Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2021-жылдын 1-апрели № 70
Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы “Ширеш жана Жаңы-Бак” көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун 4 жана 5-пунтарына ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-токой айылындагы “Ширеш жана Жаңы-Бак” көчөлөрүнүн тургундарынын 2021-жылдын 8-мартындагы чогулушунун №1 протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат
1. Суу-Башы айыл аймагынын Кара-токой айылындагы “Ширеш жана Жаңы-Бак” көчөлөрүнүн аталыштары өзгөртүлүп, “Артыкбаев Үрүстөм Ажы” көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Р. Артыкбаев |