Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-апрели № 73
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
12-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен;
Түзөтүү мекемелерин жана соттолгондор менен камакка алынган адамдарды кайтаруу жана айдап узатуу боюнча департаменттин аскер кызматкерлерин копшогондо, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;";
5-бөлүк "ички иштер" деген сөздөрдөн кийин ", баңги заттарды контролдоо, жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |