Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июну № 136
Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө
Жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо менен, гумандуулуктун жана боорукерликтин принциптерине негизденип:
1-берене.
Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкүлөр бошотулсун:
1) аялдар:
а) үй-бүлөдө жападан-жалгыз багуучу болуп саналган;
б) бир же андан ашык жашы жетпеген балдары бар;
в) багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгон;
2) 55 жаштан ашкан аялдар;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар аялдар жана жашы жетпегендер;
4) кош бойлуу аялдар;
5) 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон аялдар жана жашы жетпегендер;
6) көп балалуу аялдар:
7) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөн аялдар жана жашы жетпегендер;
8) чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасаган аялдар жана жашы жетпегендер.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) жана 337-статьясында (Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу) каралган кылмыштар үчүн аялдар жана жашы жетпегендер, ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 3 айдын ичинде жаза өтөө жерине же камакта кармоо жерине өз ыктыяры менен келсе, жазык жоопкерчилигинен бошотулсун.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-статьясында, 101-статьясынын 2-бөлүгүндө, 102-104-статьяларында, 111-статьясынын 2-бөлүгүндө, 114-статьясында, 116-статьясынын 3-бөлүгүндө, 117-статьясында, 118-статьясынын 2-бөлүгүндө, 123-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 124-статьясында, 125-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 125-1-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 126-статьясынын 2-бөлүгүндө, 129-133-статьяларына, 154-статьясынын 2-бөлүгүндө, 156-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 158-статьясынын 2-бөлүгүндө, 164-статьясынын 4-бөлүгүндө, 165-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 166-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 167-статьясынын 4-бөлүгүндө, 168-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 170-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 171-статьясынын 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 172-статьясынын 3-бөлүгүндө, 181-статьясынын 2-бөлүгүндө, 183-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 188-статьясынын 2-бөлүгүндө, 190-статьясынын 2-бөлүгүндө, 198-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 202-статьясында, 204-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 226, 226-1, 227, 229-233-статьяларында, 234-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 240-статьясынын 3-бөлүгүндө, 241-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 245-статьясында, 246-статьясынын 4-бөлүгүндө, 247-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 248 жана 249-статьяларында, 250-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 252-статьясында, 254-статьясынын 3-бөлүгүндө, 255-статьясынын 2-бөлүгүндө, 258-статьясынын 3-бөлүгүндө, 260, 261, 262-1 жана 263-статьяларында, 266-статьясынын 3-бөлүгүндө, 281-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 282-статьясынын 3-бөлүгүндө, 283-статьясынын 3-бөлүгүндө, 285-статьясынын 2-бөлүгүндө, 286-статьясынын 3-бөлүгүндө, 287-статьясынын 3-бөлүгүндө, 292 - 299-2, 303 жана 304-статьяларында, 304-1-статьясынын 3-бөлүгүндө, 305-статьясынын 2-бөлүгүндө, 305-1-статьясында, 306-статьясынын 2-бөлүгүндө, 307, 308, 308-1 жана 313-статьяларында, 313-1-статьясынын 2-4-бөлүктөрүндө, 313-2-статьясынын 2-бөлүгүндө, 314-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 315 жана 315-1-статьяларында, 316-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 319-статьясында, 320-статьясынын 4-бөлүгүндө, 321-1, 322 жана 323-статьяларында, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө, 325-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө, 328-статьясынын 2-бөлүгүндө, 332-статьясынын 4-бөлүгүндө, 334-статьясынын 2-бөлүгүндө, 339-статьясынын 2-бөлүгүндө, 340-статьясында, 345-статьясынын 3-бөлүгүндө, 370-статьясынын 3-бөлүгүндө, 371-статьясынын 3-бөлүгүндө, 373-376 бөлүктөрүндө -статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга.
4-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна туш келбеген соттолгон аялдарга жана жашы жетпегендерге жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөнкүдөй кыскартылсын:
1) шарттуу соттолгон аялдарга жана жашы жетпегендерге - жарымына;
2) жатак абактарда жаза өтөп жаткандарга - жарымына;
3) атайылап жасалган кылмыштар үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кошуп алганда - үчтөн бирине;
4) атайылап жасалган кылмыштар үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - төрттөн бирине.
5-берене.
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) мурда бошотуу бөлүгүндө мунапыс жана ырайым кылуу актылары колдонулган жана кайрадан кылмыш жасаган адамдарга;
2) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузуучулар деп таанылган адамдарга;
3) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;
4) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), уюшкан кылмыштуу коомдоштуктун (УКК) курамында кылмыш жасаган адамдарга.
6-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна төмөнкү адамдар туш келет:
1) кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин соттолгон;
2) Кыргыз Республикасынын соттору, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазаны өтөп жаткандар.
Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок жазаны анын чегинен тышкары өтөп жаткан адамдарга карата мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарларынын санкциясы менен соттун өкүмүн аткаруу анын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык келишимдердин негизинде чечилет.
7-берене.
Айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн коркунуч туудурган оорулардан (кургак учук, карантиндик инфекциялар, АИВ/ЖИКС, "С" гепатити, венерикалык оорулар) жабыр тарткан адамдарга карата, ошондой эле аларга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган жана ушул Мыйзамга ылайык жазадан бошотууга жаткан адамдарга карата мунапыс актысы зарыл болгон дарылоо курсу аяктагандан кийин колдонулат.
8-берене.
1. Мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим ар бир адамга карата жекече кабыл алынат. Соттолгону жөнүндө зарыл болгон маалыматтар болбогондо, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат.
2. Ушул Мыйзамдын аткарылышы жүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон материалдарды тиешелүү мекемелерден суратып алуу укугу берилет. Мындай суроо-талаптар бардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары тарабынан токтоосуз аткарылууга жатат.
9-берене.
Мунапыс берүү боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотуу реабилитациялоого келбеген негиз боюнча жазык ишин токтотуу болуп саналат жана бул негиз боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотулган адам, эгерде ал кылмыш жасаган жокмун деп эсептесе, ага карата мунапыс актысын колдонууга каршы пикирин айтууга укуктуу.
10-берене.
Ушул Мыйзамдын 4-беренесин колдонууда ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү негизденүү керек.
11-берене.
Ырайым кылуу же мунапыс тартибинде жаза мөөнөтү мурда кыскартылган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда ырайым кылуу же мунапыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө негизденүү керек.
12-берене.
Эгерде кылмыштардын бири ушул Мыйзамды колдонууга туш келбесе, кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгондо бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысы колдонулбайт.
13-берене.
Мунапыска туш келген адамдар мүлкүн конфискациялоодон тышкары негизги жана кошумча жазадан да бошотулат.
14-берене.
Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн жашы жетпегендерге кылмыш жасалган учурда 18 жашка толо элек адамдар кирет;
2) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аялдарга ата-энелик укугунан ажыратылбаган жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө 18 жашка толо элек балдары, анын ичинде асырап алган же болбосо көзөмөлчүлүккө алган балдары, же болбосо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар аялдар кирет;
3) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн аялдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө 55 жашка толгон же андан ашкан аялдар кирет;
4) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кош бойлуу аялдар жана аял жынысындагы жашы жетпегендер кирет;
5) ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн көп балалуу аялдарга 5 жана андан ашык балдары бар жана аларды тарбиялап жаткан аялдар кирет.
15-берене.
Ушул Мыйзамдын аткарылышы төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) жазаны аткаруу карамагына кирген органдарга жана мекемелерге - түзөтүү мекемелериндеги болгон соттолгондорго карата;
2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыштары жөнүндө иштер жана материалдар ал органдардын өндүрүшүндө болгон адамдарга карата;
3) сотторго:
а) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары жөнүндө иштери сот өндүрүшүндө болгон жана карала элек адамдарга карата, ошондой эле алардын кылмыштары жөнүндө иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;
б) өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларына - сыноо мөөнөтү менен же ансыз эркиндигинен шарттуу бошотууга соттолгон адамдарга карата, ошондой эле жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга карата.
16-берене.
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Токтомго соттолгон адамдын өздүк иши, сыйлоо жана жазалоо жөнүндө маалымкаттар жана мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет.
3. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулганда прокурордун катышуусу милдеттүү.
4. Жазаны өтөө мунапыс жөнүндө актыны колдонуу тууралуу соттун токтому чыгарылган күндөн тартып токтотулат.
5. Доо береселери бар адамдарга карата жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан материалдык зыяндын суммасы толук толтурулгандан кийин кабыл алынат.
17-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпеген адамдарды жашаган жерине келгени боюнча өз убагында эсепке алууга, алардын эмгекке орношуусуна же аларды ата-энелеринин, көзөмөлчүсүнүн же камкорчусунун же болбосо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча аймактык органдын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды жашаган жерине келген күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, жатак мектептерге жайгаштырууга көмөктөшүүнү;
2) балдардын иштери боюнча комиссиялардын, ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча иштерин координациялоону;
3) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдарды өз убагында эсепке алууга, аларды жашаган жерине келген күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусун; жазадан бошотулган, өз багуусуна ала турган туугандары жок майыптарды жана улгайган адамдарды майыптар же улгайган адамдар үчүн үйлөргө жайгаштырууну уюштурууну;
4) ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата медициналык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү үчүн финансылык жана дары-дармек каражаттарын тартууну;
5) Ушул Мыйзам менен каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн тартылган мамлекеттик органдар тиешелүү жылга каралган каражаттардын чектеринде каржылоону жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдар менен биргеликте ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды милдеттүү түрдө эсепке алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жарандары болуп саналган, жазадан бошотулган адамдарды эсепке алууну жана өлкөдөн чыгарып жиберүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышын камсыз кылсын.
18-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга жатат.
2. Тергөөнүн же соттун өндүрүшүндө болгон жана ушул Мыйзамга ылайык токтотулууга жаткан жазык иштери 15 күндүн ичинде токтотулууга жатат.
3. Ушул Мыйзамга ылайык жазаны өтөөдөн (андан ары өтөөдөн) бошотулууга жаткан адамдар ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен бошотулат.
4. Эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде анын аткарылышы үчүн жооптуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын колдонулушуна туш келген адамдарга карата мунапыс актысы колдонулбаса, мунапыс актысы кандай болбосун башка убакта колдонулушу мүмкүн.
5. Ушул Мыйзамдын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаганына же талаптагыдай эмес аткарылганына күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |