МыйзамКүчүндө

КР 2015-жылдын 17-июнундагы № 133 «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция17.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 17-июну № 133

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "саламаттыкты сактоо объекттерин," жана "кубаттуулуктарды" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин," жана ", индустриялык-логистикалык борборлорду, өндүрүштүк объекттерди" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-июнунда № 58 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев