Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-апрели № 71
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети кирешелер боюнча 40093449,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 39984594,2 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджетинин профицити 108855,2 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-2017-жылдарга бюджетинин божомолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
2015-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө каражаттардын жылдык керектөөсүнүн 95 пайызы, 2016-жылы жана андан кийинки жылдары - 100 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланаары белгиленсин.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2015-жылга - 16547700,0 миң сом суммасында, 2016-жылга божомол - 18058333,9 миң сом суммасында, 2017-жылга - 19705365,2 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2015-жылга - 8776560,2 миң сом, 2016-жылга божомол - 9636269,5 миң сом, 2017-жылга - 10655303,3 миң сом;
- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2015-жылга -1846946,5 миң сом, 2016-жылга божомол - 1892363,5 миң сом, 2017-жылга - 1940958,3 миң сом;
- "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2015-жылга - 2150581,3 миң сом, 2016-жылга божомол - 2272891,8 миң сом, 2017-жылга - 2393676,1 миң сом;
- аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2015-жылга - 25000,0 миң сом, 2016-жылга божомол - 35000,0 миң сом, 2017-жылга - 35000,0 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, "РЕSАС" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору алган, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2015-жылга - 3748612,0 миң сом, 2016-жылга божомол - 4221809,1 миң сом, 2017-жылга - 4680427,5 миң сом.
5-берене.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2013-жылга 100171,9 миң сом суммасында карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
2015-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2013-жылга 14679,0 миң сом суммасында карыздар Пенсиялык фондунун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
7-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
(миң сом)
| Позициянын № | 2015-жылга бюджет |
Бардык кирешелер (3+28+38+50 - позициялар) | 1 | 40093449,4 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,1 |
анын ичинде: |
|
|
I. Пенсиялык фонд | 3 | 37068666,9 |
1. Жыл башына калдык | 4 | 614008,1 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 19758641,2 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 11487458,6 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 6521956,1 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 30132,7 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 9 | 210470,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 10 | 440190,4 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 11 | 8433,4 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 12 | 1060000,0 |
3. Башка кирешелер | 13 | 148317,6 |
анын ичинде: |
|
|
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер | 14 | 23000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар | 15 | 34000,0 |
эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар | 16 | 78000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар | 17 | 817,6 |
убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер | 18 | 8000,0 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар | 19 | 500,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 20 | 3000,0 |
башка түшүүлөр | 21 | 1000,0 |
4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 22 | 16547700,0 |
анын ичинде: |
|
|
пенсиянын базалык бөлүгү | 23 | 8776560,2 |
жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация | 24 | 1846946,5 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 25 | 2150581,3 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 26 | 25000,0 |
пенсиялар жана пенсияларга үстөктөр | 27 | 3748612,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 28 | 1735301,9 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 29 | 1635130,0 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 30 | 941680,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 31 | 537770,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 32 | 3100,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 33 | 16490,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 34 | 47340,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 35 | 0,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 36 | 88750,0 |
2. 2013-жыл үчүн карыздарды тындыруу | 37 | 100171,9 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 38 | 220909,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 39 | 206230,0 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 40 | 117760,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 41 | 67220,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 42 | 290,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 43 | 2040,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 44 | 7570,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 45 | 100,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 46 | 11250,0 |
2. 2013-жыл үчүн карыздарды тындыруу | 47 | 14679,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 48 | 7964416,1 |
1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары | 49 | 6102309,7 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 50 | 1068571,6 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 51 | 661998,8 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 52 | 304489,7 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 53 | 1432,1 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 54 | 0,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 55 | 10501,3 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 56 | 149,7 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 57 | 90000,0 |
3. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон киреше | 58 | 793534,8 |
Бардык чыгымдар (61+78+83+88 - позициялар) | 59 | 39984594,2 |
ИДПга карата % менен | 60 | 9,0 |
анын ичинде: |
|
|
I. Пенсиялык фонд | 61 | 36959811,7 |
пенсиялар | 62 | 31396146,4 |
электр энергиясына компенсация | 63 | 1826851,1 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 64 | 2150581,3 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 65 | 25000,0 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 66 | 322500,0 |
пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар | 67 | 353618,7 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар | 68 | 17398,7 |
жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар | 69 | 5500,0 |
Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары | 70 | 648000,0 |
резервдик фонд | 71 | 47500,0 |
өнүктүрүү фонду | 72 | 46000,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 73 | 12000,0 |
анын ичинде Социалдык фонддун кызматкерлерине ссудаларды берүүгө | 74 | 5664,6 |
ММК фондуна карыздарды тындырууга чыгымдар | 75 | 100171,9 |
ЭДЧ фондуна карыздарды тындырууга чыгымдар | 76 | 14679,0 |
башка чыгымдар | 77 | 200,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 78 | 1735301,9 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 79 | 1596301,9 |
административдик чыгымдар | 80 | 120000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 81 | 9000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 82 | 10000,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 83 | 220909,0 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 84 | 143590,9 |
Санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо | 85 | 13254,5 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 86 | 59645,4 |
уюштуруу-административдик чыгымдар | 87 | 4418,2 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 88 | 1068571,6 |
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө | 89 | 114620,1 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар | 90 | 10685,7 |
учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (50-89-90 - позициялар) | 91 | 943265,8 |
Дефицит (-), профицит (+) | 92 | 108855,2 |
жыл аягына карата Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (48-89-90 - позициялар) | 93 | 7839110,3 |
ИДП | 94 | 442808100,0 |
|
| "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
(миң сом)
| Позициянын № | 2016-жылга бюджеттин божомолу | 2017-жылга бюджеттин божомолу |
Бардык кирешелер (3+28+37+48 - позициялар) | 1 | 42304324,0 | 45621885,5 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,4 | 7,9 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Пенсиялык фонд | 3 | 39215588,7 | 42344402,0 |
1. Жыл башына калдык | 4 | 108855,2 | 273259,7 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 20893752,4 | 22207581,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 12534847,7 | 13790090,3 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 6530396,1 | 6554976,2 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 30132,9 | 30122,2 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 9 | 210470,0 | 210470,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 10 | 477027,4 | 511044,4 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 11 | 8478,3 | 8478,2 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 12 | 1102400,0 | 1102400,0 |
3. Башка кирешелер | 13 | 154647,2 | 158195,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер | 14 | 24500,0 | 25000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар | 15 | 34500,0 | 34500,0 |
эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар | 16 | 81600,0 | 84000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар | 17 | 547,2 | 195,8 |
убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер | 18 | 9000,0 | 10000,0 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар | 19 | 500,0 | 500,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 20 | 3000,0 | 3000,0 |
башка түшүүлөр | 21 | 1000,0 | 1000,0 |
4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 22 | 18058333,9 | 19705365,2 |
анын ичинде: |
|
|
|
пенсиянын базалык бөлүгү | 23 | 9636269,5 | 10655303,3 |
жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация | 24 | 1892363,5 | 1940958,3 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 25 | 2272891,8 | 2393676,1 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 26 | 35000,0 | 35000,0 |
пенсиялар жана пенсияларга үстөктөр | 27 | 4221809,1 | 4680427,5 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 28 | 1737720,0 | 1838200,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 29 | 1737720,0 | 1838200,0 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 30 | 1035870,0 | 1131120,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 31 | 538840,0 | 539900,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 32 | 3100,0 | 3100,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 33 | 16490,0 | 16490,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 34 | 51120,0 | 55290,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 35 | 0,0 | 0,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү | 36 | 92300,0 | 92300,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 37 | 218520,0 | 230450,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 38 | 218520,0 | 230450,0 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 39 | 129500,0 | 141330,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 40 | 67320,0 | 67420,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 41 | 290,0 | 290,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 42 | 2040,0 | 2040,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 43 | 7570,0 | 7570,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 44 | 100,0 | 100,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 45 | 11700,0 | 11700,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд (МТПФ) | 46 | 9965865,4 | 12277902,1 |
1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары | 47 | 7839110,3 | 9834257,9 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 48 | 1132495,3 | 1208833,5 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 49 | 727894,7 | 805914,2 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 50 | 298089,1 | 296153,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 51 | 1534,2 | 1724,7 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 52 | 0,0 | 0,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 53 | 11236,5 | 11301,1 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 54 | 140,8 | 140,5 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 55 | 93600,0 | 93600,0 |
3. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон кирешелер | 56 | 994259,8 | 1234810,7 |
Бардык чыгымдар (59+73+78+83 - позициялар) | 57 | 42031064,3 | 45542778,4 |
ИДПга карата % менен | 58 | 8,3 | 7,9 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Пенсиялык фонду | 59 | 38942329,0 | 42265294,9 |
пенсиялар | 60 | 33309401,8 | 36362526,6 |
электр энергиясына компенсация | 61 | 1871774,0 | 1919840,1 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 62 | 2272891,8 | 2393676,1 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 63 | 35000,0 | 35000,0 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 64 | 327000,0 | 351425,0 |
пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар | 65 | 373793,3 | 406028,1 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар | 66 | 18403,7 | 19547,5 |
жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар | 67 | 5000,0 | 5000,0 |
Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары | 68 | 685499,8 | 728286,9 |
резервдик фонд | 69 | 2500,0 | 2500,0 |
өнүктүрүү фонду | 70 | 34500,0 | 34500,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 71 | 6364,6 | 6764,6 |
башка чыгымдар | 72 | 200,0 | 200,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 73 | 1737720,0 | 1838200,0 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 74 | 1592720,0 | 1687200,0 |
административдик чыгымдар | 75 | 125000,0 | 130000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 76 | 10000,0 | 11000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 77 | 10000,0 | 10000,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 78 | 218520,0 | 230450,0 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 79 | 142038,0 | 149792,5 |
санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо | 80 | 13111,2 | 13827,0 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 81 | 59000,4 | 62221,5 |
уюштуруу-административдик чыгымдар | 82 | 4370,4 | 4609,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 83 | 1132495,3 | 1208833,5 |
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө | 84 | 114620,1 | 114620,1 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар | 85 | 16987,4 | 18132,5 |
учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (48-84-85 - позициялар) | 86 | 1000887,8 | 1076080,9 |
Дефицит (-), профицит (+) | 87 | 273259,7 | 79107,1 |
жыл аягына карата Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (46-84-85 - позициялар) | 88 | 9834257,9 | 12145149,5 |
ИДП | 89 | 506329900,0 | 580037700,0 |