Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2021-жылдын 1-апрели № 71
Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомунун 4 жана 5-пунтарына ылайык Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылынын “Кашка-Кум” көчөсүнүн тургундарынын 2021-жылдын 11-январындагы чогулушунун №2 протоколунун негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат
1. Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы “Кашка-Кум” көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, “Абдалиев Жусуп” көчөсү болуп аталышына макулдук берилсин.
2. Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Артыкбаев |