Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-апрели № 89
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги биринчи абзацы "аймагында" деген сөздөн кийин "төмөнкүлөргө тыюу салынат" деген сөздөр менен толукталсын;
мамлекеттик тилдеги 8-пунктунда "тыюу салынат" деген сөздөр алып салынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо жана коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 1-майында № 38-39 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |