Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-июлу № 147
"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 260-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө".
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөр жана сандык формаларындагы сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы төмөнкү сөздөргө алмаштырылсын:
"Кыйроодон сактоо" жана "кыйроодон сактоо" - "Кыйроодон куткаруу" жана "кыйроодон куткаруу";
"Кыйроодон сактоочу" жана "кыйроодон сактоочу" - "Кыйроодон куткаруучу" жана "кыйроодон куткаруучу";
"Сактоочу" жана "сактоочу" - "Куткаруучу" жана "куткаруучу";
"Сактоочулук" жана "сактоочулук" - "Куткаруучулук" жана "куткаруучулук";
"сактоо жагындагы" - "коргоо жагындагы".
3. Мамлекеттик тилдеги 4-статьянын бешинчи абзацында "сактоо" деген сөз "куткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. Мамлекеттик тилдеги 5-статьяда "издөө-сактоо" деген сөздөр "издөө-куткаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Мамлекеттик тилдеги 7-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацында "сактоо боюнча" деген сөздөр "коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Мамлекеттик тилдеги 14-статьянын 8-пунктунда "сактоо" деген сөз "куткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 15-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды ташууга, жайгаштырууга, материалдык-техникалык, каржылык, медициналык жана башка камсыз кылууга, ошондой эле куткаруучулардын, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгымдар келишимдерге ылайык төлөнөт. Мамлекеттик органдарда түзүлгөн кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын көрсөтүлгөн чыгымдарынын ордун толтуруу белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.".
8. Мамлекеттик тилдеги 18-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик бийлик органдары тарабынан өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоо жагындагы, ошондой эле куткаруучуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу;".
8. Мамлекеттик тилдеги 19-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыйроодон куткаруучу кызматтарды орун которуштуруу, профилин өзгөртүү, жоюу";
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ордун которуу, профилин өзгөртүү же жоюу жөнүндө чечимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы кошуундарды жоюу жөнүндө чечимди аларды түзгөн өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укуктуу аткаруу бийлигинин органдары менен макулдашуу боюнча, ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык аталган кызматтар менен кошуундардын иштерин координациялоо иш-милдеттери жүктөлгөн, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдүн тийиштүү органдары менен макулдашуу боюнча аларды түзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар кабыл алышат.".
10. Мамлекеттик тилдеги 20-статьянын 1-пунктунун бешинчи абзацында "сактоого" деген сөз "куткарууга" деген сөзгө алмаштырылсын.
11. 25-статьяда:
мамлекеттик тилдеги 2-пункттун алтынчы абзацында "сактоо" деген сөз "куткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте" деген сөздөр алып салынсын.
12. Мамлекеттик тилдеги 27-статьяда:
1-пунктунун бешинчи абзацында "сактоо" деген сөз "куткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын милдеттери тиешелүү уставдар, колдонмолор менен аныкталат жана эмгектик келишимдин (контракттын) курамдык бөлүгү болуп саналат.".
13. 28-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучуларына жыл ичинде төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.
Төлөнүүчү кошумча өргүү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
14. Мамлекеттик тилдеги 34-статьяда "сактоодо" деген сөз "куткарууда" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |