкындуулукту камсыз кылат;
9) шаардык кеңешти мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз ара башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамиледе көрсөтөт;
10) шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүсүн уюштурат;
11) Шаардык кеңештин аппаратынын түзүмүн, аппарат жана анын бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
12) оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан буйрук формасында жекече кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
13) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин көрсөтүүсү боюнча шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
14) шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдар сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
15) шаардык кеңештин жана анын органдарынын, депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин аброюн жана кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
16) шаардык кеңештин карамагында турган жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту жана ошондой эле аймактарды пайдаланууну контролдойт;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылат.
18) орун басарларынын ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт;
19) туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет;
20) зарылчылыкка жараша Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жыйындарын чакырат;
21) кечиктирилгис маселелерди ыкчам чечүү үчүн кээ бир маселелер боюнча жумушчу топторду түзө алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2023-жылдын 16-мартындагы № 70, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1, 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
§ 2. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
(Параграфынын аталышында Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин фракцияларынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шайланат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
27.Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын добуштарынын тийиштүү санын ала алышпаса, шаардык кеңештин фракциялары жаңы талкуу жана добуш берүү өткөрүлө турган, талапкерлер тууралуу жаңы жазуу жүзүндөгү сунушту киргизишет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
28.Шаардык кеңештин төрагасынын бир орун басары туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишмердиктен тышкары башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө укугу жок.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
28-1. Өзгөчө учурларда шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын сунушу боюнча коомдук башталыштагы төраганын орун басарын шайлай алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
30. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:
1) Төрага жок болгон учурда анын функцияларын аткарат;
2) фракциялар, туруктуу комиссиялар менен өз ара аракеттенишүүнү жүзөгө ашырат;
3) шаардык кеңештин эл аралык уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенишүүсүн жүзөгө ашырат;
4) төраганын тапшырмасы боюнча шаардык кеңештин сессиясын алып барат;
5) шаардык кеңештин төрагасынын башка тапшырмаларын аткарат.
Эскертүү: Берилген регламенттин 30-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 30-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын суранычы боюнча, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогон жагдайларга байланыштуу, шаардык кеңеш тарабынан шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынат.
32. Эгерде шаардык кеңештин төрагасынын же шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, шаардык кеңештин төрагасы же шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген мөөнөттө өз ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
33. Өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары жашыруун добуш берүү менен өз кызматтарынан чакырылып алынышы мүмкүн. Аларды чакырып алуу жөнүндө маселени депутаттардын үчтөн биринин же фракциянын демилгеси менен киргизилиши мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Шаардык кеңештин төрагасын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын чакырып алуу боюнча жашыруун добуш берүү бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
35. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын чакырып алуу жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды болуп эсептелинет. Шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын чакырып алуу боюнча жашыруун добуш берүү бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу комиссиялары
(Главанын аталышында Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Шаардык кеңеш туруктуу, убактылуу комиссияларды түзөт. Шаардык кеңештин депутаттарынын комиссиялардын ишине катышуусу бул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык фракциялардын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү болуп эсептелинет жана шаардык кеңештин токтому менен кезектеги чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө түзүлөт.
38. Туруктуу комиссиялардын тизмегин, иш багытын, сандык курамын, түзүлүш тартибин жана ишин шаардык кеңештин сессиясы аныктайт.
Туруктуу комиссиялардын сандык курамы: ар бир туруктуу комиссияда ар бир фракциядан депутат катышуусу керек.
Ар бир фракциядан туруктуу комиссиядагы депутаттардын саны ар бир фракциядан мандаттардын санына пропорционалдуу болуусу тийиш
Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кириш керек.
(Абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомуна ылайык алынып салынган)
Туруктуу комиссиялардын курамы боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 77, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1, 2024-жылдын 23-декабры № 5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнүн ичинде, зарыл болгон учурда шаардык кеңеш жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзүүгө жана мурда түзүлгөн туруктуу комиссияларды жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Шаардык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Шаардык кеңештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире албайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Убактылуу комиссияларды түзүүдө, анын курамына фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин каалаган депутаты кире алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
41-1 Айрым маселелерди талдоо үчүн шаардык кеңеш убактылуу комиссия түзүшү мүмкүн. Убактылуу комиссия түзүүдө анын курамына шаардык кеңешинин каалаган депутаты кире алат.
Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө негизделген (максаттары, милдеттери, маселелердин чөйрөсү) сунушту фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар киргизиши мүмкүн. Ал президиумда каралбайт.
Убактылуу комиссиянын курамы шаардык кеңешинин сессиясында, шаардык кеңештеги фракциялардын пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен жана төраганын сунушу боюнча түзүлөт. Зарыл болгон учурларда туруктуу комиссиялардын курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле адистер, эксперттер жана окумуштуулар кириши мүмкүн.
Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү, ал түзүлгөн күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Зарыл болгон учурларда шаардык кеңештин төрагасынын тескемеси менен комиссиянын иштөө мөөнөтү 30 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.
Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат каттар, таблицалар жана башка материалдар даярдалат. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар тийиштүү туруктуу комиссияга жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өз курамынын ичинен туруктуу комиссиянын төрагасын жана экиден ашык төраганын орун басарларын шайлашат.
Туруктуу комиссиялардын төрагасы жана төрагасынын орун басарлары туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
(Абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомуна ылайык алынып салынган)
Шаардык кеңештин чечими боюнча, экиден көп эмес туруктуу комиссиянын төрагалары өз ишин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзө алышат. Ошону менен бирге, аталган төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган учурлардан тышкары акы төлөнүүчү башка кызматты ээлөөгө укуксуз.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 122, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1, 2024-жылдын 23-декабрындагы № 5 токтомдорунун редакциясына ылайык)
43. Шаардык кеңеш тарабынан туруктуу комиссиянын мүчөсү тарабынан шайлаган туруктуу комиссиянын төрагасы, төраганын орун басарлары бекитилбеген учурда, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү анын талапкерлигин дагы бир жолу кайталап бекитүүгө же шайлоого жана туруктуу комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарларынын жаңы талапкерлигин бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Туруктуу комиссиянын төрагасы, төраганын орун басарлары өз милдеттерин аткарбаган учурда, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди эркин кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди жана корутундуларды кабыл алышат.
46. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин сессиясынын алдында жооптуу жана төрагага отчет беришет.
Шаардык кеңеш төрагасы каалаган убакта туруктуу комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчет суроого укуктуу.
Кезектеги жыл аяктаганда туруктуу комиссия шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу түрүндөгү отчет берет.
47. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өз компетенциясынын чектеринде:
1) шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү менен байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын-ала кароону жүзөгө ашырат, тийиштүү корутундусу менен аларды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
2) шаардын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча сунуштарды шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
3) шаардын аймагынын экономикалык өнүктүрүү планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын-ала карашат, алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын даярдашат, шаардык бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жана сунуштарды берет;
4) туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин бекитет.
Өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
5) кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
6) шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуулоо үчүн башка туруктуу комиссияга берүү тууралуу сунушту киргизет;
7) башка туруктуу комиссия тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өз сунушун берет.
8) КРнын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, алардын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн билүү максатында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүшөт.
9) кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катышат;
10) жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, ошондой эле туруктуу комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
11) ушул регламент тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерге мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
12) шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңешке отчет берүүчү же контролдо болуучу органдын же кызмат адамдын отчетун же маалыматын угуу боюнча, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин, анын аймагында иштөөчү башка органдардын жана кызмат адамдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуш киргизет.
Ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга карата туруктуу комиссия көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн тартууга укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47-1. Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын жана башка чечимдерди мониторинг жүргүзүү жана баалоо алардын аракетинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды жаңы кабыл алынган, андан да жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга прокурордук чара көрүү актыларынын чыгуусун алдын алуу, ошондой эле сот органдары тарабынан ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес, күчүн жоготту деп таануу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
47-2. Мониторингдин принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
мониторингдин айкындуулугу жана объективдүүлүгү;
тутумдуулугу;
ачыктыгы;
ченемдик укуктук актыларды талдоонун ар тараптуулугу;
мониторинг жүргүзүүдө колдонулуучу маалыматтын актуалдуулугу жана аныктыгы;
тыянактардын аргументтүүлүгү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
47-3. Мониторинг төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
ченемдик укуктук актыны талдоо;
ченемдик укуктук актынын колдонулушу тууралуу укук колдонуу жана сот практикасынын маалыматтарын аналитикалык жалпылоо.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
47-4. Мониторингди жүзөгө ашырууда төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасы жөнүндө маалымат жалпыланат жана талданат:
адамдын жана жарандын кепилденген укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын сактоо;
ченемдик укуктук актылардын болуусу, эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылар тарабынан каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун (чыгаруунун) зарылчылыгы;
ченемдик укуктук актыда коррупциялык факторлордун болуусу;
укуктук жөнгө салуунун толуктугу;
укук ченемдеринин коллизияларынын болуусу;
юридикалык-техникалык мүнөздөгү каталардын болуусу;
ченемдик укуктук актыны колдонуу менен байланышкан, анын ичинде ченемдик укуктук актынын жоболорунун маанисин бурмалоо жана аны колдонуунун бирдейлигин бузуулары менен укуктук жөнгө салуудагы коллизиялары жана боштуктары бар кайрылуулардын саны жана мазмуну.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
47-5. Анын компетенциясына кирбеген карама-каршы келген, эскирген, коррупциялык, декларативдик жана натыйжасыз ишке ашырылып жаткан укук ченемдери табылган учурда шаардык кеңештин тийиштүү токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары аларга тийиштүү болгон маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдардын, жергиликтүү администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
Ченемдик укуктук актыларды мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында туруктуу комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүн жана кызматтарын тартууга укуктуу.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдүү-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
49. Туруктуу комиссиялар каралуучу маселелерди даярдоо үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан, адистерден, эксперттерден жана окумуштуулардан маалымат сурай алат. Ошондой эле, контролду камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясына жана тийиштүү кызматтарга суроо-талаптар жөнөтүлөт.
Туруктуу комиссиялар алардын кароосунда болгон маселелер боюнча шаардык кеңештин башка туруктуу комиссияларынын пикирин сурай алышат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Туруктуу комиссиялардын жыйындары зарылчылыкка, бирок айына бир жолудан кем эмес жараша чакырылат.
Туруктуу комиссиянын жыйындарын өткөрүү жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасы туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жана шаардык кеңештин башка депутаттарын, ошондой эле чакырылган жактарды үч суткадан кеч эмес мессенджер же электрондук почта аркылуу шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери аркылуу билдирет. Туруктуу комиссия жашыруун жана көчмө жыйындары өткөрүүсү мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Туруктуу комиссиянын жыйыны, ага туруктуу комиссиянын курамынын жарымынын көбү катышканда укук ченемдүү. Туруктуу комиссиянын чечими туруктуу комиссиянын курамынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
52. Туруктуу комиссиянын жыйындарына бул туруктуу комиссиянын мүчөсү болбогон депутаттар кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирлерин айта алышат.
53. Туруктуу комиссиялардын жыйындарынын чечимдерине жана корутундуларына туруктуу комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда туруктуу комиссиялардын төрагасынын орун басары кол коет. Өзгөчө учурларда, туруктуу комиссиянын төрагасы жана анын орун басары жок болгон учурда жыйынга катышкан туруктуу комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтому менен берилген регламенттин 53-пунктунун расмий тилдеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди.
54. Бир канча туруктуу комиссияларга тийиштүү болгон маселелерди талдоо жана кароо биргелешкен жыйындарда жүргүзүлөт.
55. Биргелешкен жыйындар эгерде ага ар бир туруктуу комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү. Туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйынын бул туруктуу комиссиялардын төрагалары ич ара макулдашуу боюнча алып барышат.
Биргелешкен жыйында каралуучу маселелер боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана бул туруктуу комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Эгерде төрагалардын бирөөсү туруктуу комиссиялардын чечимине кол коюудан баш тарткан учурда, ал төрага болуп эсептелген туруктуу комиссиянын мүчөлөрү кол коюу укугун төраганын орун басарына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
56. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн туруктуу комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө маалымдайт;
2) туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте туруктуу комиссиянын отурумунун иш-планын жана күн тартибинин долбоорун түзөт;
3) бул комиссияны тейлеген Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкери аркылуу туруктуу комиссиянын жыйынын чакырат, туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин түзөт жана керектүү документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
4) туруктуу комиссиянын чечими боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
5) туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн туруктуу комиссиянын иши менен байланышкан материалдар жана документтер менен тааныштырат;
6) туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө убактылуу топтордун ишине катышууну сунуштайт;
7) туруктуу комиссияны тейлеген шаардык кеңештин аппаратынын кызматкери аркылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн чакырат;
8) туруктуу комиссиянын жыйынында төрагалык кылат;
9) шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен дайыма байланышта болот, аларды туруктуу комиссиянын жыйынында каралган маселелер, ошондой эле, туруктуу комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымдайт;
10) туруктуу комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча ишти уюштурат, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн туруктуу комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө маалымдайт;
11) жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында туруктуу комиссиянын иши жөнүндө отчет берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
57. Туруктуу комиссиянын төрагасы туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен алдын-ала макулдашуусуз маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында туруктуу комиссиянын атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз.
57-1. Туруктуу комиссиянын төрагасы жок болгондо, туруктуу комиссия комиссиянын жыйынын чакыруу жана туруктуу комиссиянын жыйынынын күн тартибин түзүү туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Туруктуу комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары жок болгондо, туруктуу комиссиянын жыйыны туруктуу комиссиянын курамынан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен чакырылышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Ар бир депутат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) маселелерди даярдоого жана талкуулоого катышууга;
3) шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Бул маселелер боюнча отчеттор жана маалыматтар туруктуу комиссиялардын жыйындарында угулат.
59. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө:
туруктуу комиссиянын жыйындарынын күн тартиби, талкууланып жаткан маселелердин кароо тартиби жана мааниси боюнча;
туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызмат жактарынын маалыматын угуу жөнүндө;
туруктуу комиссиянын чечимдеринин долбооруна:
2) өз сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымкаттарды берүүгө;
3) туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
60. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын ишинде активдүү катышууга, анын кабыл алган чечимдерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, туруктуу комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
61. Туруктуу комиссиянын мүчөсүнө турктуу комиссиянын иши маселеси боюнча туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн.
Туруктуу комиссия тарабынан каралуучу бардык маселелерди чечүүдө активдүү катышуу үчүн туруктуу комиссиянын мүчөсүнө шарттар камсыз кылынат жана керектүү материалдар берилет.
62. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү туруктуу комиссиялардын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссияга тийиштүү маселелерди жеринде талдап чыгат, туруктуу комиссияга өз жыйынтыктарын жана сунуштарын билдирет.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү туруктуу комиссиянын колдоосуна ээ болбогон сунушту шаардык кеңештин сессиясына бул маселени талкуулоодо аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизе алат.
63. Жаңы туруктуу комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу же кайра түзүү жөнүндө шаардык кеңештин тийиштүү токтому кабыл алынат.
Туруктуу комиссияны жоюу жөнүндө шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу менен бир эле убакта бул туруктуу комиссиянын төрагасынын, анын орун басарынын тийиштүү ыйгарым укуктары токтотулат. Бул учурда шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын кайра чакырып алуу жөнүндө өзүнчө токтом кабыл алынбайт.
Шаардык кеңештин жаңы туруктуу комиссияларын түзүү же мурда түзүлгөндөрдү кайра түзүү же жоюу маселелери боюнча чечим шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
6-глава. Шаардык кеңештин президиуму
64. Шаардык кеңештин Президиуму (мындан ары - Президиум) шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзүү, шаардык кеңештин иш-планын бекитүү үчүн, ошондой эле шаардык кеңештин ишинин кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн түзүлөт.
65. Президиумдун курамы бул чакырылыштын ыйгарым укуктар мөөнөтүнө шаардык кеңештин сессиясы бекитилет.
66. Президиум өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Регламентке ылайык жүзөгө ашырат.
67. Президиумдун курамына шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, фракциялардын лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары кирет.
Президиумду шаардык кеңештин төрагасы жетектейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Президиум:
1) шаардык кеңештин иш-планын бекитет;
2) шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
3) шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоо боюнча кызматтык жактардын маалыматтарын угат;
4) шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитүү үчүн шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды пландаштырат;
5) шаардык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларын чакыруу, ошондой эле депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;
6) шаардык кеңештин ишин жакшыртуу боюнча ишин уюштурат жана координациялайт;
7) шаардык кеңештин кечиктирилгис маселелерин карайт;
8) алдын-ала төмөнкү сунуштарды карайт:
шаардык кеңештин депутаттарынын иш сапарлары боюнча.
9) шаардык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессияларынын датасын которуу жөнүндө.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Президиум зарылчылыкка жараша, үч айда бир жолудан кем эмес чакырылат жана президиумдун мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү болгондо укук ченемдүү.
Президиумду шаардык кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда төраганын орун басары чакырат жана алып барат.
Фракциялардын лидерлери жана туруктуу комиссиялардын төрагалары негиздүү себептер менен жок болгон учурда, алардын орун басарларынын катышуусу укук ченемдүү.
70. Президиумдун жыйындарына шаардык кеңештин ар бир депутаты катышууга укуктуу.
Шаардык кеңештин төрагасынын чакыруусу боюнча президиумдун жыйындарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.
71. Президиумдун мүчөлөрүнө жана анын жыйынына катышуучу жактарга президиумдун кароосуна киргизилген маселелер жөнүндө күн мурун кабарланат. Алар боюнча керектүү материалдар берилет.
72. Сессиянын өтүү күнү жана сессиянын күн тартибин түзүлүшү жөнүндө президиумдун токтому анын жыйынында катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
73. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин депутаттарын президиум тарабынан кабыл алынган протоколдук чечимдер жөнүндө маалымдайт.
74. Президиумдун жыйыны протокол менен жол-жоболоштурулат.
Президиум тарабынан кабыл алынган чечим шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
II БӨЛҮК. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
75. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
76. Депутаттык фракция (мындан ары - фракция) партиялык тизменин негизинде түзүлөт. Фракция шаардык кеңештин сессиясында аны түзүү жөнүндө жарыяланган күндөн тартып катталган болуп эсептелет.
Фракциянын жетекчиси бир эле убакта шаардык кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат ордун ээлей албайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 122, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
77. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өз курамына киргизе албайт.
Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
Депутаттын ал шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
78. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
2) шаардык кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
79. Фракцияны алар тарабынан шайлаган лидер жетектейт.
Фракция лидеринин ыйгарым укуктары:
1) шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;
2) фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
3) фракциянын чечимдерине кол коет;
4) фракциянын ичинде тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
5) фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органдарына талапкерлерди сунуштайт;
6) фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланып жаткан маселелер боюнча, ошондой эле фракциянын коалицияга кирүүсү жөнүндө анын саясий көз карашын жарыялайт;
8) шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү менен жана жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;
9) катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат-шаардык кеңештин сессиясынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш-чараларына фракциялардын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат.
Фракциянын лидери бир эле учурда төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызмат орундарын ээлей албайт.
8-глава. Депутаттык фракциялардын иши
80. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шаардык кеңеш тарабынан каралуучу маселелер боюнча саясий позициясын билдирүүгө;
2) шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) фракциянын өкүлүн фракциянын атынан арыздар, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирүүлөр жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
4) фракциялардын жыйынына кызыккан адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
5) шаардык кеңештин ар жылдык иш-планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
6) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
7) делегациялардын курамына фракциялардын мүчөлөрүн киргизүү (чакыртып алуу) боюнча сунуш киргизүүгө;
8) кээ бир маселелерди иликтөө боюнча убактылуу комиссияларды түзүү боюнча сунуш киргизүүгө;
9) тигил же бул маселе боюнча депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
11) шаардык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизүү үчүн айрым талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
12) фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого, ошондой эле шаардык кеңештин сайтына жайгаштырууга;
13) фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында тийиштүү чараларды көрүүгө.
14) шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүүчү же шаардык кеңеш контролдоочу органдын же кызмат адамынын, ошондой эле анын аймагында иштеп жаткан башка органдардын жана кызмат адамдардын шаардык кеңештин компетенциясына кирүүчү башка маселелер боюнча отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
80-1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
81. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
82. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
83. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
84. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
85. Шаардык кеңештин фракциялары социалдык, экономикалык, маданий өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жана шаардын бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланышты жүзөгө ашырат, алардын кызыкчылыгын жана суроо-талабын билдирет жана эске алат.
86. Шаардык кеңеш тарабынан белгиленген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссияларынын төрагалары шайлоочуларды дайыма кабыл алууну жана жолугушууну өткөрөт.
87. Шаардык кеңештин фракциясы өздөрүнүн шайлоочулары менен дайыма байланышта болот.
Шайлоочулар фракцияларга, депутаттарга суроо-талап бере алышат. Фракциялар, депутаттар шайлоочулар алдында жооптуу жана аларга отчет беришет.
88. Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн атына же шаардык кеңештин дарегине келген жарандардын жазуу түрүндөгү кайрылуусун аларга келген сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карай турган фракциялардын, туруктуу комиссиялардын, депутаттардын кароосу үчүн жөнөтүүгө укуктуу жана алардын туура жана өз убагында чечилиши боюнча чара көрөт.
Шаардык кеңеш тарабынан алынган сунуштар, арыздар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларды кароого жана кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине, ошондой эле шаардык кеңешке билдирүүгө милдеттүү болгон тийиштүү органдарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтүлөт.
89. Шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес өз иши жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
Фракциялардын отчету шайлоочулардын жыйналыштарында ар кандай убакта өткөрүлөт.
Фракциялардын отчетун өткөрүү жөнүндө шаардык кеңеш же анын органдары белгиленген тартипте маалымдайт.
90. Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциялардын мүчөлөрүнө отчетторду жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн керектүү шарттарды камсыз кылат.
Шаардык кеңеш фракциянын мүчөлөрүн отчет үчүн керектүү сурап-билүү жана маалыматтык материалдар менен өз убагында камсыз кылат.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан чагылдырылат.
91. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоону, аларды алдын-ала макулдашууну жана шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүүнү фракциянын лидери, ал жок болгондо - фракциянын лидеринин орун басары жүргүзөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Шаардык кеңештин сессиясы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана алардын ишке ашырылышы боюнча иш-чаралар планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптардын аткарылышынын жөнсүздүгү жөнүндө негиздүү чечим кабыл алууга укуктуу.
93. Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү пландарын жана программаларын, экологиялык программаларын иштеп чыгууда, бюджетти түзүүдө, ошондой эле башка маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
94. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Бишкек шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү камсыз кылат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышына контролду шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирдикте фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүзөгө ашырат.
95. Шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттө шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуучу органдар суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө дайыма маалымдайт.
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
10-глава. Шаардык кеңештин сессиясынын даярдоо жана өткөрүү тартиби
96. Сессия - бул маселелерди жамааттык талкуулоону жана аларды чечүү боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыз кылуучу, шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук формасы болуп саналат.
Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү болгондо укук ченемдүү.
97. Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кварталына бир жолудан кем эмес же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча чакырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө маалымат калкка сессияга чейин эки жумушчу күнүнөн кеч эмес кабарланат.
99. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу шаардык кеңештин сессияларынан тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
100. Шаардык кеңештин сессиясы ачык өткөрүлөт.
101. Шаардык кеңештин сессиясын ачуу жана жабуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин аткаруу менен коштолот.
102. Жарыш которуу милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылуу менен, сессияда чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттик же расмий тилде сүйлөйт.
103. Сессияда шаардык кеңешке таандык болгон ар кандай маселелер бул Регламент тарабынан белгиленген тартипте каралат.
104. Сессиянын ишине Бишкек шаарынын мэри, шаардын прокурору, УКМКнын өкүлү, Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынын начальниги, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, каралуучу маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууга укуктуу.
Сессияга бул же тигил маселени кароодо кызыкдар болгон башка жактар чакырылышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Бул регламентке ылайык, сессиянын кароосуна маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, Президиум, туруктуу комиссия, фракция, Бишкек шаарынын мэри жазуу түрүндө киргизет.
Сессиянын кароосуна маселелер демилгечилер тарабынан президиумдун жыйынына чейин он күндөн кеч эмес киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Шаардык кеңештин сессиясы төмөнкү маселелер боюнча токтом кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү;
3) кеңештин регламентин кабыл алуу;
4) кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, КРнын мыйзамдарына карама-каршы келген кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши жөнүндө маалыматтарды угуу;
5) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;
6) туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
7) туруктуу комиссиялардын төрагаларын жана орун басарларын бекитүү жана кызматтан бошотуу;
8) КР мыйзамы тарабынан белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
9) Бишкек шаарынын мэриясынын иши, шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, юридикалык консультацияларды берүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары жөнүндө Бишкек шаарынын мэринин отчетун угуу;
10) шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү;
11) мэрдин орун басарынын же мэриянын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу;
12) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетун угуу;
13) шаардын аймактык түзүлүшүнүн тартибин, администрациялык бирдиктердин аталышын жана алардын башкаруу органдары күтүүнү бекитүү;
14) шаардык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
15) жарым жылда бир жолу бюджеттин аткарылышынын, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жана отчетту угуу;
16) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;
17) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле КРнын мыйзамдары тарабынан каралган учурларда алар үчүн ставкаларды, анын ичинде шаардык жерлерге КРнын мыйзамдары тарабынан бекитилген салыктын негизги ставкаларынын чегинде дифференцияланган салык ставкасын белгилөө;
18) жергиликтүү бюджеттик валютаны жана бюджеттен тышкаркы валюталык максаттуу фонддорду түзүү жана пайдалануу тартибин аныктоо;
19) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү, муниципалдык менчикти пайдалануу үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
20) шаардын аймагында көрктөндүрүү, соодалоо, тышкы жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
21) шаардын аймагында үй жаныбарларын кармоо жана жаюу эрежелерин бекитүү;
22) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ата мекендик жана чет өлкөлүк органдары менен кызматташуусу жөнүндө;
23) муниципалдык саламаттык сактоо системасынын, мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнүн, дене тарбия жана спорттун, социалдык коргоонун иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштуруу;
24) Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын тарыхый-маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү;
25) айлана-чөйрөнү коргоо жана шаардын аймагында санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоону контролдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу;
26) социалдык-маданий, турак-жай жана тиричилик муниципалдык объекттерди куруу;
27) КРнын мыйзамдарына ылайык муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалангандыгы, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
28) лифттерди жана лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө жана тейлөөгө тарифтерди бекитүү;
29) ирригациялык тармактарды, үй жана үй алдындагы участокторун күтүүнүн тартибин белгилөө;
30) жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
31) калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө тарифтик жана преференциялык саясатты аныктоо;
32) Бишкек шаарынын аймагына резидент эмес автотранспорт каражаттарынын кирүүсүн уюштуруу жана таксомоторлордун, жүк ташуулардын жана атайын транспорт каражаттарынын ишин жөнгө салуу;
33) КРнын мыйзамдарына ылайык муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү тартибин белгилөө;
34) өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
35) Бишкек шаарынын Уставына жана КРнын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
36) борбордун өзүнө жүктөлгөн функцияларын эске алуу менен Бишкек шаарынын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштыруу жана камсыз кылуу, шаар экономикасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
37) шаар куруу маселелерин, ошондой эле шаардын аймагында архитектура, курулуш, реконструкциялоо, көркөм жасалгалоо маселелерин чечүү;
38) ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана чектерде коомдук тартипти коргоодо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда көмөк көрсөтүү;
39) мэрлердин орун басарларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын жетекчилеринин, шаардын жашоосун камсыз кылуучу муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин маалыматын жана отчетторун угуу;
40) бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылбагандыгынан улам Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө маселени жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди кароо;
41) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысына жана жерине тыюу салууга чейинки чектөөлөрдү белгилөө;
42) сөөк коюу кызматтарын жана иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү.
КРнын мыйзамдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизилбеген жана мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
107. Эгерде каралып жаткан маселе КР мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, шаардык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
108. Шаардык кеңештин жабык сессиялары бул регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.
109. Шаардык кеңештин сессиясына кошумча материалдар шаардык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгон учурда таркатылат.
110. Шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясына катышкандардын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
Депутаттардын табелдик каттоосу ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоо убакытын көрсөтүү менен анын аягына чейин жүргүзүлөт.
Депутаттардын табелдик каттоосунун барактары шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө сакталат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Эгерде шаардык кеңештин сессиясында катталбаган депутат чыгып сүйлөсө же атын атап добуш берүүдө катышса, ал каттоо табелинде бул жөнүндө белгиси менен катталган болуп саналат.
Депутат өзүнүн каттоосун жокко чыгарууну талап кылууга укуктуу.
112. Сессияда катталган депутаттардын тизмеси сессияда төрагалык кылуучуга берилет.
113. Шаардык кеңештин сессиясына депутаттын катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.".
Депутат шаардык кеңештин төрагасынын атына сессияга катышуу мүмкүн эместиги тууралуу жазуу жүзүндө кат жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128 , 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
114. Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча бир жылдын ичинде төрттөн ашык сессияга жүйөөсүз себептер менен келбеген депутаттардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Шаардык кеңештин сессиясы депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
2) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
3) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;
4) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
Чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
115. Шаардык кеңештин сессиясы жумушчу органдарды (катчылык, эсептик комиссия, зарыл болгондо башка туруктуу комиссияларды) түзүү жөнүндө протоколдук чечим кабыл алат.
116. Сессиянын иштөө убакыты 09 саат 00 мүнөттөн 17 саат 00 мүнөткө чейин. Ар бир бир жарым сааттан кийин 20 мүнөткө танапис. Түшкү тамактанууга танапис - 1 саат.
Шаардык кеңештин сессиясынын чечими боюнча сессиянын иштөөсүнүн башка убакыты белгилениши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессиясынын протоколдук чечими менен анын иштөө убакыты узартылышы мүмкүн.
117. Чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы:
баяндамалары менен баяндамачыга - 20 мүнөткө чейин;
тең баяндамачыга - 10 мүнөткө чейин;
баяндамачыга жана тең баяндамачыга суроолорго - 4 мүнөткө чейин;
эгерде депутат суроо бергенге жетишпей калган учурда, ага кошумча суроолорун берип аяктоосу үчүн 10 секундга чейин берилет;
депутаттын өтүнүчү боюнча, төрагалык кылуучу ага суроо бергенге - 1 мүнөткө чейин убакыт берет;
каралып жаткан маселе боюнча фракциянын позициясын билдирүү үчүн, фракциянын лидерине же лидеринин орун басарына - 2 мүнөткө чейин берилет;
токтом долбооруна сунуштарды киргизүүгө - 2 мүнөткө чейин берилет;
добуш берүүнүн жүрүшү боюнча чыгып сүйлөөгө - 1 мүнөткө чейин берилет.
Добуш берүү тартибине:
негиз катары кабыл алууга - 15 секунд;
толугу менен кабыл алууга - 15 секунд берилет.
Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарларынын сөз сүйлөө убактысы чектелбейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
118. Чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген депутаттын өтүнүчү боюнча чыгып сүйлөө үчүн анын убакыты чыгып сүйлөө тизмесинен аны кийин алып салуу менен башка депутатка берилет.
Депутат чыгып сүйлөө учурунда, ал жыйындар залында жок болсо, ал автоматтык түрдө тизмеден алынат жана кезек кийинки депутатка берилет.
Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы маселелерди кароо жол-жобосу бузулгандыгы жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте чыгып сүйлөөгө укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
119. Сессияда төрагалык кылуучу (добуш берүүсүз), ошондой эле шаардык кеңештин протоколдук чечими менен сессиянын ишинде 30 мүнөткө чейин танапис жарыяланышы мүмкүн.
120. Тартипсиздик пайда болгондо жана аны токтотуу мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт жана өз ордун калтырат.
Сессия бул учурда 30 мүнөткө токтотулду болуп саналат.
Эгерде сессиянын иши кайра жандангандан кийин тартипсиздик уланса, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.
121. Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда төрагалык кылуучу болуп саналат. Сессияда ал жок болгондо анын орун басары төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу ал баяндамачы (тең баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
Шаардык кеңештин төрагасы (төраганын орун басары) шаардык кеңештин төрагасын (төраганын орун басарын) кызматка шайлоо же кызматтан бошотуу жөнүндө маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
122. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) чыгып сүйлөөчү эгерде ал бул регламентти бузганда, күн тартиби боюнча сүйлөбөгөндө, кемсинтүү сөздөрүн пайдаланганда сөз сүйлөө укугунан ажыратууга;
2) протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк анык болгон учурда добуштарды саноого барбоого;
3) депутаттарга жана кызматтык жактарга маалымкаттар үчүн кайрылууга;
4) пландалбаган жарыш сөздөрдү токтотууга;
5) бул регламенттин жоболоруна ылайык депутаттарды тартипке чакырууга, депутатка эскертүү берүүгө;
6) залда өзгөчө кырдаал, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузган учур пайда болгондо, сессияны токтотууга.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бул регламентти сактоого жана жыйындын бардык катышуучулары тарабынан анын сакталышын камсыз кылууга;
2) сессиянын күн тартибин сактоого;
3) сессияда депутаттардын укуктарынын жана сессиянын жыйындар залында тартиптин сакталышын кылууга;
4) сөз сүйлөө убакытты сактоосун, белгиленген убакыттын аяктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөөчүгө өз убагында эскертүүнү камсыздоого;
5) кезек тартиби боюнча сөз берүүгө;
6) бардык түшкөн сунуштарды белгилөөгө жана аларды түшкөн тартибинде добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
7) сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жеке эскертүүлөрдү жана баяндамаларга баа берүүдөн, чечмелөөдөн өзүн-өзү токтотууга;
8) сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жобосу боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
9) атын атып добуш берүүгө киргизилген маселелердин редакциясын сунуштоого жана атын атап добуш берүү бланктардын туура толтурулушун көзөмөлдөөгө.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
124. Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шаардык кеңештин сессиясынын органдарына шайлоого жана шайланууга, талапкерлерге баш тартууну билдирүүгө;
2) шаардык кеңеш тарабынан түзүлүүчү же түзүлгөн органдардын жеке курамы жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык шаардык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызматтык жактардын талапкерлигине пикирин айтууга;
3) жарыш сөздөргө катышууга, баяндамачыга (тең баяндамачыга) суроо берүүгө, добуш берүү жүйөөсү боюнча (добуш берүүгө чейин) чыгып сүйлөөгө;
4) төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизүүгө:
сессиянын күн тартибинин маселелери, сессияны алып баруу тартиби боюнча;
шаардык кеңештин сессиясында ар кандай органдын же кызматтык жактын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан каралган учурларда жана тартипте депутаттык туруктуу комиссияларды түзүү жана текшерүүлөрдү өткөрүү жөнүндө;
шаардык кеңештин колдонуудагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
5) төмөнкүлөрдү талап кылууга:
өзүнүн сунушу боюнча добуш берүүнү;
депутаттардын добуштарын эсептөөгө таасир берүүчү добуш берүү эрежелери бузулгандыгы (электрондук тутумдун катачылыгы) белгиленгенде кайталап добуш берүүнү;
6) токтомдордун долбоорлоруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
7) коомдук мааниси бар кайрылууларды жарыялоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана бул регламент тарабынан ага берилген башка укуктарды пайдаланууга.
9) Депутаттык маселе тиги же бул көйгөй боюнча маалымат алуу же түшүндүрүү үчүн депутаттын сунушу түрүндө киргизилет. Депутаттык маселе протоколго ылайык, аны киргизген шаардык кеңештин депутатынын кол тамгасы менен Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. Жөнөтүлгөн депутаттык маселенин аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин аппарат жетекчисине жүктөлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
125. Сессияда шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ар бир сессиянын алдында табелдик каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
2) Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылуучунун жөндүү талаптарын сактоого;
3) кол көтөрүү жолу менен сөз сүйлөөгө суранууга;
4) сессияда төрагалык кылуучунун уруксааты менен гана чыгып сүйлөөгө;
5) жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
6) маселе боюнча чыгып сүйлөөдө жана маселени формулировкалоодо баяндамачыдан (тең баяндамачыдан) жана сессияда төрагалык кылуучудан башка залдагы катышуучуларга өзүнчө кайрылууга жол бербөөгө;
7) сөзүндө катышуучулардын абийирин, намысын жана кадыр-баркына шек келтирүүчү одоно, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнөө калп маалыматты пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткан сөздөрүнө баа бербөөгө, бирөөлөрдүн дарегине негизсиз күнөөлөөгө жол бербөөгө;
8) добуш берүү үчүн карточкасын пульттан алуу менен, төрагалык кылуучунун уруксааты боюнча гана сессиянын столунан жумушчу ордун таштоого (добуш берүүнүн электрондук тутуму орнотулгандан кийин).
Өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн депутаттар бул регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчилик тартат.
126. Шаардык кеңештин депутаты өз кызыкчылыгын, тактап айтканда, ал жана анын туугандары үчүн материалдык пайда көздөгөн маселе боюнча добуш бербөөсү керек.
127. Кечиктирилгис жана уюштуруу маселелерди чечүү үчүн төрага өзүнүн демилгеси же президиум, фракциялардын, Бишкек шаарынын мэринин сунушу боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.
Шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш кезексиз сессияны чакырууну сунуштап жаткан маселени жазуу жүзүндө көрсөтүү жана аны чакыруу зарылчылыгынын кыска негиздемеси менен берилет.
Кезексиз сессияга киргизилүүчү маселелер шаардык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссияларында алдын ала кароосуз, ошондой эле КРнын мыйзамдары тарабынан белгиленген ченемдерди сактоосуз каралышы мүмкүн эмес.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
128. Кезектеги сессияны которуу же кезексиз сессияны белгилөө жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарын маалымдоо чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде жүргүзүлөт.
129. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда шаардык кеңештин төрагасы депутаттарды кабарлоо мөөнөттөрүн жана тартибин милдеттүү түрдө сактоосуз кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
130. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби маселелердин аталышын жана аларды кароо тартибин, баяндамачынын жана тең баяндамачынын аты-жөнүн камтыйт жана шаардык кеңештин сессиясы тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Сессиянын маселелери боюнча фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын башталышына чейин эки күндөн кеч эмес шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору жана материалдары депутаттарга таркатылат же электрондук почта боюнча аларга жиберилет.
132. Чакырылган жактарга шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоору анын башталышынын алдында таркатылат.
133. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төраганын орун басары, президиуму, фракциялары, туруктуу комиссиялары жана Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине сунуштарды жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Сессиянын күн тартибине тийиштүү туруктуу комиссиялар тарабынан каралбаган маселелер киргизилбейт.
Күн тартибинен маселени алып салууга аны кароо башталганга чейин гана жол берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
134. Депутаттарга күн тартиби жана кезексиз сессиянын маселелерин кароо үчүн керектүү материалдар табелдик каттоо өткөрүлүп жатканда таркатылат.
135. Арыздар, билдирүүлөр жана кайрылуулар күн тартибинин "Ар түрдүү маселелер" бөлүмүнүн алкагында каралат.
"Ар түрдүү маселелер" бөлүмүнө киргизилген ар бир маселеге 30 мүнөттөн көп эмес убакыт бөлүнөт.
Карап чыгуунун демилгечиси жок болгон учурда, маселе шаардык кеңештин сессиясынын кароосунан алынып салынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган өткөн маселелердин бирөөнө кайрылуу, ошондой эле маселелерди кароо кезегин өзгөртүүнү шаардык кеңештин протоколдук чечимине ылайык сессияда төрагалык кылуучу добуш берүүсүз жүзөгө ашырат.
137. Эгерде бул регламентте башка тартип каралбаса, процедуралык маселелер боюнча чечим сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Процедуралык маселелер төмөнкүлөр:
1) жыйында танапис жарыялоо, жыйынды которуу же жабуу жөнүндө;
2) сөз сүйлөө үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;
3) жыйынга чакырылган жактарга сөз берүү жөнүндө;
4) каралып жаткан маселе боюнча талкууну токтотуу жөнүндө;
5) маселени тийиштүү туруктуу комиссиянын кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
6) талкуулоосуз добуш берүү жөнүндө;
7) сөз сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
8) кошумча каттоо өткөрүү жөнүндө;
9) эсептик комиссияны жана катчылыкты шайлоо жөнүндө.
10) добуш берүү жөнүндө;
11) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;
12) кворумду белгилөө жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
13) кайталап добуш берүү жөнүндө.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
138. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
139. Токтомдун долбоору башында аны негизинен кабыл алуу үчүн добушка коюлат. Негизинен кабыл алынбаган токтомдун долбоору сессиянын күн тартибинен алынып салынат.
Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун долбооруна сунуштарды же түзөтүүлөрдү жарыялайт жана алардын демилгечисин көрсөтүү менен аны добушка коет.
Токтомдун долбоору сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан кабыл алынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
11-глава. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби.
§ 1. Добуш берүү жол-жобосу боюнча жалпы жоболор
140. Бул регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн пайдаланылуучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
а) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны - 51;
б) жыйында катышып жаткандардын саны - табелдик каттоодон өткөн шаардык кеңештин депутаттарынын саны.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
140-1. Сессияда төрагалык кылуучу добуш берүү башталганга чейин:
1) кворумдун бардыгын аныктоо үчүн сессияда катышып жаткан депутаттардын катталуусу жөнүндө жарыялайт жана катталган депутаттардын санын айтат;
2) жекече карточкаларын өчүрүүгө тийиш болгон келбей калган депутаттарды жарыялайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
140-2. Электрондук тутум төмөнкү максаттарда колдонулат:
шаардык кеңештин депутаттарын каттоо;
чыгып сүйлөөгө депутаттарды жазуу;
добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо;
добуш берүүнүн жүрүшү жана жыйынтыктар жөнүндө маалыматтык жана статистикалык маалыматты топтоо жана тез берүү;
тизмелерди жана жыйындардын башка документтерин түзүү, басып чыгаруу;
жыйындар залында депутаттарды маалыматтык камсыздоо.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
140-3. Шаардык кеңештин төрагасынын дарегине депутаттын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча ага сессиянын жыйынында депутаттарды каттоонун жыйынтыктары, алардын чыгып сүйлөөлөрүнүн кезектүүлүгү, добуш берүүнүн жыйынтыктары, сессиянын жыйынынын жүрүшү жөнүндө маалымат жана башка маалыматтар бир күндөн кеч эмес берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Шаардык кеңеш сессияларда ачык, жашыруун жана атын атап добуш берүү жолу менен чечим кабыл алынат.
Добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун колдонуу менен, ошондой эле сессиянын эсептөө комиссиясы тарабынан добуштарды эсептөө жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кворум жок болгон учурда, сессияда төрагалык кылуучу кворум камсыз болгонго чейин добуш берүүнү которот.
Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
142. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн добуш берүү укугун өзү жүзөгө ашырат.
143. Шаардык кеңештин депутаты бир маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн добуш берүүдө ага "макул" же "каршы" добуш берүү менен же чечим кабыл алуудан калыс болуу менен бир добушка ээ.
144. Добуш берүү убагында жок болгон шаардык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өз добушун берүүгө укугу жок.
Жыйындар залында ал катышып отурган учурда добуш берүүдө депутаттын катышпагандыгы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра кароо үчүн негиз боло албайт.
145. Добуш берүү башталгандыгы жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
§ 2. Ачык добуш берүү
146. Ачык добуш берүү - бул жооптун варианттарынын ("макул", "каршы", "калыс") бири боюнча ар бир депутаттын эркин билдирүүсү катталган добуш берүүнүн ыкмасы.
147. Ачык добуш берүүдө добуштарды эсептөөнү сессиянын эсептик комиссиясы жүргүзөт, добуштарды эсептөөнүн электрондук тутуму орнотулгандан кийин добуш берүү анын жардамы менен жүргүзүлөт.
148. Добуштар эсептелип бүткөндөн кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
149. Добуш берүүнүн процедуралык каталары (же электрондук тутумдун ишинде үзгүлтүктөр, электрондук комиссиянын катачылыгы) табылганда, шаардык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
§ 3. Жашыруун добуш берүү
150. Жашыруун добуш берүү - бул катышуучулардын добуш берүүсү жашырын жүзөгө ашырылган жана жооптун ("макул", "каршы", "калыс") варианттарынын бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсү үчүн контроль болбогон учурда добуш берүүнүн түрү.
151. Жашыруун добуш берүү маселелери боюнча милдеттүү же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмесинин талабы боюнча жүргүзүлөт.
152. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңештин сессиясы ачык добуш берүү менен эсептик комиссияны шайлайт. Эсептик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болуусу керек.
Эсептик комиссия өз курамынан төраганы жана катчыны шайлашат. Эсептик комиссия өз чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана протокол менен жол-жоболоштурат.
153. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер ал сунуштаган жана сессиянын чечими менен бекитилген форма боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын санына туура келген санда даярдалат.
Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптун "макул", "каршы", "калыс" варианттары каралган.
Эсептик комиссиянын мүчөлөрү ар бир бюллетендин арт жагына кол коюшат.
154. Эсептик комиссия атайын жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны коюу менен депутаттардын жашыруун эрк-ниетин билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
155. Добуш берүүнүн алдында эсептик комиссия шаардык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда атайын ящикти чаптайт.
156. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн көрсөтүп, анын негизинде бир бюллетень алат, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетень алуу ведомостундагы өзүнүн аты-жөнүнүн тушуна кол коет жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага өтөт.
Депутат добуш берүүдөн кийин добуш берүү үчүн атайын ящикке бюллетенди таштайт.
157. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептик комиссияда калган бюллетендер депутаттардын катышуусунда эсептик комиссиянын төрагасы тарабынан кайра саналат жана оң жаккы ылдыйкы бурчун кесүү жолу менен жок кылынат.
158. Депутаттардын добуш берүүсүн саноодо жараксыз болуп белгисиз формадагы, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге киргизилген толуктоолор эске алынбайт.
159. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептик комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлуучу протокол түзүлөт.
Эсептик комиссиянын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
160. Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процедурасында жана техникасында каталар табылган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин чечими боюнча кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.
§ 4. Атын атап добуш берүү
161. Атын атап добуш берүү - бул шаардык кеңештин ар бир депутатынын эрк-ниетин билдирүүсү катталган ачык добуш берүүнүн түрү.
162. Атын атап добуш берүү сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын сессиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Атын атап добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин сессиянын протоколунда чагылдырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
12-глава. Шаардык кеңештин жыйынында катышуучулардын тартиби жана этикасы
163. Шаардык кеңештин жыйынында чыгып сүйлөп жаткандар жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, өз сөздөрүндө орой сөздөрдү, кемсинтүү сөздөрдү пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, бирөөнүн дарегине негизсиз күнөөлөрдү коюуга укуксуз.
Бул жоболорду бузган учурда, алар эскертүүсүз сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн, талкууланып жаткан маселе боюнча аларга кайталап сүйлөө үчүн сөз берилбейт.
Талкуулоо темасынан четтеп кеткенде сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөчүнү эскертет. Кайталап эскертүүдөн кийин чыгып сүйлөөчү сөз сүйлөөдөн ажыратылышы мүмкүн.
164. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында депутаттар сөз сүйлөөчүлөргө жана катышуучуларга сөз сүйлөөдө оюн айтууга жана түшүндүрүүгө тоскоолдук кылуучу аракеттер менен (кыйкырык, кол чабуулар, тура калуулар ж.б.) жолтоо кылбоосу керек.
Шаардык кеңештин сессиясынын убагында залдагы бардык катышуучулар, депутаттар дагы уюлдук байланыш аппараттарын өчүрүшү керек.
165. Эгерде депутат бул регламенттин талаптарын бузса, сессияда төрагалык кылуучу аны жекече эскертет жана тартипке чакыртат.
166. Шаардык кеңештин сессиясынын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарында жүйөөлүү себептерсиз төрт же андан көп жок болгон, шаардык кеңештин иш-чараларына катышпаган депутаттар жөнүндө маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
167. Депутат төмөнкүлөрдү жасабашы керек:
1) саясий коньюктура максатында жана өз пайдасына конфиденциалдуу маалыматты пайдаланбоосу;
2) шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жабык жыйындарында ага белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле аны жайып жибербеген шарттарда депутатка ишенгендиктен, шайлоочунун же башка жактын жеке жашоосуна тийиштүү маалыматтарды жарыялабоосу;
3) өз сөзүндө кылмыш жана жарандык иштерден фактылар, КР мыйзам күчүнө кире элек чечимдер жөнүндө сүйлөөгө;
4) шаардык кеңештин автотранспортун өз максатына пайдаланууга;
5) жеке жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткаруу менен байланышкан аракет жана аракетсиздик үчүн белек, акча каражат жана кызматтар түрүндө сыйлык алууга.
167. Шаардык кеңештин атайын ыйгарым укуктарына ээ болгон депутаты чет элдик жарандар жана кызматтык жактар, чет элдик мамлекеттердин органдары менен мамиледе өз атынан гана чыга алат.
168. Депутат шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерин өзүнүн депутаттык абалынан пайдаланбастан, депутаттык милдеттерин камсыздоо боюнча иштерди аткаруу үчүн гана ишке тарта алат.
III БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН КИРГИЗҮҮ, КАРОО ЖАНА КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ
13-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
§ 1. Ченем жаратуу ишинин жалпы принциптери
169. Шаардык кеңештин ченем жаратуу иши төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максаттуулук;
адилеттүүлүк;
ачыктык.
170. Шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
1) шаардык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана Бишкек шаарынын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты.
Шаардык кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет";
2) шаардык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт.
Шаардык кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.";
3) оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган шаардык кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
172. Шаардык кеңештин токтомдору Бишкек шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү, шаардын аймагында жайгашкан менчиктин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызматтык жактар жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
§ 2. Токтомдун текстине жана жол-жоболоштурулушуна карата жалпы талаптар
173. Токтомдун тексти жана анын тиркемелери адабий тилдин жана юридикалык терминдердин ченемдерин сактоо менен жазылат. Эскирген жана көп маанилүү сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү, эпитеттерди, метафораларды, кыскартылган сөздөрдү колдонууга жол берилбейт. Пункттун тексти башка пункттарда кайталанып жазылбайт.
174. Токтомдор ичинде макулдашылган, туура түзүлгөн жана ченем жаратуу техникасына ылайык болуу керек.
Токтомдун текстин жазууда биринчи жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор жайгаштырылат. Укук ченемдерин жазууда өтө эле жалпыланган же өтө деталдаштырылган кыска жана так жазуудан алыс болуу керек.
175. Токтомдун аталышы, бөлүктөрү, бөлүмдөрү, кичи бөлүктөрү, главалары жана пункттары кыска, так түзүлүшү жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек.
Токтомдун текстинде пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болуусу керек. Укуктук ченемдик актыларда пайдаланылуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы пайда болгондо, анда алардын маанисин түшүндүрүүчү пункт жазылат.
176. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор шаардык кеңештин негизги токтомуна гана киргизилет.
177. Шаардык кеңештин токтомунун күчүнө кирүү тартиби корутунду жобо түрүндө жазылат.
178. Шаардык кеңештин токтомунун төмөнкү реквизиттери болуусу тийиш:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
актынын түрүн көрсөтүү;
бул ченемдик укуктук актыны жөнгө салууну көрсөтүүчү аталыш;
кабыл алынган орду жана күнү;
каттоо номуру;
токтомго кол коюуга өкүлдөгөн жактын колу;
гербдүү мөөр.
§ 3. Токтомдун түзүмдүк элементтери
179. Токтомдун түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр, главалар, параграфтар, пункттар, кичи пункттар жана абзацтар саналат.
180. Көлөмү боюнча чоң токтомдор главаларынын мазмуну жакын болуп бириктирилген бөлүктөргө бөлүнөт.
Бөлүктөр рим цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек.
Эгерде токтомдо главалар жок болсо, "бөлүк" түзүмдүк элементин киргизүүгө жол берилбейт.
181. Токтомдордун көлөмү боюнча бир кыйла чоң, мазмуну боюнча жакын пункттар главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана беттин ортосунда баш тамгалар менен жазылган аталышы болуусу керек.
Чоң көлөмдөгү токтомдун главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар "" белгиси менен белгиленет, араб сандары менен белгиленүүчү катар номуру болот.
182. Пункттар - бул ченемдик буйрутманы камтуучу, токтомдун түзүмдүк негизги элементтери.
Пункттардын аталыштары жок, чекиттүү араб цифралары менен белгиленет кичи пункттардан жана (же) абзацтардан, кичи пункттар - абзацтардан турушу мүмкүн.
Кичи пункттар тегерек каша менен жабылган араб цифралары же алфавит тамгалары менен белгиленет.
183. Абзац - бул мааниси боюнча бир, биринчи сапта бир аз бош жер калтыруу менен бөлүнүүчү жана чоң тамга менен башталган пункттун бөлүгүнүн биринчи абзацынан тышкары, кичине тамга менен башталуучу статьянын, пункттун же кичи пункттун бөлүгү. Абзацтар үтүр чекит менен (акыркы абзацтан башкасы) аяктайт.
Эгерде пункттун өткөн абзацы точка менен аяктаса жана маанилик жагы абзацтын улануусун талап кылса, анда мындай абзац чоң тамга менен башталат.
Абзац цифра же тамга менен белгиленбейт.
184. Токтомдордун бөлүктөрүн, главаларын, пункттарын номурлоо өтмө болуусу керек.
Өтмө эмес, өз алдынча номурлоо - бул ар бир пункттагы кичи пункттарды, ар бир главадагы параграфтарды жана ар бир бөлүктөгү кичи бөлүктөрдү номурлоо болуп саналат.
185. Ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенде жана ченемдик укуктук актынын түзүмдүк элементтерин күчүн жоготту деп табууда токтомдун бөлүктөрүнүн, главаларынын, пункттарынын номурлары алмаштырылбайт.
Эгерде токтомдун аягына кошумча киргизилип жатса, бөлүктөрдүн, главалардын, статьялардын, пункттардын болгон номурлары улантылышы керек.
Эгерде токтом жаңы түзүмдүк элементтер менен толукталса, жаңы түзүмдүк элементтер негизги цифра же тамга белгилеринин үстүнөн батырылыштырылуучу кошумча цифралар менен белгиленет.
186. Тийиштүү болгон түзүмдүк элементтин текстине эскертүүлөр тикеден-тике киргизилет.
187. Токтомдордун жоболор, тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, чиймелердин ж.б. үлгүлөрү жайгаштырылуучу тиркемелери болушу мүмкүн.
Эгерде бир канча тиркемелер болсо, анда аларга "N" белгисин коюусуз араб цифралары менен номур коюлат. Тиркемелерге таянган учурда, токтомдун текстинде "N" белгиси ошондой эле көрсөтүлбөйт.
188. Токтомдун жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей.
Тиркемелердин жазылышы токтомдун текстинен кийин барактын оң жагынын жогорку четинде жайгашат.
Тиркемелердин аталышы барактын ортосунда жайгашат жана жарым карартылган шрифттер менен жазылат.
189. Кыскартылган, жалпыланган түшүнүктөрдү пайдалануу, шилтемелерди колдонуу тартиби КР мыйзамы тарабынан аныкталат.
§ 4. Токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана анын күчүн жоготту деп табуу тартиби
190. Эгерде өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун азыркы редакциясына киргизилүүлөрдүн саны токтомдун текстинин (анын түзүмдүк элементинин) жарымынан көбүн түзсө же кээ бир өзгөрүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү баяндоо же кабыл алуу үчүн техникалык татаал болсо, токтомго киргизилүүчү өзгөрүүлөр жана (же) толуктоолор токтомдун (анын түзүмдүк элементинин) жаңы редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат.
Жаңы редакциядагы токтомдун текстин баяндоодо токтомдун аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр пайдаланылбайт. Жаңы редакциядагы токтомду кабыл алууда колдонуудагы токтом күчүн жоготту деп табылат.
Башка учурларда токтомдун текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор кээ бир сөздөрдү, сунуштарды, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолдору менен киргизилет.
191. Токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү токтом кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
192. Токтомдор, анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп табылууга; сөздөр, цифралар жана сунуштар алып салынууга жатат.
193. Түзүмдүк элементтерди күчүн жоготту деп табууда кийинки түзүмдүк элементтерди кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон түзүмдүк элемент бул түзүмдүк элементке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду кийинки киргизүүдө саноодо катышат.
194. Токтом күчүн жоготту деп табылганда бир убакта бардык ченемдик укуктук актылар же бул актыга киргизилген өзгөртүүлөрү жана (же) толуктоолору киргизилген алардын түзүмдүк элементтери да күчүн жоготту болуп саналат.
195. Эгерде ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылса, башка ченемдик укуктук акт же акыркы мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп табылгандыгы каралган анын түзүмдүк элементи өз аракетин кайта баштабайт.
196. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган токтомдордун долбоорлору КРнын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген усулга ылайык тез таасир этүүчү анализден өтүүгө тийиш.
197. Тез таасир этүүчү анализ токтомдун иштеп чыгуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат жана камсыздалат.
198. Токтомдун долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан тез таасир этүүнү анализдин негизинде даярдалган негиздеме берилбегенде четке кагылууга тийиш.
199. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин камсыздоо; коомдук бирикмелердин укуктук статусу, массалык-маалымат каражаттары; мамлекеттик бюджеттин, салык тутуму; экологиялык коопсуздук; укук бузуучулар менен күрөшүү; ишкерликти жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча токтомдун долбоорлору укуктук, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан (ченемдик укуктук актынын долбоору жөнөтүлгөн жөнгө салуу укук мамилелерине жараша) өтүүгө тийиш.
200. Илимий экспертизанын милдеттери төмөнкүлөр:
долбоордун сапатынын, негизделүүсүнүн жана өз убагында болуусунун, ченем жаратуу техникасынын талаптарынын долбоордо сакталуусунун баасы;
долбоордун Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайыктуулугун баалоо;
ченемдик укуктук актынын натыйжалуулук мүмкүнчүлүгүн аныктоо;
ченемдик укуктук акты катары долбоорду кабыл алуунун социалдык, экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык жана башка терс кесепеттерин табуу жана баалоо;
илимий экспертизаны жүргүзүүдө коюлган башка милдеттерди кароо.
201. Токтомдордун долбоорлорун көз карандысыз илимий экспертизадан өткөрүү үчүн шаардык кеңеш илимпоздорду жана адистерди чакыра алат.
202. Эксперт катары токтомдун долбоорлорун даярдоодо түздөн - түз катышпаган жактар тартылышы керек.
203. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору сессиянын кароосуна киргизүүнүн алдында милдеттүү түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмү менен, шаардын кирешесин кыскартууну же чыгымдарды көбөйтүүнү караган маселелер боюнча КРнын финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгы менен, ишкердик субъекттердин ишмердигин жөнгө салууга, кызматтарга тарифтерди жогорулатууга багытталган маселелер боюнча ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, Бишкек шаарынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен, алардын компетенциясына тиешелүү ченемдер токтомдо камтылса, башка органдар менен макулдашуусу керек.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
14-глава. Шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү
204. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтердин топтому төмөнкүлөрдү камтуусу керек:
Бишкек шаарынын мэринин колу коюлган коштомо кат;
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн корутундусу;
Бишкек шаарынын тейлеген мэрдин орун басарынын колу коюлган маалымкат-негиздемеси;
салыштырма таблица (азыркы токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же жаңы редакцияда кабыл алуу учурунда);
токтомдун долбоорун макулдашуу жөнүндө маалыматты камтыган документтер (зарыл болгон учурда);
жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда).
шаардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө таасир этүүчү маселелер боюнча «Бишкек шаарынын мэриясынын Финансы департаменти» муниципалдык мекемесинен корутунду;
ишкерликтин субъекттеринин ишин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча ишкерликти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген учурларда башка мамлекеттик органдардын корутундусу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 166, 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
205. Шаардык кеңешке токтомдун долбоору бир убакта мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрүндө киргизилет.
206. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын жана бул регламентти бузуу менен кароого киргизилген токтомдун долбоору кароосуз кайтарылууга тийиш.
Тартип бузуулар четтетилгенден кийин долбоор белгиленген тартипте киргизилет.
207. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү токтомдун долбоорунун текстинде төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) беттин оң жаккы жогорку бурчунда "Долбоор" деген сөз жазылат;
2) "Долбоор" деген сөздүн алдында документ киргизүүнүн демилгечиси, долбоорду киргизүү күнү көрсөтүлөт;
3) ылдый, беттин ортосунда документтин аталышы "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ";
4) андан ары - ченемдик укуктук актынын формасына жана түзүмүнө көрсөтүлүүчү талаптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти;
5) долбоордун текстинин алдына документтин бул долбоору боюнча жооптуу аткаруучунун аты-жөнү, анын кызматтык телефонунун номуру көрсөтүлөт жана өзүнүн кол тамгасы.
208. Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) токтомду ишке киргизүү мөөнөтү конкреттештирилет жана ыкмасы аныкталат;
2) мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга конкреттүү тапшырмалар берилет, аларды аткаруу үчүн мөөнөттөрү аныкталат.
209. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемеси төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:
1) бул токтомду кабыл алуунун натыйжасында болжол менен жетише турган же чечиле турган максаттар жана милдеттер;
2) кабыл алынуучу токтомдун иштөөсүнүн натыйжасында мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык божомолдор;
3) ал өткөрүлгөн учурда коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат;
4) токтомдун долбоорунун КР мыйзамына ылайык келүүсүнө анализ;
5) аны каржылоо булактарынын болуусу.
210. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тийиштүү токтомдун долбоорлору, ошондой эле ишкердик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдун долбоорлору шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого жатат.
Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшүүчү сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпыланат.
Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтык маалымат даярдалып, негиздеме-маалымкатта чагылдырылат, анда сунуштарды нормативдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептери негизделет. Бул маалыматты даярдоо жана чагылдыруу токтом долбоорун иштеп чыгуучу тарабынан жүзөгө ашырылат жана камсыздалат. Жыйынтык негиздеме-маалымкат тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралганга чейин шаардык кеңешке киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
210-1. Майыптыгы бар адамдардын укуктарына тийиштүү, коомдук талкуулоо үчүн жарыяланган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечи тарабынан Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешке жиберилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
211. Шаардык кеңештин сайтында токтомдун долбоорунан тышкары кошумча төмөнкү маалыматтар жайгаштырылат:
1) аны кабыл алуунун негиздемеси;
2) иштеп чыгууда катышкан, ошондой эле токтомдун долбоору менен алдын-ала макулдашылган жактардын жана уюмдардын тизмеги;
3) финансылык-экономикалык эсептер, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундулары;
4) статистикалык маалыматтар;
5) мамлекеттик же КР мыйзамы тарабынан корголуучу башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары токтомдун долбоорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар.
212. Коомдук талкуулоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
213. Токтомдордун долбоорлорунун коомдук талкуулоолорунун мөөнөтү бир айдан кем аз болбойт.
214. Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун долбоорун токтомдун долбоору боюнча корутунду даярдоочу регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын, профилдик комиссиянын жана юридикалык бөлүмүнүн кароосуна жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
215. Шаардык кеңештин сессиясында токтомдун долбоорун кароого чейин ачык же депутаттык угуулар формасында аны алдын-ала талкуулоо өткөрүлүшү мүмкүн.
15-глава. Шаардык кеңештин токтомдорун кабыл алуу
216. Токтомдор шаардык кеңеш тарабынан бул регламент тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат.
Шаардык кеңештин токтомдору бул регламент тарабынан каралган учурлардан тышкары шаардык кеңештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бишкек шаарынын бюджетинен каржылоону ишке ашырууну талап кылган токтомдорду алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кароого жана кабыл алууга мүмкүн эмес.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
217. Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароо жол-жобосунун негизги элементтери:
1) баяндамачыга жана тең баяндамачыга (бул регламент тарабынан каралган учурларда) чыгып сүйлөө үчүн сөз берүү;
2) баяндамачыга жана тең баяндамачыга суроо берүү жана аларга жооп алуу укугун депутаттарга берүү;
3) талкууну өткөрүү (жарыш сөздөрдү);
4) жыйынтыктоо сөзү үчүн баяндамачыга жана тең баяндамачыга сөз берүү;
5) добуш берүү мотивдери боюнча сөз сүйлөө;
6) негизинен токтомдун долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берүү;
7) негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун же анын тиркемелеринин тексти боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү;
8) добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөө;
9) токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
218. Токтомдун долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө маселе талкууланат, токтомдун долбоорунун концепциясынын жалпы баасы берилет.
Талкуулоо токтомдун долбоорунун демилгечисинин баяндамасынан жана шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын тең баяндамасынан башталат.
Эгерде токтомдун долбоорун кароо бири-бирине карама-каршы келген корутундуларды же чечимдерди беришкен бир канча туруктуу комиссияларга тапшырылган болсо, шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын корутундусу менен макул болбогон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын баяндамалары дагы угулат.
Токтомдун долбоорун кароодо шаардык кеңештин фракцияларынын, туруктуу комиссияларынын, депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышуу үчүн чакырылган башка жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
Шаардык кеңештин эсебинен жабылуучу чыгымдарды караган токтомдордун долбоорун кароодо Бишкек шаарынын мэриясынын же финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын начальнигинин корутундусу милдеттүү түрдө угулат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
219. Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилейт. Чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин белгилөөдө артыкчылык каралуучу маселелерди даярдоо үчүн фракциялардын жетекчилерине, шаардык кеңеш тарабынан түзүлгөн туруктуу комиссиялардын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин профилдик комиссияларынын өкүлдөрүнө, шаардык кеңештин сессиясына чакырылган эксперттерге, жазуу жүзүндөгү корутунду берген депутаттарга берилет.
220. Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, Бишкек шаарынын мэри кезексиз чыгып сүйлөөгө укуктуу.
221. Сессияда төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөнүн күн тартибине
ылайык келүүсүнө, чыгып сүйлөөнүн белгиленген убакыты сакталышына көз
салат. Зарыл болгон учурда ал жөнүндө эскертип турат.
Эгерде чыгып сүйлөөчү төрагалык кылуучунун көрсөтүүсүн тоотпостон, өз сөзүндө кемсинтүүчү сөздөрдү колдонсо, төрагалык кылуучу тартипке чакырат же аны сөз сүйлөөдөн алып салат.
222. Жарыш сөздөрдү токтотуу жөнүндө сунуш добушка коюлат жана ага сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды болуп саналат.
Чыгып сүйлөбөй калган депутаттардын өтүнүчү боюнча, алардын чыгып сүйлөө тексттери сессиянын протоколуна тиркелет. Бул учурда, чыгып сүйлөөнүн тексти шаардык кеңештин аппаратына тапшырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
223. Туруктуу комиссиялардын төрагалары талкуунун жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоорунун же тиркемелеринин текстине өзгөртүүлөрдү киргизет жана бул жөнүндө токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу үчүн добуш берүүгө чейин билдирет.
Туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы кийинки сессияга чейин токтомдун долбоорун кабыл алууну калтыруу жөнүндө протоколдук чечим кабыл алууга укуктуу.
224. Токтомдун долбоорун негизинен кабыл алганга чейин (анын ичинде жарыш сөздөрдүн жүрүшүндө) депутаттар же аны кабыл алуунун демилгечилери токтомдун долбоорун жазуу же оозеки түрүндөгү арыз менен (добуш берүү жолу менен) расмий түрдө чакырып алууга укуктуу.
Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат.
225. Жарыш сөздөр аяктагандан кийин баяндамачы жана тең баяндамачы жыйынтыктоо сөзү менен чыгып сүйлөөгө укуктуу.
Ушундан кийин токтомдун долбоорун негизинен кабыл алуу жөнүндө маселе добушка коюлат.
226. Сессияда төрагалык кылуучу токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт.
227. Анын жоболорун талкуулоо менен токтомдун долбоорун кароодо талкууланган жана добушка коюлган жазуу жана оозеки түрүндөгү түшкөн бардык сунуштар угулат.
228. Төрагалык кылуучу биринчи кезекте туруктуу комиссиялардын сунуштарын добушка коет. Эгерде шаардык кеңештин сессиясы сунуштардын бирин дагы колдобосо, пункт четке кагылды болуп саналат.
229. Бир эле маселе боюнча бирден көп токтомдун долбоору киргизилсе, шаардык кеңеш мындан ары кароо үчүн кайсынысы кабыл алынгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
230. Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча сессия добуш берүү болгон, киргизилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү, ошондой эле профилдик комиссиянын жана регламент жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын эске алуу менен токтомду жалпысынан кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алат.
231. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды болуп саналат. Четке кагылган токтомдун долбоору шаардык кеңеш тарабынан 3 айдан эрте эмес кайта каралуусу мүмкүн.
16-глава. Кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштуруу тартиби
232. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорун аткаруучулар менен бирдикте кабыл алынган шаардык кеңештин токтомдорун, тескемелерин (актыларды) сессиядан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурушат.
Шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Токтомдун тиркемелерине шаардык кеңештин аппарат жетекчиси кол коет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
233. Шаардык кеңештин сессиясынын токтому каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттар кол коюшкандан кийин шаардык кеңештин төрагасы кол коет.
234. Документтин аягына "шаардык кеңешинин төрагасынын колу" деген грифтен ылдыйыраак төмөнкүлөр кол коюшат:
1) шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасы;
2) сунуш киргизген шаардык кеңештин депутаттары;
3) шаардык кеңештин аппарат жетекчиси;
4) шаардык кеңештин юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
5) шаардык кеңештин уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;
6) шаардык кеңештин профилдик бөлүмдөрүнүн башчылары;
7) мамлекеттик тил боюнча адис;
8) аты-жөнүн, кызматын көрсөтүү менен документтин аткарылышына жооптуу шаардык кеңештин кызматкери.
Зарыл болгон учурда бул маселе боюнча жооптуу Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен макулдашуу жүргүзүлөт.
Ушул Регламенттин талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган токтом шаардык кеңештин төрагасына кол коюуга берүү үчүн уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
235. Документти жол-жоболоштурууда тийиштүү сессияда түздөн-түз айтылгандан жана документти лингвистикалык экспертизадан өткөргөндөн кийинки оңдоолордон тышкары ага оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
Шаардык кеңештин сессиясында бекитилген документке мыйзамсыз киргизген жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопко тартылат.
236. Шаардык кеңештин токтомдору КРнын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте расмий жарыяланууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
237. Токтомдордун расмий жарыялануусу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.
Токтомдорду толук эмес жарыялоого жол берилбейт.
238. Ченемдик-укуктук мүнөздөгү токтомдор расмий жарыялоо алардын күчүнө кирүүсүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
Эгерде токтомдун өзүндө башка шарт каралбаса, токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Ишкерлик ишмердикти жөнгө салуучу токтомдор расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
239. Кабыл алынган ченемдик укуктук мүнөздөгү токтомдор юридикалык бөлүмүндө каттоодон өтүүгө тийиш, андан кийин алар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
16-1 глава. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тартиби
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
16-2 глава. "Бишкек шаарынын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
17-глава. Үстүбүздөгү жылга Бишкек шаарынын бюджетин кароо жана кабыл алуу жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу өзгөчөлүгү
§ 1. Бишкек шаарынын бюджетин киргизүү жана бекитүү тартиби
240. Шаардык кеңештин жетекчилиги жана туруктуу комиссиялар мамлекеттик органдардын салык кызматтарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана юридикалык жактардан шаардык бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү бардык маалыматтарды суроого жана алууга, бул органдардын жетекчилерин өз жыйындарына чакырууга жана угууга укуктуу.
Шаар бюджетинин долбоору КРнын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолунун, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты коргоо программасынын, Бишкек шаарынын жашоо-турмушунун негизги багыттарын аныктоонун негизинде КРнын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
241. Шаардык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте берилет.
242. Шаардык бюджеттин долбоорун алдын-ала кароо кийин фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын (ишинин багыттары боюнча) жыйында бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияда жана регламент жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссияда кароо менен өткөрүлөт.
243. Шаардык бюджеттин долбоорун кароо ачык жана айкын жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоорун кароо боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
Бюджеттин аткарылышы жөнүндө токтом жана тийиштүү жылга шаардын бюджети жөнүндө шаардык кеңештин чечимдери расмий сайтта жайгаштырылууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
243-1. Бишкек шаарынын мэри КРнын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге шаардык бюджеттин долбоорун кезектеги бюджеттин алдындагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен шаардык кеңештин кароосуна киргизет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
243-2. Шаардык бюджет жөнүндө токтом долбоору шаардык кеңеш тарабынан бир сессиянын ичинде толук талкуулоо тартибинде каралат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
18-глава. Токтомдордун аткарылышына контроль
244. Токтом аны ишке ашыруу тартибин белгилейт, тактап айтканда:
1) конкреттүү мөөнөттөрүн жана пункттарды же токтомду жалпысынан ишке киргизүү ыкмасы;
2) органдарга жана кызматтык жактарга токтомду ишке ашыруу, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн (зарыл болгон учурда) кызматтык жактарына таасир этүүчү чараларды көрүү, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын токтомго ылайык келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмалардын болуусу;
3) аны аткаруу үчүн мөөнөттөр аныкталат.
Шаардык кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышына контроль жүктөлүүчү жак же орган көрсөтүлөт.
245. Контроль кылуунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) токтомду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деңгээлин табуу;
2) анын аткарылышына кыйынчылык кылуучу себептер;
3) анын аткарылышына кыйындатуучу себептерди табуу;
4) аткарууга тоскоолдук кылуучу жактарды (органдарды) табуу жана тартуу, зарылчылыкка жараша аларды жоопкерчиликке тартуу, токтомдун аткарылышын сот тартибинде (ушундай зарылчылык болсо) камсыз кылуу.
Шаардык кеңеш жүктөгөн контроль саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жакка (органга) эч кандай атайын ишеним каттар талап кылынбайт.
246. Шаардык кеңештин сессиясы токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты уккандан кийин төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аткарылган катары контролдон алып салууга;
2) аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
3) бул токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн узартууга;
4) контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
5) токтомду жокко чыгарууга;
6) токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
7) кошумча токтом кабыл алууга.
247. Контроль боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышына контроль жүктөлгөн жакка (органга) тапшырууга, шаардык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүгө укуктуу.
19-глава. Шаардык кеңештин сессияларынын, президиумунун жана башка органдарынын жыйналыштарынын протоколу
248.Шаардык кеңештин сессияларында жана президиумда чакырылыштын чектеринде катар номер ыйгарыла турган протокол жана көрмө жазма жүргүзүлөт.
Сессиялардын жана президиумдардын жыйындарынын протоколдорун жол-жоболоштуруу протоколдорду жана көрмө жазмаларды жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу шаардык кеңештин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
249. Протоколдун тексти эки бөлүктөн турат: киришүү жана негизги.
Шаардык кеңештин сессиясынын (президиумдун) жыйынынын протоколунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылат: номуру, өтүү күнү, убактысы жана орду; шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык чакырылган болсо, чакырылгандын тизмеси тиркелет), баяндамачынын (тең баяндамачынын) аты-жөнүн көрсөтүү менен күн тартиби, шайланган органдардын: катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамы.
Негизги бөлүктө төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны алып баруунун жүрүшү, каралуучу маселелер, баяндамалары менен, жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөөчүлөр, добушка коюуга киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү ыкмалары; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөндөрү алардын фракцияларын, башка жактардын аты-жөнү, кызматын жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
250. Сессиянын протоколу сессия ишин аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, шаардык кеңештин төрагасы жана сессиянын катчылыгы тарабынан кол коюлат.
Катчылыктын мүчөлөрүндө стенограмманын тексти боюнча олуттуу сын-пикирлер бар болгон учурда, "өзгөчө пикир менен" деген белгилөө менен катчылыктын мүчөсү тарабынан кол коюлат. Өзгөчө пикир стенограмманын текстине тиркелет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
251. Президиумдун протоколу төрагалык кылуучу жана протокол жазуу үчүн жооптуу шаардык кеңештин аппаратынын адиси тарабынан кол коюлат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 115, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
251-1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
252. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери аппарат жетекчинин уруксаты менен шаардык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар жактарга протоколдун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн беришет, алардан көчүрмөнү жол-жоболоштурат.
253. Шаардык кеңештин сессияларында шаардык кеңештин депутаттары жана аппаратынын кызматкерлери үчүн жеткиликтүү болгон видеожазма жүргүзүлөт.
254. Протоколдордун түп нускалары шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө белгиленген тартипте сакталат. Шаардык кеңештин сессияларынын видеожазуулары алынма электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдө (катуу дисктерде, USB-алып жүрүүчүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдө) шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши жана контролдоо бөлүмүндө сакталат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
255. Шаардык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген эреже боюнча жашырындык деңгээли сессияда талкуулануучу маалыматтардын жашырындык деңгээлине туура келген маалыматтар үчүн жол-жоболоштурулат.
IV БӨЛҮК. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ ТАРТИБИ
20-глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо
256. Шаардык кеңештин иш-планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш-планы жөнүндө маселе каникулдан кийин биринчи президиумдун жыйынынын күн тартибине киргизилет.
257. Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин президиуму, фракцияларынын лидерлери, туруктуу комиссиялары, Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңештин иш-планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
258. Иш-планга шаардык кеңештин сессиясынын, фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйындарынын кароосуна киргизилүүчү маселелер киргизилет.
259. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалган маселени иш-планга киргизүүдө, шаардык кеңеш шаардык кеңеште маселени кароо үчүн жооптуу депутатты (эреже катары, фракциянын жетекчисин, шаардык кеңештин профилдик комиссиясынын төрагасын) аныктайт.
260. Шаардык кеңештин иш-планын бекитүүдө, иш-планга киргизиле турган маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун берүү талап кылынбайт.
261. Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте пландан тышкары токтомдун долбоорлорун даярдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүгү алып салынбайт.
21-глава. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
262. Шаардык кеңеш өз иш алып баруу маселелери боюнча депутаттык угууларды өткөрөт.
Депутаттык угуулардын материалдары депутаттарга угуу башталганга чейин 3 күндөн кеч эмес берилиши керек.
263. Депутаттык угууларда шаардык кеңештин компетенциясына кирген ар кандай маселелер талкууланышы мүмкүн.
Депутаттык угуулар шаардык кеңештин депутатынын, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын, шаардык кеңештин төрагасынын, төраганын орун басарынын, шаардык кеңештин президиумунун демилгеси боюнча өткөрүлөт.
Депутаттык угуулар коомдук жана донордук уюмдар менен биргеликте өткөрүлүшү мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
264. Депутаттык угууларды уюштуруу жана өткөрүү депутаттык угуулардын демилгечисине жана шаардык кеңештин аппаратына жүктөлөт.
Депутаттык угууларга чакырылуучу жактардын курамы бул угууларды өткөрүүнү уюштурган демилгечи тарабынан аныкталат. Шаардык кеңештин төрагасы чакырылгандардын тизмесин толуктоого укуктуу.
Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине киргизилген жактарга депутаттык угууларга алардын милдеттүү келүүсү жөнүндө алдын-ала расмий эскертүү жиберилет.
265. Депутаттык угуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнө ачык.
Депутаттык угууларды өткөрүүнү уюштурган демилгечи жабык депутаттык угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Жабык депутаттык угууларда конфиденциалдуу мүнөздөгү маселелер, ошондой эле мамлекеттик жана башка КР мыйзамы тарабынан корголуучу сырды түзгөн, зыян келтирген маалыматтар талкууланат.
266. Депутаттык угууларда төрагалык кылуучу болуп фракциянын лидери, шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясынын төрагасы, ал эми төрага жок болгон учурда, анын орун басары, депутаттык угуулардын демилгечиси болуп саналат.
Төрагалык кылуучу депутаттык угууларды алып барат жана талкуунун жүрүшүнө көз салат.
267. Депутаттык угуулар талкуулануучу маселенин мааниси, анын маанилүүлүгү, угууну өткөрүү тартиби, чакырылгандардын курамы жөнүндө маалымат берген төрагалык кылуучунун кыскача сөзү менен башталат. Депутаттык угууларда бардык каалоочулар төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөй алышат.
268. Депутаттык угууларга чакырылган жактардын чыгып сүйлөөлөрүнөн кийин шаардык кеңештин депутаттарынын суроолору жана аларга жооптор болот. Суроолор оозеки түрүндө да, жазуу түрүндө берилиши мүмкүн.
269. Депутаттык угуулар талкуулаган маселе боюнча сунуштарды кабыл алуу менен аяктоосу мүмкүн. Депутаттык угуулардын сунуштары шаардык кеңештин депутаттарынын угууларында катышкан көпчүлүктүн жактыруусу менен кабыл алынат.
270. Депутаттык угуулар протоколдоштурулат. Депутаттык угуулардын протоколу төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
Ачык депутаттык угуулардын сунуштары басма сөз каражаттарына басылып чыгышы мүмкүн.
Депутаттык ачык угуулардын материалдары шаардык кеңештин депутаттарына, ага катышкан мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө берилет.
22-глава. Мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу тартиби
271. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбор шаардын статусу жөнүндө" мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
272. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
273. Шаардык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
274. Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
275. Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэриясы консультацияларды өткөрөт жана шаардык кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндөгү макулдашууларды жүргүзөт.
276. Шаардык кеңештин сессиясы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
23-глава. Бишкек шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тартиби
277. Шаардын бюджетин, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, калкты социалдык жактан коргоону жана Бишкек шаарынын мэринин компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгы үчүн анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө сунуш киргизилиши мүмкүн.
Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна ылайык келүүсү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана КРнын Президентине жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
277-1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
277-2. Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу сунушту шаардык кеңештин фракциялары жана туруктуу комиссиялары киргизиши мүмкүн.
Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добуш менен кабыл алынат.
Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө чечим токтом түрүндө кабыл алынат жана КРнын Президентине жөнөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
24-глава. Шаардык кеңеш тарабынан контролдук ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
278. Бишкек шаарынын мэриясы, анын түзүмдүк бөлүктөрү жана кызматтык жактары өз ишинде шаардык кеңештин алдында отчет берет жана контролунда болот.
279. Шаардык кеңештин контролдук иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
280. Шаардык кеңештин контролдук ишинин уюштуруу негизин шаардык кеңештин контролдук ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер: депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана убактылуу комиссиялар, президиум түзөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
281. Контролдук иш төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:
шаардык кеңештин сессиясында маалыматты жана отчетторду угуу;
фракциялык суроо-талаптарды багыттоо.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
282. Текшерүүлөрдү жүргүзүү шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
283. Контролдук иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартипти бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле шаардык кеңештин контролдук функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтоо болгон учурларда, баяндама каттын негизинде шаардык кеңештин төрагасы туруктуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат. Текшерүүлөрдү жүргүзүү текшерилип жаткан субъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.
284. Контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат, ал эми зарыл болгон учурда шаардык кеңештин токтому даярдалат.
Бул регламентке ылайык күн тартибине киргизүү үчүн текшерүүлөрдүн материалдары шаардык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
285. Шаардык кеңештин убактылуу комиссияларынын контролдук ишинин жыйынтыктары убактылуу комиссиянын чечими менен жол-жоболоштурулат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
286. Контролдук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана текшерилүүчү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине шаардык кеңештин токтому, убактылуу комиссиялардын, президиумдун чечимдери, табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар жөнөтүлөт.
Шаардык кеңештин сессиясында чечим аткарылбаган себептерди белгилөө, аны аткаруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө, ал эми зарыл болгон учурда, күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе каралышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомунун редакциясына ылайык)
287. Фракциялык (депутаттык) суроо-талап - бул фракциянын (депутаттын) шаардык кеңештин төрагасына, төраганын орун басарына, мэрге, мэрдин орун басарларына, шаардын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана кызматтарынын, менчиктин формасына карабастан шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине карата талабы, коомдук мааниси бар жана шаардык кеңештин карамагына тийиштүү болгон маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берет же позициясын билдирет.
Суроо-талап фракция (депутат), туруктуу комиссия тарабынан жазуу же оозеки формада киргизилиши мүмкүн. Ал шаардык кеңештин күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуу жүргүзүлүүсү мүмкүн жана чечим кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасы депутаттык суроо-талапты ал кайрылган тийиштүү органга же кызматтык жакка билдирет.
Суроо-талап кайрылган орган же кызматтык жак шаардык кеңеш тарабынан белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Суроо-талапка берилген жооп шаардык кеңештин сессиясынын отурумунда каралышы мүмкүн.
288. Шаардык кеңештин фракциясы менчиктин формасына карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иши, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жарандык бирикмелердин органдарын текшерүүнү жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө маселени коюууга укуктуу.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жана алар боюнча сунуштары жөнүндө фракция текшерүүнү жүзөгө ашырган тапшырма боюнча шаардык кеңештин сессиясында же шаардык кеңештин төрагасына билдирет.
289. Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуулар табылган учурда, фракция бул маселе боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыла алат.
25-глава. Депутаттын жардамчылары
290. Шаардык кеңештин депутаты беш адамдан көп эмес санда коомдук башталышта жардамчыларды алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жараны гана депутаттын жардамчысы боло алат.
291. Жардамчынын ишинин мүнөзү бул регламентке жана депутаттын жардамчысы жөнүндө жобого ылайык аныкталат.
Депутаттын жардамчысы:
1) шайлоочулар менен анын жолугушууларын уюштурат;
2) өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн аналитикалык, маалыматтык, сурап-билүү жана башка депутатка керектүү материалдарды даярдайт;
3) депутаттын тапшыруусу боюнча мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, уюмдарда, коомдук бирикмелерде документтерди, маалыматтык жана сурап билүү материалдарды алат;
4) анын тапшыруусу боюнча башка жактар жана уюмдар менен өз ара мамиле түзө алат.
292. Депутаттын жардамчысы депутаттын статусуна ээ боло албайт жана анын укуктары менен пайдалана албайт. Депутат өз жардамчыларынын иши үчүн жоопкерчилик тартат.
Депутаттын жардамчысына, алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган, негизги документ - күбөлүк берилет.
26-глава. Эл аралык кызматташуу
293. Шаардык кеңеш эл аралык уюмдар менен байланышты жүзөгө ашырат.
294. Шаардык кеңеш шаарлардын өкүлчүлүк бийлик органдары жана чет өлкөлөрдүн региондору менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат.
295. Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте эл аралык байланыштар чөйрөсүндөгү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн келишимдерди ратификациялайт.
V БӨЛҮК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ
27-глава. Аппараттын иши
296. Шаардык кеңештин ишин уюштурууну камсыздоо үчүн аны күтүүгө шаардык бюджет тарабынан каралган айлык акы фондунун чектеринде белгиленген тартипте аппарат түзүлөт.
297. Шаардык кеңештин аппаратынын негизги функциясы - бул шаардык кеңештин, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын жана депутаттардын, ошондой эле депутаттардын ишинин укуктук, усулдук, уюштуруу, документтик, маалыматтык, материалдык-техникалык жана башка камсыздоосун ишке ашыруу болуп саналат.
Шаардык кеңештин аппараты КРнын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде шаардык кеңештин сессиясында түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 200, 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомдорунун редакциясына ылайык)
298. Шаардык кеңештин аппаратынын укуктук статусу жана ыйгарым укуктары аппарат жетекчинин көрсөтүүсү боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилүүчү аппарат жөнүндө жобо менен аныкталат.
Шаардык кеңештин аппаратынын ишин камсыздоого чыгымдар сметасы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия менен макулдашуу боюнча шаардык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
299. Шаардык кеңештин аппараты кезектеги чакырылышта ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктоосу менен өз ишин токтотпойт. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси тарабынан жөнгө салынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
28-глава. Аппарат жетекчи
300. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси административдик муниципалдык кызматты ээлейт.
Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде:
1) белгиленген функцияларды аткарат;
2) шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат;
3) шаардык кеңештин аппаратынын ишин жетектейт, башка уюмдар менен шаардык кеңештин аппаратынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, аралаш жана комплекстүү маселелер боюнча ишти координациялайт;
4) шаардык кеңештин төрагасынын бекитүүсүнө шаардык кеңештин аппараты жөнүндө жобону киргизет;
5) шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
6) шаардык кеңештин имаратында жана жайларында режим эрежелерин сактоо боюнча нускаманы бекитет, кызматтык тартипти колдоого жана сактоого карата чараларды көрөт;
7) аппараттын кызматкерлерин ишке кабыл алуу, иштен бошотуу, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча сунуш киргизет;
8) шаардык кеңештин расмий документтерин жүргүзүүнү камсыз кылат;
9) сессиянын эскертүүлөрүн жана күн тартибинин долбоорун даярдоону камсыз кылат;
10) токтомдорду, буйруктарды жана башка кабыл алынган чечимдерди жалпыга жарыялоону камсыз кылат;
11) коомдук угууларды даярдоону камсыз кылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
29-глава. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери
301. Фракция катчыларынан тышкары, шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери административдик муниципалдык кызматты ээлейт.
Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде:
1) шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат;
2) депутаттарды фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын жыйынынын башталышына чейин 2 күндөн кеч эмес кезектеги сессиянын күн тартибинин маселелери боюнча токтомдордун долбоорлору жана ага материалдар менен, анын ичинде шаардык кеңештин маалыматтык тутуму аркылуу камсыз кылат;
3) шаардык кеңештин депутаттарына документтин долбоорлорун жана ага оңдоолорду даярдоо маселелери боюнча, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин өз убагында өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жолу менен көмөк көрсөтөт;
4) депутаттардын табелдик каттоосун жүргүзөт;
5) шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорду жол-жоболоштурат жана аларды каттоону жана керектүү учурларда жарыялоону жүзөгө ашырат;
6) бөлүм жөнүндө бекитилген жоболорго ылайык башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат;
7) шаардык кеңештин депутаттары, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жетекчилери аппараттын кызматкерлерин бул регламент жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аларга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн гана тарта алат;
8) аппараттын кызматкерлерине КР мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте алар тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кысым көрсөтүү, коркутуу жана башка КР мыйзамына ылайык келбеген аракеттерден коргоо камсыз кылынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
301-1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
301-2. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
302. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери саясий партиялардын, диний жана башка коомдук бирикмелердин түзүмүн түзө алышпайт, шаардык кеңештин фракцияларына карата нейтралдык позицияны ээлейт.
30-глава. Шаардык кеңештин регламентин сактоого контролду жүзөгө ашыруу тартиби жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар
303. Шаардык кеңештин жаңы редакциядагы регламенти, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Фракциялар, туруктуу комиссиялар же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан азы тарабынан киргизилген шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө сунуштар шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
304. Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына контролду шаардык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясы жүзөгө ашырат.
Шаардык кеңештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессиясында берилет жана зарылчылыкка жараша шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
305. Шаардык кеңештин регламентин бузуу менен кабыл алынган токтомдор, алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.
Мындай жагдай пайда болгон учурда, фракциялар, туруктуу комиссиялар жана депутаттар регламент, этика, укуктук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабы менен кайрылууга укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
306. Шаардык кеңештин сессиясынын жыйынында катышуучулар тарабынан тартип бузуулар болсо, ага карата төмөнкү таасир этүүчү чаралар колдонулушу мүмкүн:
1) тартипке чакыруу;
2) протоколго бул жөнүндө жазуу менен тартипке чакыруу;
3) сессия аяктаганга чейин сөз берүү укугунан ажыратуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
307. Сессияда төрагалык кылуучу гана сессиянын катышуучуларын тартипке чакырууга укуктуу.
Төрагалык кылуучу шаардык кеңештин сессиясынын катышуучуларын төмөнкү учурларда тартипке чакырат, эгерде ал:
1) сессияда төрагалык кылуучу уруксаатсыз чыгып сүйлөсө;
2) жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактаса.
308. Шаардык кеңештин төрагасы кайталап тартипке чакырган сессиянын катышуучусу жөнүндө протоколго жазылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомунун редакциясына ылайык)
309. (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 47 токтомуна ылайык алынып салынды)
310. (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 70 токтомуна ылайык алынып салынды)
311. Шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль шаардык кеңештин төрагасына жана регламент жана укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссияга жүктөлөт. Шаардык кеңештин сессиясынын убагында шаардык кеңештин регламентинин сакталышына контроль сессияда төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |