Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 12
Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун 4 жана 5-пунтарына ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылынын “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш” көчөлөрүнүн тургундарынын 2021-жылдын 12-июлундагы чогулушунун №1 протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Көз-Булак, Бакча жана Ак-Таш” көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлүп, “Маркаев Айбаш” көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |