Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 488
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3 пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.»;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы «облустун мамлекеттик администрациясы», «райондун мамлекеттик администрациясы» жана «аткаруучу-тескөөчү органы» деген сөздөр ылайыгына жараша тийиштүү жөндөмөдө жана сандарда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты», «жергиликтүү мамлекеттик администрация» жана «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун бешинчи абзацындагы «мамлекеттик администрациясынын токтому» деген сөздөр «жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын чечими» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги» деген сөздөр «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «шаар тибиндеги поселок» деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы «айылдык округдар», «райондун мамлекеттик администрациясы», «облустун мамлекеттик администрациясы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана санда «айылдык аймактар», «жергиликтүү мамлекеттик администрация» жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы «областтык мамлекеттик администрациялар менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жободо:
бүткүл тексти боюнча «областтык мамлекеттик администрация менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |