МыйзамКүчүндө

КР 2015-жылдын 25-июнундагы № 137 «Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция25.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 25-июну № 137

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

14-2-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же болбосо сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн бир жылдын ичинде кайталап административдик жоопкерчиликке тартылгандар.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев