Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 9
Дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 токтомун аткаруу максатында айылдык кеңеш
токтом кылат:
1. Райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунда иштеген жаш дарыгер Х.А.Орозалиевге кошумча түрткү берүү чаралары көрүлсүн.
2. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) 2021-жылдын 1-марттан баштап турак жай ижарасына ай сайын 3000 сомдон акча каражаты жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Садыков |