Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 9-июну № 49
Курал жөнүндө
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 205, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 30-июлундагы № 171, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 89, 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 , 2025-жылдын 15-октябрындагы № 215 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык, кызматтык, ошондой эле кол менен атылуучу жана атылбас аскердик куралды сатууда пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоого, коомдук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууга, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын коргоого, кылмыштуулукка жана куралдын мыйзамсыз жайылтылышына каршы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Ушул Мыйзамдын жоболору куралдык ок-дарылардын сатылышына да жайылтылат.
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда конструкциясы боюнча кол салууга же болбосо активдүү коргонууга жана тирүү жанга же башка бутага тийгизүү үчүн колдонулуучу түзүлүштөр менен буюмдар курал деп түшүнүлөт:
1) ок атуучу курал - конструкциясы боюнча дары же башка жарылуучу заттар бөлүнгөндө пайда болуучу газдын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келип, атылып чыгуучу элемент менен бутаны аралыктан механикалык кыйратууга арналган курал;
2) атылбоочу курал - түздөн-түз контакт болгондо адамдын каруу күчүн пайдалануу аркылуу же болбосо адамдын каруу күчүнүн же механикалык түзүлүштүн эсебинен багыттуу кыймылга келген аралыктан ыргытылуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
3) пневматикалык курал - кысылган газ түрүндөгү заттын энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген атылып чыгуучу элемент менен бутаны кыйратууга арналган курал;
4) газ куралы - жаш агызуучу жана ачыштырып-кычыштыруучу заттарды колдонуу аркылуу бутаны кыйратуу үчүн арналган курал. Колдонууга уруксат берилген ачыштырып-кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
5) ок-дарылар - атылуучу элемент менен бутанын түздөн-түз кыйрашына жана конструкциясы боюнча тиешелүү куралдын түрүнөн атуу үчүн ылайыкталган бир жолу колдонулуучу түзүлүштөр;
6) курал жүгүртүү - курал чыгаруу, сатуу, берүү, сатып алуу, оңдоо, эсепке алуу, сактоо, алып жүрүү, ташуу, пайдалануу, коллекциялоо, экспонат кылуу, алып коюу жана жок кылуу, экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле куралдын сейрек нускаларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү;
7) курал чыгаруу - куралды изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо, даярдоо, ошондой эле көркөм жасалгалоо жана оңдоо, ок-дарыларды, патрондорду жасап чыгаруу;
8) кыйратуу күчү чектелген ок атуучу курал - дарынын же башка дүрмөттүн энергиясынын эсебинен багыттуу кыймылга келген, травматикалык таасир этүүчү патрондун атылуучу шайманы менен аралыктан тирүү бутаны механикалык кыйратуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган кыска найлуу курал жана найсыз курал;
9) патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, куралдан атуу үчүн арналган түзүлүш;
10) травматикалык таасир этүүчү патрон - аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, ок атуучу сайсыз куралдан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
11) газ менен таасир этүүчү патрон - жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган аракетке келтирүү каражаттарын гильзанын жардамы аркылуу бир бүтүнгө бириктирген, газ куралынан же кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан атуу үчүн арналган жана адамды өлтүрүүгө арналбаган түзүлүш;
12) жарык-үн чыгаруучу патрон - ок атуучу куралдан, кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралдан, газ же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын жана жарык-үн таасиринин шайманын бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
13) белги берүүчү патрон - ок атуучу куралдан же белги берүүчү куралдан атуу үчүн арналган, жарык, түтүн же үн белгисин берүү үчүн гильзанын жардамы аркылуу аракетке келтирүү каражаттарын, атуучу дүрмөттү жана атылуучу шайманды бир бүтүнгө бириктирген жана тирүү же башка бутаны кыйратуу үчүн арналбаган түзүлүш;
14) эзелки (антиквардык) курал - жасалган учурунан тартып 100 жыл өткөн ок атуучу жана пневматикалык курал, ошондой эле жасалган учурунан тартып 50 жыл өткөн атылбоочу курал;
15) илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунун негизинде аталган категорияга киргизилген куралдын сейрек кездешүүчү нускалары;
16) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөсү - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын так же масштабдуу чагылдыруу шартында эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы же чиймеси боюнча жасалган, антиквардык же башка түрдөгү куралдын түп нуска бөлүктөрүн камтыбаган курал;
17) эзелки (аитиквардык) куралдын репликасы - конструкциясын, сырткы келбетин жана көркөм жасалгасын чыгармачылык менен өзгөртүп, эзелки (антиквардык) куралдын түп нускасы, чиймеси же сүрөттөмөсү боюнча жасалган, көркөм чыгармачылыктын жана декоративдик-колдонмо искусствонун үлгүсү катарында маданий баалуулукту элестеткен курал;
18) эсептен чыгарылган курал - андан атуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр киргизилген жана жарык-үн чыгаруучу патрон (оксуз курал) менен андан атууну имитациялоо мүмкүндүгү бар же андан атууну имитациялоо мүмкүндүгүсүз (окуу куралы) маданий жана билим берүү иштерин жүргүзүүдө колдонууга же куралдын бөлүктөрүнүн жана механизмдеринин өз ара аракеттенүү процессин окутууга (куралма курал) арналган ок атуучу курал;
19) оксуз патрондор - гильзасында тешиги бар, учуучу дүрмөтү алып салынган жана аракетке келтирүү каражаты пайдаланылган ок атуучу куралдын патрондору;
20) ок атуучу куралдын негизги бөлүктөрү - най, затвор, барабан, рамка, най кутусу;
21) уруучу механизм - куралдын патронду иштетүүчү каражатын аракетке келтирүүчү механизми;
22) уруучу механизмдин ургучу - патронду аракетке келтирүүчү каражатка сокку берген уруучу механизмдин тетиги.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Куралдын түрлөрү
Тиешелүү субъекттер тарабынан анын пайдаланылышынын максаттарына жараша курал:
1) жарандык;
2) кызматтык;
3) аскердик.
Ушул Мыйзам тарабынан каралбаган куралдын башка түрлөрү, ок атуучу мылтык, газ куралы жана атылбоочу курал Кыргыз Республикасынын аймагында куралды коллекциялоо максатында гана пайдаланылышы мүмкүн.
Чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк максаттагы буюмдар катары сертификатталган буюмдар, конструкциясы боюнча куралга окшош спорттук снаряддар куралга кирбейт.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Жарандык курал
Жарандар тарабынан өзүн-өзү коргоо максатында пайдалануу үчүн, спорт менен алектенүү жана аңчылыкка чыгуу үчүн арналган курал жарандык куралга кирет.
Жарандык курал төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
1) өзүн-өзү коргоо куралы:
а) сайсыз, анын ичинде травмалык таасири бар патрондор менен атылуучу курал;
б) травмалык, газ жана жарык-үн аркылуу таасир этүүчү патрондор менен атылуучу найсыз курал;
в) кыйратуучу таасири чектелген атылуучу курал: тапанча, револьвер, травмалык таасир этүүчү, газ менен таасир этүүчү жана жарык-үн менен таасир этүүчү патрондору менен атылуучу найсыз түзүлүш;
г) мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген чыгуу параметрлери бар электршок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтар;
2) спорттук курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз курал;
в) атылбоочу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан жогору пневматикалык курал;
3) аңчылык курал:
а) ок атуучу сайлуу курал;
б) ок атуучу сайсыз, анын ичинде сайлуу жагынын узундугу 140 миллиметрден ашпаган курал;
в) ок атуучу комбинациялуу курал;
г) найдын оозунан чыгуу кубаты 25 джоулдан ашпаган пневматикалык курал;
д) атылбоочу курал;
4) белги берүүчү курал;
5) маданий жана окутуучулук максатта колдонулган курал:
а) маданий баалуулугу бар курал;
6) эзелки (антиквардык) курал;
в) эзелки (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү;
г) эзелки (антиквардык) куралдын репликасы;
д) эсептен чыгарылган курал.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Кызмат куралы
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга өзүн-өзү коргоо максаттарында же мыйзам тарабынан аларга жарандардын өмүрү менен ден соолугун, менчигин коргоо боюнча, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, баалуу жана кооптуу жүктөрдү, атайын корреспонденцияларды күзөтүү боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн көрсөтүлгөн куралды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана ишканалар менен уюмдардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн арналган курал кызмат куралына кирет.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аларга кызмат куралын пайдаланууга жана колдонууга байланыштуу милдеттер жүктөлгөн ишканалар менен уюмдар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар (мындан ары - өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар) болуп саналат.
Кызматтык куралга найынын узундугу 400 миллиметрден ашкан сайсыз ок атуучу жана найдын оозунан чыгуу кубаты 300 джоулдан ашпаган сайлуу найы кыска курал, ошондой эле найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашпаган кыйратуучу таасири чектелген ок атуучу курал кирет.
Кызматтык сайлуу кыска найлуу курал кол менен атылуучу аскердик куралдан патрондорунун түрү жана өлчөмдөрү боюнча айырмаланууга тийиш.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Аскер куралы
Колдо алып жүрүүчү ок атуучу аскер куралы менен ок атпоочу куралга Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларынын күжүрмөн милдеттерди, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин оперативдүү-кызматтык милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууга арналган куралдар, ошондой эле чет элдик армиялардын жана чет мамлекеттердин аскерлешкен уюмдары куралданышкан, ошондой эле куралдардын түрлөрү кирет.
Аскер куралдары менен куралдануунун, аскер куралын жана ага ок-дарыларды сатуунун тартиби, ошондой эле аскер куралын колдонууга укуктуу болгон ведомстволордун тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Сыйлык куралы
Төмөнкүлөр сыйлык куралы деп таанылат:
- кортик;
- чолок кылыч же кылыч;
- найы кыска сайлуу тапанча;
- аңчылык ок атуучу курал;
- мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлык грамотасынын же башка документтеринин негизинде берилген курал.
Сыйлык куралы менен төмөнкүлөр сыйланат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлешкен ведомстволорунда кызматта турган, кызматтык-күжүрмөн иште өзгөчө айырмаланган офицердик курамдын адамдары;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана коопсуздугун чыңдоого өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен бир жолудан ашык эмес жүзөгө ашырылат.
Ысымы жазылган сыйлык куралы менен бир же андан көп жолу сыйлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жүзөгө ашырылат.
Коргоо, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери кортик, чолок кылыч же кылыч менен сыйлоону жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Куралды коллекциялоо
Коллекцияларды түзүү жана көргөзмөгө коюу үчүн арналган илимий же көркөм (маданий) баалуулугу бар курал эски (антиквардык) курал, эски (антиквардык) куралдын көчүрмөлөрү, эски (антиквардык) куралдын репликалары) коллекциялык курал болуп таанылат. Коллекциялык курал милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Криминалисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүчү мамлекеттик эксперттик бөлүктөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын бөлүктөрүнө, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарына эксперттик-криминалисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө гана жарай турган куралдардын жана ок-дарылардын коллекциясына ээ болууга уруксат берилет.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Жарандык жана кызматтык куралды соодалоого белгиленген чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарандык жана кызматтык курал катары соодалоого (алып коюуну жана жок кылууну кошпогондо):
а) магазининин (барабанынын) сыйымдуулугу 10 патрондон көп (спорттук максатта колдонулуучу куралды кошпогондо), найдын тулкусунун узундугу 500 миллиметрден кем жана куралдын жалпы узундугу 800 миллиметрден кем болгон, ошондой эле заводдук конструкциясы анын узундугун ар кандай бөлүктөр же жыйналма кундак менен комплекттөө аркылуу 800 миллиметрден кем чоңдукка чейин өзгөргөндө атуу мүмкүндүгүн берген узун сайлуу ок атуучу куралды;
б) башка буюмдарга окшоштурулган формасы бар ок атуучу куралды;
в) сайлуу ок атуучу куралдын патрондоруна эсептелип жасалган сайсыз ок атуучу куралды;
г) спорттук ыргытылуучу элементтерди кошпогондо чокморлорду, кастеттерди, сурикендерди, бумерангдарды жана башка уруучу-талкалоочу жана ыргытып уруучу таасири бар курал катарында колдонуу үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды;
д) калканычтарды тешүүчү, күйгүзүүчү, жарылуучу же от куйруктуу октору бар патрондорду, ошондой эле кыйратуусу чектелген ок атуучу куралдар жана газ куралдар үчүн чачма учуучу элементтери бар патрондорду;
е) кыйратуу күчү радиоактивдүү нурланууну жана биологиялык факторлорду пайдаланууга негизделген куралдарды жана башка буюмдарды;
ж) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан колдонууга уруксат берилбеген ууландыруучу жана башка заттар менен жабдылган газ куралын жана анын ок-дарыларын;
з) техникалык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга ылайык келбеген куралды жана алардын ок-дарыларын;
и) мамлекеттик стандарттар менен белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар электрдик шок түзүлүштөрүн жана учкун чыгаргычтарды;
к) кнопканы же рычагды басканда мизи автоматтык түрдө туткадан чыккан жана тийиштүү түзүлүш менен бир орунга келтирилген, же болбосо салмак күчүнүн же тез кыймылдын эсебинен чыккан жана мизи 90 миллиметрден ашык узундукта автоматтык түрдө бир орунга келтирилген атылбоочу куралды;
л) кыйратуу күчү электр магниттик, жарык, жылуулук, инфраүндүү же ультраүндүү нурланууну пайдаланууга негизделген жана техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга ылайык белгиленген чоңдуктардан ашкан чыгуу параметрлери бар куралдарды жана башка буюмдарды;
м) кезеги менен ок атууга мүмкүндүк берген жарандык жана кызматтык ок атуучу куралды;
н) кыска найлуу кызматтык куралды жана 10дон ашык патрон баткан магазини (барабаны) бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
о) найдын оозунан чыгуу кубаты 91 джоулдан ашык болгон кыйратуу күчү чектелген жарандык атуучу куралды жана найдын оозунан чыгуу кубаты 150 джоулдан ашык болгон, кыйратуу күчү чектелген кызматтык ок атуучу куралды;
п) колго алып жүрүүчү согуштук ок атуучу куралдан, кызматтык сайлуу куралдан жана сайсыз ок атуучу куралдан, жарандык сайлуу куралдан жана узун найлуу сайсыз ок атуучу куралдан атуу үчүн колдонулган патрондор менен атуу мүмкүндүгү бар кыйратуу күчү чектелген ок атуучу куралды;
2) айбанаттар дүйнөсүнүн объекттеринин кыймылын чектөөгө жана аларга дары куюуга байланышкан илимий изилдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн жааларды жана арбалеттерди сактоону жана пайдаланууну кошпогондо, сайлуу найы бар ок атуучу спорттук куралды же болбосо найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 джоулдан ашык, калибри 4,5 миллиметр пневматикалык спорттук куралды, же калибри 4,5 миллиметрден чоңураак пневматикалык спорттук куралды, ошондой эле спорттук атылбоочу миздүү жана ыргытма куралды спорт объекттеринен сырткары сактоого жана пайдаланууга;
3) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү аңчылык үчүн мээлеткичтерди кошпогондо, жарандык жана кызматтык куралга үн чыгарбай атуу үчүн шаймандарды жана түн ичинде көрүү үчүн кароолдорду (кароол комплекстерин) орнотууга, ошондой эле аларды сатууга;
4) куралды жөнөтүүгө;
5) чогулуштарды өткөрүүдө жарандардын курал алып жүрүүсүнө, алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында курал алып жүрүүсүнө, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук продукцияны сатуучу коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүсүнө;
6) ок атуучу жана атылбоочу куралды ташуу же жеткирүү учурларын кошпогондо, өзүн-өзү коргоо максатында жарандын ок атуучу куралды жана атылбоочу куралды алып жүрүүсүнө;
7) комиссиялык куралды жана ок-дарыларды ички иштер органдарынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз адистештирилген дүкөндөрдөн сырткары сатууга;
8) спорттук уюмдарда ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан спорттун түрү менен алектенген же билим берүү уюмдарында атуу даярдыгынан өтүп жаткан адамдарга патрондорду берүүнү кошпогондо, ушул Мыйзамдын негизинде мындай жарандык куралга ээ болбогон адамдарга жарандык куралдын патрондорун сатууга же өткөрүп берүүгө;
9) ушул Мыйзамдын негизинде жарандык куралга ээ болбогон адамдар тарабынан жарандык куралдын патрондорун сактоого;
10) конструкциясын же көркөмдүк жасалгасын бузган усулдарды жана технологияларды колдонуу менен маданий жактан баалуу куралды жок кылууга, же жараксыз абалга келтирүүгө;
11) жеке коопсуздугун камсыз кылуу, башка жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын жеке менчигин сактоо, жүктөрдү коштоп жүрүү максатында жана башка максаттарда, эгерде бул Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралбаса, чет элдик жарандардын куралдын бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды колдонуусуна;
12) коллекциялык куралды патрондору менен бирге, оксуз патронду эске албаганда, көргөзмөгө чыгарууга;
13) жеке номери жок жарандык жана кызматтык куралдарды (антиквардыкты кошпогондо) сатууга;
14) тийиштүү сертификаты жок куралды жана анын патрондорун сатууга;
15) куралды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген юридикалык жактарга жана жарандарга куралды сатууга, ал эми анын патрондорун аталган куралды сактоого же алып жүрүүгө жана сактоого берилген уруксат кагазын көрсөтпөгөн юридикалык жактарга жана жарандарга сатууга;
16) спорттук, мергенчилик жана балык уулоонун керек-жарактарын жана куралдын камдык бөлүктөрүн кошпогондо, жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактарга, бир соода-сатык залына куралдарды жана товарлардын башка түрүн бириктирип сатууга;
17) ушул Мыйзамда жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо юридикалык жактарга жана жарандарга алар таап алган же аларга берилген ок атуучу куралды менчик ээси болбой туруп сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Мындай курал ички иштер органдарына тапшырылышы керек;
18) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сертификациялоо
Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылуучу, республиканын аймагына ташылып келинүүчү жана республикада ташылып кетилүүчү жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдардын баары милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш.
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды сертификациялоо боюнча иштерди уюштуруу белгиленген тартипте аккредиттелген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ырастоо сертификаты Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо үчүн негиз болуп саналат.
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун мамлекеттик кадастры
(Статья КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-1-статья. Куралдарды колдонуу үчүн куралды коопсуз колдонуу эрежелери боюнча окуудан өткөрүүнүн тартиби, окутуу программаларын жана текшерүү жүргүзүү тартибин иштеп чыгуу
Жарандык жана кызматтык куралды сатып алууга биринчи жолу уруксат алып жаткан адам, же алар спорт менен машыгуу же кызматтык милдетин аткаруу үчүн курал алууга уруксат талап кылынса, билим берүү уюмдарынан куралдын түрүнө ылайык курал-жарактарды коопсуз колдонуу эрежелерин билүү боюнча окуудан жана тийиштүү текшерүүдөн өтүшү керек.
Куралды коопсуз колдонуу эрежеси, окутуу программасы жана текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Куралды, ок-дарыларды чыгаруу, оңдоо, соода жүргүзүүнү лицензиялоонун негизги талаптары
Кыргыз Республикасынын аймагында курал менен ок-дарыларды чыгаруу, оңдоо жана сатуу лицензияланууга тийиш.
Лицензия жана уруксат берүү тартиби жана шарттары "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы N 52, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Куралды сатып алууга укуктуу субъекттер
Кыргыз Республикасынын аймагында куралды сатып алууга:
1) мамлекеттик аскерлешкен уюмдар;
2) өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар;
3) куралды чыгаруу же аны соодалоо менен аракеттенген юридикалык жактар;
4) куралды коллекциялоо же көргөзмөгө коюу менен аракеттенген юридикалык жана жеке жактар;
5) спорттук уюмдар жана аңчылык багытындагы чарбалык уюмдар;
6) билим берүү мекемелери;
7) Кыргыз Республикасынын жарандары;
8) чет өлкөлүк жарандар укуктуу.
13-статья. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралды сатып алуу укугу
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укук ченеминдеги актылары тарабынан белгиленген тартипте кол менен атылуучу же башка аскердик курал сатып алууга укуктуу. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралдануусундагы атылуучу сайлуу найы бар куралдан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик ок-жез сактоочу жай түзүү үчүн контролдук атуу жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын курал сатып алуу укугу
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар ички иштер органдарынан тиешелүү лицензия алгандан кийин курал чыгаруучу же аны соодалоочу юридикалык жактардан жарандык жана кызматтык курал сатып алууга укуктуу. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлери тарабынан пайдалануу үчүн жарандык жана кызмат куралынын түрлөрү, типтери, моделдери жана саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Сатылып алынган курал ал сатылып алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө тиешелүү ички иштер органдарында катталууга тийиш. Куралды каттоодо өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга куралды сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтердин негизинде ал куралды үч жылдык мөөнөткө сактоого жана пайдаланууга уруксат берилет. Уруксат берүүнүн түрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Уруксат берүүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын банктары, ошондой эле, менчик күзөтүү ишканаларынын жана уюмдарынын коопсуздук кызматтарын албаганда, өзгөчө уставдык милдеттери бар башка юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин укук ченеминдеги актыларынын негизинде мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн куралды, ок-дарыларды, аскер техникасын чыгаруу жана сактоо объекттерин, өзгөчө кооптуу экологиялык өндүрүштөрдү, жаратылышты жана жаратылыш ресурстарын, акча каражаттары менен баалуулуктарды жасоочу жана сактоочу, баалуу металлдар жана асыл таштар алынуучу, кайра иштетилүүчү жана сакталуучу жерлерди, чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, башка өтө маанилүү объектилерди, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу жүктөрдү, куралды, ок-дарыларды, аскердик техниканы, акчалай каражаттарды жана баалуулуктарды ташууда, дипломаттык почтаны, мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды камтыган корреспонденцияларды жана мамлекеттик жашыруун сырга таандык кылынган маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү камтыган жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруу үчүн кол менен атылуучу аскердик куралдын айрым типтерин жана моделдерин ички иштер органдарынан убактылуу пайдаланууга алууга укуктуу.
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар тарабынан кол менен атылуучу аскердик куралдардын айрым типтерин жана моделдерин мыйзам тарабынан каралбаган башка максаттарда колдонулушуна тыюу салынат.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдеттери мыйзам тарабынан жүктөлгөн ишканаларга жана уюмдарга катары сайлуу найы бар аңчылык мылтыгын кызмат куралы катары сатып алууга жана пайдаланууга уруксат берилет. Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерине курал берүү тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул юридикалык жактардын жетекчилеринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Ал кызматкерлер атылуучу куралды колдонууга байланыштуу шарттарда аракеттенүүгө жарамдуулугу мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүүгө жана аларда кызматтык куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынын уруксаты болууга милдеттүү.
Өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактардын кызматкерлерин даярдоо жекече детективдерди даярдоо боюнча мамлекеттик эмес окуу борборлору, аткаруу бийлигинин органдары жана уюмдар, ал эми мындай даярдык үчүн шарттар жок болгондо ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Айлана-чөйрөнү коргоо максатында пайдаланылуучу белги берүүчү курал лицензиясыз сатылып алынат жана катталбайт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын курал сатып алуу укугу
Кыргыз Республикасынын 20 жашка толгон жарандары жашаган жери боюнча ички иштер органдарында ушул Мыйзамдын 101-статьясынын талаптарын эске алуу менен куралдын конкреттүү түрүн сатып алууга уруксат алгандан кийин өзүн-өзү коргоо, спорттук жана аңчылык куралын, белги берүүчү куралды жана атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу жана эки жумалык мөөнөттө жашаган жери боюнча ички иштер органдарында аны каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле мезгилде ал куралды (өзүн-өзү коргоо үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет.
Куралды сактоого уруксат Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча ички иштер органдары тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет жана ошол эле учурда, ал куралды (өзүн-өзү коргоо жана спорт үчүн сатып алган ок атуучу куралды кошпогондо) алып жүрүүгө уруксат болуп эсептелет.
Куралдын аталган түрлөрү коллекциянын объектиси болгон учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан сатып алынган аңчылык жана (же) спорттук ок атуучу сайлуу куралдын жалпы саны - 3 бирдиктен, аңчылык ок атуучу сайсыз куралдын жалпы саны - 2 бирдиктен жана ок-атуучу өзүн-өзү коргоо куралы - 2 бирдиктен ашпоого тийиш.
Уруксат берүүнүн мөөнөтүн узартуу лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик аңчылык кылуу күбөлүгү же спорттук аткычтар уюмдарында мүчө экендигин ырастаган документи бар Кыргыз Республикасынын жарандары спорттук жана аңчылык ок атуучу сайсыз куралды, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда аңчылык жана спорт менен алектенүү үчүн пневматикалык куралды сатып алууга укуктуу.
Жеке менчигинде 5 жылдан кем эмес убакыттан бери аңчылык ок атуучу сайсыз куралы болгон Кыргыз Республикасынын жарандары аңчылык ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жарандардын айрым категориялары жана өзгөчө статустагы (укуктук режим менен) аймактарда жашап жаткан жарандар үчүн аңчылык ок атуучу сайлуу куралын сатып алууга башка укуктар жана мөөнөттөр белгилениши мүмкүн.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен жабдылган механикалык чачкычтар, аэрозолдук жана башка түзүлүштөр, электрдик шок түзүлүштөрү жана учкун чыгаргычтары, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 джоулдан ашпаган жана калибри 4,5 миллиметрге чейин болгон пневматикалык курал катталбайт жана Кыргыз Республикасынын жарандары аларды уруксатсыз сатып алууга укуктуу.
Аңчылык ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө ички иштер органдарынан уруксат алган Кыргыз Республикасынын жарандары же куралды коллекция кылуу менен алектенген жарандар атылбоочу куралды сатып алууга укуктуу.
Конструкциялык жактан куралга окшош, найдын оозунан чыгуу кубаты 3 джоулдан ашпаган буюмдар, пневматикалык мылтыктар, тапанчалар жана револьверлер, калибри 6 миллиметрден ашпаган белги берүүчү куралдар жана алардын патрондору, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын корутундусу боюнча ок атуучу жана газ куралы катары пайдаланууга болбой турган эсептен чыгарылган курал уруксатсыз сатылып алынат жана катталбайт.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына куралды сатып алууга уруксат берилбейт:
1) ушул Мыйзамда белгиленген жашка толо электерге;
2) курал алууга каршы келген көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербегендерге. Курал алып жүрүүгө каршы келүүчү оорулардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт;
3) жоюла элек соттуулугу барларга;
4) кылмыш жасагандыгы үчүн жаза өтөп жүргөндөргө;
5) жыл ичинде коомдук тартипти кайталап бузгандарга;
6) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган фактысы боюнча сот актысы барларга;
7) жашаган жери жокторго;
8) куралды коопсуз пайдалануу эрежелери боюнча билими текшерилгендигин тастыктоочу документтерин жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка документтерин ички иштер органдарына бербегендерге.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
16-статья. Чет өлкөлүк жарандар тарабынан жарандык куралдын Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып алынышы, Кыргыз Республикасына алынып келиши жана Кыргыз Республикасынан алынып кетиши
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык куралды өздөрү жарандары болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн өтүнүчтөрүнүн негизинде ички иштер органдары тарабынан берилген уруксат боюнча сатып алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен өлкөдөн алар тарабынан чыгарып кеткен шартта, сатып ала алат.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук же башка түзүлүштөрдү, эстен тандыруучу электр түзүлүштөрдү жана учкун чыгаргычтарды, найдын оозунан чыгуу кубаты 7,5 Джоулдан ашпаган жана сайы 4,5 миллиметрге чейинки пневматикалык куралды кошуп алганда, чет мамлекеттик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында уруксатсыз сатып алууга укуктуу.
Спорттук жана аңчылык мылтык Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандар тарабынан өлкөгө кирерде милдеттүү түрдө жарнактоо менен аңчылык кылууга лицензиясы бар юридикалык жактын чакырыгы менен аңчылыкка контракты же спорттук иш-чарага катышуу үчүн чакыруусу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын тиешелүү уруксаты болгондо гана алынып келиниши мүмкүн. Көрсөтүлгөн курал контракт же чакыруу тарабынан белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгарылып кетүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу, бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт.
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан куралды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн жана тартибин, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануунун тартибинин бузулушу куралды белгиленген тартипте алып коюуга жана конфискациялоого алып келет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
17-статья. Башка субъекттердин курал сатып алуу укугу
Өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткаруу үчүн куралды жана анын патрондорун изилдөөнүн, иштеп чыгуунун, сыноонун, жасоонун жана кооздоонун, ошондой эле буюмдарды окко туруштук берүүгө сыноодо иштеген юридикалык жактар өндүрүүгө лицензия жана ченемдик-техникалык документтер тарабынан каралган куралдын жана анын патрондорунун бардык түрлөрүн, типтерин жана моделдерин сатып алууга укуктуу. Куралды соодалоодо иштеген юридикалык жактар жарандык жана кызматтык куралды, спорттук уюмдар жана билим берүү мекемелери, спорттук жана аңчылык мылтыктарын, ал эми аңчылык чарбасын жүргүзүүчү уюмдар аңчылык мылтыгын сатып алууга укуктуу.
Аңчылык кылууга адистешкен ишканалар аңчылыктын ок атуучу куралын, анын ичинде сай салынган найлуу мылтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдар кызматтык куралды убактылуу пайдаланууга, ал эми зарыл учурда колдо алып жүрүүчү куралды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алууга укуктуу.
Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттер куралдарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатып алышат. Сатылып алынган куралдар ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Жекече күзөт ишканалары, бирикмелер, ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте ички иштер органдары тарабынан берилүүчү уруксаттар боюнча курал (ок атуучу сайсыз найлуу, ок атуучу кыска найлуу) сатып алышат. Курал сатып алуу ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган тартипте катталууга тийиш.
(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2003-жылдын 6-мартындагы № 52 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
18-статья. Курал жана анын патрондорун чыгаруу
Курал жана анын патрондорун чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте аларды чыгарууга лицензиясы бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат. Курал жана анын патрондорун чыгаруучу юридикалык жактар өндүрүштүн коопсуздугун, аны контролдоону, чыгарылуучу продукциянын тиешелүү сапатын жана анын сакталышын камсыз кылууга тийиш.
Курал чыгарууда, сатып өткөрүүдө жана оңдоодо, ошондой эле анын патрондорун чыгарууда жана сатып өткөрүүдө мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
Жаш агызуучу же ачыштыруучу заттар менен толтурулган механикалык бүрктүргүчтөрдү, аэрозолдук жана башка түзүлүштөрдү албаганда, жасалган куралдын ар бир даанасынын жеке номери болууга тийиш.
Тажрыйбалык үлгүлөрдү албаганда, аскердик жарак мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга жөнөтүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрел Кабинети тарабынан белгиленген тартипте башка мамлекеттерге жөнөтүү үчүн гана жасалат.
Аңчылык сайсыз найлуу мылтыктын куралынын патрондорун дүрмөттөө, ошондой эле өңчөй коргошундун эритиндисинен бытыра жана картеч жасоо жана колдо бар материалдардан тыгын жасоо, аңчылык сайсыз мылтыкты сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар куралдын ээси тарабынан жеке өзүнө пайдалануу үчүн даярдалышы мүмкүн.
Спорттук ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксаты бар болгондо, спорттук ок атуучу сайлуу куралдын патрондорун дүрмөттөө расмий каттоодон өткөн спорттук уюмдардын мүчөлөрү тарабынан алардын жеке пайдалануусу үчүн даярдалышы мүмкүн.
(КР 2002-жылдын 27-июнундагы № 112, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115, 2024-жылдын 13-июнундагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
19-статья. Куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу
Колго алып жүрүүчү согуштук атуучу, жарандык жана кызматтык куралды, анын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоо
Курал жана ок-дарыларды Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого аларды чыгаруу лицензиясынын негизинде жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясынын негизинде соода кылуучу юридикалык жактар укуктуу.
Жарандык жана кызматтык куралды жана алардын патрондорун соодалоого укуктуу юридикалык жактар:
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга жана соодалоого тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтери, лицензиялары болууга;
- сатып жаткан жарандык жана кызматтык куралга жана анын патрондоруна сертификаты, көрсөтүлгөн куралды сактоого ички иштер органдарынын уруксаты болууга;
- аны сатып алууга уруксат талап кылынбаган куралды кошпогондо, куралдын ошол түрүн сатып алууга уруксатты көрсөтүүнү сатып алуучудан талап кылууга;
- сатылып алынган жана сатылган куралдын эсебин камсыз кылууга, ошондой эле эсептик документтерди 10 жыл бою сактоого;
- сатылган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору, алардын сатып алуучулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан белгиленген форма боюнча маалыматтарды ай сайын ички иштер органдарына берип турууга;
- сатып алуучунун уруксатында сатыла турган ок атуучу куралды, газ куралын, кыйратуусу чектелген ок атуучу куралды, белги берүүчү куралды, атылбоочу куралды каттоого;
- куралдын сакталышын жана аны сактоодогу коопсуздугун камсыз кылууга;
- сатылган кызматтык жана жарандык сайлуу, ошондой эле кыйратуусу чектелген ок атуучу куралдан атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик ок жана гильза сактоочу жайга берүүгө.
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоочу юридикалык жактарга өз филиалдарын ачууга укук бербейт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2016-жылдын 18-апрелиндеги № 45, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар тарабынан куралдардын сатылышы же өткөрүлүп берилиши
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдар өздөрүнүн куралдануусундагы атылуучу жана атылбас куралды жана анын патрондорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун соодалоо лицензиясы бар юридикалык жактарга сатууга же өткөрүп берүүгө укуктуу.
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын жетекчилери атылуучу найы кыска куралды аскер кызматчыларынын айрым категорияларына жана пенсиядагы мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын кызматкерлерине сактоо жана алып жүрүү үчүн берүүгө, ошондой эле мыйзам тарабынан куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте тиешелүү уруксатты жол-жоболоштуруу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте убактылуу берүүгө укуктуу.
(КР 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Курал менен сыйлоо, куралды сатуу, белекке берүү жана мураска калтыруу
Көрсөтүлгөн уюмдардын жетекчилеринин буйругунун негизинде аскер кызматчылары жана мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын кызматкерлери тарабынан алынган курал, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин, чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жана чет өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сыйлоо документтеринин негизинде алынган курал сыйлык куралы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандарына сыйлык куралын сактоого жана алып жүрүүгө уруксат Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан берилет.
Окту тындырбай атууга мүмкүнчүлүк берүүчү, ошондой эле ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында соодалоого тыюу салынган курал сыйлык куралы болушу мүмкүн эмес.
Сайлуу курал менен сыйланган жарандар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ар бир беш жылда контролдук атып көрүү үчүн ички иштер органдарына куралды берүүгө милдеттүү.
Сыйлык куралын сактоо, алып жүрүү, берүү жана ташуу жарандык куралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Сайлуу найы кыска куралды жана анын патрондорун сатууга, белекке берүүгө, алмашууга жана мурастоого жол берилбейт. Ээси каза болгон учурда сайлуу найы кыска сыйлык куралы аны андан ары колдонуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат. Сыйлык куралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн каралган нормалары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүндө мыйзамдуу негиздерде жеке менчик укугундагы куралды сактоого жана алып жүрүүгө өздөрүнө уруксат берген ички иштер органдарына маалымдоо менен жарандык жана кызматтык куралды соодалоого же куралды лицензиясы бар юридикалык жактарга, же болбосо мамлекеттик аскерлешкен уюмдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн куралды эсепке алган жердеги ички иштер органдарында каттагандан кийин куралды коллекциялоого же көргөзмөгө коюуга лицензиясы, сатып алууга уруксаты бар жарандарга сатууга укуктуу.
Ички иштер органдарында катталган жарандык куралды белекке берүү жана мураска калтыруу мураскордун же анын пайдасына белекке берүү жүзөгө ашырылган адамдын жарандык куралды сатып алууга лицензиясы (уруксаты) болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Жарандык куралдын менчик ээси мүлктү мурастоо жана жарандык куралды сатып алууга уруксат алуу жөнүндө маселе чечилгенче каза тапкан учурда, көрсөтүлгөн курал аны каттаган ички иштер органдары тарабынан кынтыксыз сактоо үчүн токтоосуз алынып коюлат. Каза тапкан адамдын туугандарынын өтүнүчү боюнча сыйлык куралы аны алдын ала атуу үчүн жараксыз абалга келтирүү менен аларга сактоого берилиши мүмкүн, бул жөнүндө каттоо документтерине тиешелүү белги коюлат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 298, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 205, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-статья. Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун башка субъекттер тарабынан сатылышы
Ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-пункттарында жана 17-статьянын бешинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн куралды сатып алууга укугу бар субъекттер өздөрүндө мыйзам чегинде сакталган жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун көрсөтүлгөн куралды эсепке алган ички иштер органдарына бул жөнүндө алдын ала маалымдоо менен жарандык жана кызматтык куралды соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактарга сата алат.
(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоо
Жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун сактоого ички иштер органдарынан куралды сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты алган юридикалык жактарга жана жарандарга уруксат берилет.
Чет өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасында сатылып алынган жарандык жана кызматтык куралды сактоого уруксат ички иштер органдары сатып алууга берген уруксаттын негизинде беш күнгө гана берилет.
(Бөлүк КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарга, аңчылык жана балык ресурстарын коргоо милдети жүктөлгөн ишканалар жана уюмдарга аңчылыктын жана балык улоонун эрежелерин бузгандардан алынып коюлган жана тиешелүү документтерди көрсөткөндөн жана аңчылык ресурстарына келтирилген зыян үчүн айыпты жана доону төлөгөндөн кийин аларды мыйзамдуу ээсине кайтарып берүүгө тийиш болгон атылуучу куралды убактылуу сактоого уруксат берилет.
Жарандык жана кызматтык курал анын сакталышын, сакталышынын коопсуздугун камсыз кылуучу жана ага бөтөн адамдар кирбей турган шарттарда сакталууга тийиш.
Жарандык жана кызмат куралынын жана анын патрондорунун ар кандай түрлөрүн сактоонун шарттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2010-жылдын 19-февралындагы № 32, 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
25-статья. Лицензия, уруксат, сертификаттарды берүүдөгү жана алардын колдонуу мөөнөттөрүн узартууда төлөмдөрдү алуунун тартиби
Лицензияларды, уруксаттарды жана алардын дубликаттарын берүү жана мөөнөтүн узартуу үчүн юридикалык жактардан жана жарандардан мамлекеттик алым салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын куралды колдонушу
Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүндөгү мыйзамдуу куралды аргасыз коргонгон шарттарда же өтө зарыл болгондо өмүрүн, ден соолугун жана менчигин коргоо үчүн колдоно алат. Куралды колдонууну кечеңдетүү адамдардын өмүрү үчүн түздөн-түз коркунуч түзгөн же башка оор кесепеттерге алып келүүчү учурларды эсепке албаганда, куралды колдонуу алдында ага каршы курал колдонула турган адамга бул жөнүндө даана билдирилген эскертүү болууга тийиш. Мындай абалда куралды аргасыз колдонуу үчүнчү жактарга зыян алып келбөөгө тийиш.
Атылуучу куралды кош бойлуу аялдарга, майыптыктын даана белгилери бар адамдарга, курагы даана көрүнгөн же белгилүү болгон кезде жашы жетпегендерге, бул адамдар тарабынан куралдуу же болбосо топтошуп кол салынган учурларды эске албаганда, каршы колдонууга тыюу салынат. Куралды колдонуунун адамдын ден соолугуна зыян келтирилген ар бир учуру жөнүндө курал ээси бир суткадан кечиктирбестен курал колдонулган жердеги ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жарактуу уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылык куралын аң уулоо үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук уюмдардын мүчөлөрү болуп эсептелген спортчулар аларга таандык эмес спорттук куралды анын ээси болуп саналган спорттук уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 46, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)
27-статья. Куралды эсепке алуу, алып жүрүү, ташуу, транспорт менен ташуу, жок кылуу, коллекциялоо жана көргөзмөгө коюу
Куралды эсепке алуунун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорт менен ташуунун жана жок кылуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында куралды коллекциялоону жана көргөзмөгө коюуну ишке ашырууга иш-аракеттердин көрсөтүлгөн түрлөрүн алып баруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген талаптарга туура келген юридикалык жактар жана жарандар укуктуу.
Куралды, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарды коллекциялоонун жана көргөзмөгө коюунун эрежелери, аларды чыгаруунун, соодалоонун, сатуунун, бирөөгө берүүнүн, сатып алуунун, экспонатка коюунун, сактоонун жана транспорт менен ташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2010-жылдын 19-февралындагы № 32 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Лицензияларды жана уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу
Жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга, аны соодалоого, лицензиялар, ошондой эле куралды сатып алууга, сактоого же сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүлөр ал лицензияларды же уруксаттарды берген органдар тарабынан:
1) көрсөтүлгөн лицензиялардан же уруксат берүүлөрдөн ыктыярдуу баш тарткан, же болбосо юридикалык жак жоюлган, же болбосо куралдын менчик ээси каза тапкан;
2) юридикалык жактар же жарандар ушул Мыйзам жана куралды соодалоону жөнгө салуучу башка укук ченеминдеги актылар тарабынан каралган талаптарды такай (жыл ичинде эки жолудан кем эмес) бузган же болбосо аткарбаган;
3) ушул Мыйзам тарабынан каралган лицензияларды же уруксат берүүлөрдү алуунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар пайда болгон;
4) жарандык же кызмат куралынын жана анын патрондорунун ээси тарабынан көрсөтүлгөн куралдын жана анын патрондорунун баллистикалык жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүшүнө алып келүүчү конструкциялык оңдоолор киргизилген;
5) республиканын жарандары аңчылардын жана балык улоочулардын коомдорунун мүчөлүгүнөн чыгып калган учурларда жокко чыгарылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пункту тарабынан каралган негиздер боюнча лицензияларды же уруксат берүүлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуунун алдында ал лицензияны же уруксатты берген орган лицензиянын же уруксаттын ээсин алдын ала кат жүзүндө эскертүүгө тийиш. Эскертүүдө кайсыл укуктук ченемдер жана эрежелер бузулгандыгы же аткарылбагандыгы көрсөтүлөт жана жол берилген эреже бузууларды четтетүү үчүн мөөнөт дайындалат.
Лицензияны же уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө чечим алардын ээси тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Лицензиялар же уруксаттар жокко чыгарылган учурда аларды алуу үчүн кайталап кайрылуу юридикалык жактар үчүн алар жокко чыгарылган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин, ал эми жарандар үчүн алар жокко чыгарылган күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин болушу мүмкүн.
Лицензиялардан же уруксаттардан ыктыярдуу баш тартылган учурда аларды алуу үчүн кайталап кайрылуунун мөөнөтү белгиленбейт.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Куралды жана анын патрондорун алып коюу
Куралды жана анын патрондорун алып коюу:
1) ички иштер органдары тарабынан:
- жарандык жана кызматтык куралды жана анын патрондорун чыгарууга, аларды соодалоого, сатууга, ошондой эле куралды сатып алууга, сактоого же сактап жана алып жүрүүгө, коллекциялоого же көргөзмөгө коюуга уруксаттар лицензиялар жок болгондо;
- белгиленген тартипте көрсөтүлгөн лицензиялар жана уруксаттар жокко чыгарылганда;
- юридикалык жактар же жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы жана башка укук ченемдүү актыларында белгиленген куралды бирөөгө берүүнүн, сатып алуунун, коллекциялоонун, көргөзмөгө коюунун, каттоонун, эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорт менен ташуунун жана колдонуунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте биротоло чечим кабыл алынганга чейин бузулганда;
- баллистикалык жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен ээси колго жасаган же оңдоп жасаган жарандык же кызматтык курал жана анын патрондору укук коргоо органдары тарабынан табылганда;
- жарандык куралдын менчик ээси мүлктү мурастоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин каза тапкан, ошондой эле мыйзамдуу негиздерде аскердик же кызматтык куралы бар жаран каза тапканда;
- юридикалык жак жоюлган учурларда;
2) өздөрүнүн кызмат укуктарынын чектеринде куралды кийин ички иштер органдарына өткөрүп берүү менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар, ошондой эле аңчылыктын жана балык уулоочулуктун эрежелерин сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан жарандар айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурларда;
3) бажы органдары тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка учурларда жүргүзүлөт.
Куралды жана анын патрондорун алып коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Техникалык жактан пайдаланууга жарактуу алынып коюлган, ошондой эле конфискацияланган жарандык жана кызматтык курал жана анын патрондору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык жана кызматтык куралды соодалоого лицензиясы бар юридикалык жактар аркылуу сатылат.
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 52, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-1-статья. Куралды жана ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыруу
Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат.
Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына билдирүүсүн түшүнүү керек.
Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт.
Куралды жана ок-дарыларды ыктыярдуу тапшыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 54, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-статья. Куралды сатууну контролдоо
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону ички иштер органдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарандык жана кызматтык куралды чыгарууга лицензия берүүгө ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле мамлекеттик стандарттарды сактоого мамлекеттик көзөмөл жасоочу органдары жүзөгө ашырышат.
Мамлекеттик аскерлешкен уюмдардын куралдануусунда болгон куралды сатууну контролдоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
Жарандык жана кызматтык куралды сатууну контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген органдардын кызмат адамдары:
- аны чыгарган, соодалаган, сактаган жана жок кылган жерлерде куралды кароону жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин сатылып алынган жана ээлеринде мыйзамдуу негиздерде болгон куралды албаганда, Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынган куралды белгиленген тартипте акысыз алып коюуга жана жок кылууга;
- документтерди же алардын көчүрмөлөрүн, контролдук милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кат жүзүндөгү же оозеки маалыматты берүүнү юридикалык жактардан жана жарандардан талап кылууга;
- белгиленген эрежелерди бузуулар табылганда ал эреже бузууларды четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана кызмат адамдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү талаптарды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды көрүүгө укуктуу.
(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Өзүнүн укук ченеминдеги актыларын ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ага ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |