Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-майы № 108
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 29-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын.
2. 51-беренесинин 5-бөлүгү "бардык мыйзам долбоорлорун" деген сөздөрдөн кийин "бириктирүүнү же" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Мамлекеттик тилдеги 61-берененин 1-бөлүгү "тарабынан" деген сөздөн кийин "мыйзам" деген сөз менен толукталсын.
4. 124-беренеде:
1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын;
3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "15 күндүн ичинде" деген сөздөр "14 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-бөлүгү "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |