Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 21-январы № 35
Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182, 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын ишинин жалпы уюштуруучулук-укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт, куткаруучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт, куткаруучуларды укуктук жана социалдык коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Кыйроодон куткаруучу кызмат - бул, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга арналган, функциялык жактан бир тутумга бириктирилген башкаруу органдарынын, күчтөрдүн жана каражаттардын биримдиги, анын негизин кыйроодон куткаруучу кошуундар түзөт.
2. Кыйроодон куткаруучу кошуун - бул, өз алдынча кыйроодон куткаруучу кызматтын курамына кирген, кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө арналган түзүм, анын негизин атайын техника, жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана материалдар менен жабдылган аттестацияланган куткаруучу бөлүктөр түзөт.
3. Куткаруучу - бул, кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө даярдыктан өткөн жана аттестацияланган жаран.
4. Кыйроодон куткаруучу иштер - бул, өзгөчө кырдаалдардын аймагындагы адамдарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо, табигый чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалды жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга мүнөздүү опурталдуу факторлордун таасирин жоюу же мүмкүн болгон минималдуу деңгээлге чейин азайтуу боюнча иш-аракеттер. Кыйроодон куткаруучу жумуштар ал жумуштарды аткаруучу адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлордун болгондугу менен мүнөздөлөт жана атайын даярдыкты, экипировканы жана жабдууну талап кылат.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы кечиктирилгис иштер - бул, кыйроодон куткаруучу иштерди ар тараптуу камсыздоо, өзгөчө кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча иштер.
6. Куткаруучулардын статусу - бул, куткаруучулар үчүн аныкталган жана мамлекет кепилдигин алган укуктар менен милдеттердин жыйындысы. Куткаруучулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттер жана ушуга байланыштуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч менен аныкталат.
7. Кыйроодон куткаруучу каражаттар - бул, кыйроодон куткаруучулук иштерди жүргүзүүгө арналган техникалык, илимий-техникалык жана интеллектуалдык продукция, анын ичинде байланыштын жана башкаруунун атайын каражаттары, техника, жабдуулар, шаймандар, мүлктөр жана материалдар, кыйроодон куткаруучу иштердин технологиясы боюнча методикалык, видео -, кино, фотоматериалдар жана башка каражаттар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын ишин жана куткаруучулардын ишин түзүүнүн укуктук негиздери
Кыйроодон куткаруучу кызматтарды жана кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүнүн жана алардын ишмердигинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка дагы мыйзамдары менен ченемдик укуктук актылары түзөт.
3-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана куткаруучулардын ишмердигинин негизги принциптери
Кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жана куткаруучулардын ишмердигинин негизги принциптери:
- өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, табигый чөйрөнү коргоо боюнча милдеттердин артыкчылыктуулугун караган гумандуулук жана боорукердик принциби;
- кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды бир колдо жетектөө принциби;
- кыйроодон куткаруучу жана токтоосуз иштерди жүргүзүүдө акыбети кайтчу тобокел жана коопсуздукту камсыздоо принциби;
- кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайым даяр болуу принциби.
4-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды жана куткаруучуларды мамлекеттик колдоо
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-статья. Кыйроодон куткаруучу иштердин түрлөрү
Кыйроодон куткаруучу иштерге издөө-куткаруу, тоо кырсыгынан, газ кырсыгынан сактоо, фонтанга каршы иштер, ошондой эле өрттөрдү өчүрүүгө, медициналык-санитардык кесепеттерин жоюуга байланышкан өзгөчө кырдаалдардагы иштер кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II Глава Кыйроодон куткаруу кызматтары
6-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын милдеттери
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарга, кыйроодон куткаруучу кошуундарга милдеттүү түрдө жүктөлчү негизги милдеттерге төмөнкүлөр кирет:
- кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймактарга жиберүүгө жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайым даярдыкта кармоо;
- тейлөөдөгү объекттердин жана аймактардын ал жерлерде өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгын көзөмөлдөө;
- тейлөөдөгү объекттерде же аймактарда өзгөчө кырдаалды жоюу.
Мындан тышкары, Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыйроодон куткаруу кызматтарына, кыйроодон куткаруу кошуундарына төмөнкүдөй милдеттер тапшырылышы мүмкүн, алар:
- тейлөөдөгү объекттерде жана аймактарда Жарандык коргонуунун пландарын, башка объекттердеги жана аймактардагы өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара байланышта аракеттенүүнүн пландарын түзүүгө катышуу;
- тейлөөдөгү объекттер жана аймактар боюнча ишке ашырылышы мүмкүн болгон долбоорлор жана чечимдер, ошондой эле ошол объекттердеги калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыздоого таасир этиши мүмкүн болгон процесстер боюнча экспертизаларды жүргүзүүгө катышуу;
- (абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 65 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жагындагы технологиялык жана инженердик-техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн номенклатуралык курамды жана материалдык ресурстардын резервдеринин көлөмүн түзүү, жайгаштыруу, белгилөө боюнча чечимдерди даярдоого катышуу;
- Жарандык коргонуу жагындагы билимдерди жайылтууга, калкты жана мекемелердин кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдын шарттарында иштөөгө даярдоого катышуу;
- кыйроодон куткаруучу жана кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышуу;
- кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын ишмердигин укуктук жана техникалык камсыздоо, куткаруучуларды жана кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын башка кызматкерлерин социалдык коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин органдарына берилчү сунуштарды иштеп чыгуу;
- кыйроодон куткаруучу каражаттарды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө катышуу, ошондой эле Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна жүктөлгөн гуманитардык милдеттердин чегинен чыкпаган башка тапшырмалар болушу мүмкүн.
2. Кыйроодон куткаруучу конкреттүү кызматтарга, кыйроодон куткаруучу кошуундарга жүктөлүүчү милдеттердин толук тизмеги Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Жарандык коргонуунун республикалык жана аймактык башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат жана кыйроодон куткаруу кызматтары, кыйроодон куткаруу кошуундары жөнүндө жоболордо же көрсөтүлгөн кызматтардын жана кошуундардын уставдарында бекемделет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарын түзүү
1. Кыйроодон куткаруу кызматтары, кыйроодон куткаруу кошуундары мындайча түзүлүшү мүмкүн:
- туруктуу штаттык негизде - кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар;
- штаттан тышкаркы негизде - кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы кошуундар;
- коомдук башталышта - кыйроодон куткаруучу коомдук кошуундар.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар төмөнкүчө түзүлөт:
- мамлекеттик органдарда - Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жетекчилеринин Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган чечимдери менен;
- (абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- иштин бир же бир нече түрү менен алектенген уюмдарда, аларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзүнүн кыйроодон куткаруу кызматтары, кыйроодон куткаруу кошуундары милдеттүү түрдө болушу каралган уюмдарда - уюмдардын жетекчилиги тарабынан аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча түзүлөт;
- жеке негизде - юридикалык жана жеке жактар тарабынан.
3. Эгер анын уюштуруу документтеринде каралса, кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы кошуундары милдеттүү түрдө мекемелердин өз кызматкерлеринен түзүлөт.
4. Коомдук кыйроодон куткаруу кошуундары Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү тургундардын ичинен ыктыярдуу негизде түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-октябрындагы № 182, 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамы
Кыйроодон куткаруу кызматтарынын, кыйроодон куткаруу кошуундарынын курамын жана түзүмүн аларды түзүүчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар аларга Жарандык коргонуу боюнча жүктөлгөн милдеттерге жараша аныкташат.
Кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамына аталган кызматтардын башкаруу органдары, кыйроодон куткаруу кошуундары жана кыйроодон куткаруу кызматтарынын милдеттеринин аткарылышын камсыздоочу башка уюмдар киришет. Андан тышкары, кыйроодон куткаруу кызматтарынын курамына куткаруучуларды даярдоо боюнча илимий-изилдөөчү жана консультативдик билим берүүчү мекемелер, издөөчү иттерди даярдоочу жана кыйроодон куткаруучу каражаттарды чыгаруучу мекемелер кириши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды комплектөө
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды комплектөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка, куткаруучуларды даярдоо боюнча билим берүүчү мекемелерге орто (толук) билимдүү, медициналык текшерүүдө куткаруучу болуп иштөөгө жарактуу деп табылган жана алардын профессионалдык жана дене жактан даярдыгынын деңгээлдерине, ошондой эле алардын моралдык-психологиялык сапаттарына коюлчу талаптарга ылайык келген жарандар кабыл алынышат.
3. Профессионал кошуундарда куткаруучунун милдетин түздөн-түз аткарууга 18 жашка толгон, орто (толук) билимге ээ, куткаруучуларды даярдоонун программасы боюнча даярдыктан өткөн жана кыйроодон куткаруу иштерди жүргүзүүгө атайын аттестациядан өткөн жарандарга уруксат берилет.
4. Жарандарды кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарга, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарга куткаруучулук кызматка кабыл алууда алар менен эмгектик келишим (контракт) түзүлүп, анда: куткаруучулук кызматтын өзгөчөлүктөрү жана иш режими; эмгек акы төлөөнүн тартиби жана шарттары, куткаруучуларга берилчү жеңилдиктер жана социалдык гарантиялар; куткаруучулардын кезекте турган учурунда же өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштардын учурунда өздөрүнө тапшырылган милдеттерди жана аталган кыйроодон куткаруучу кызматтардын жана кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилеринин буйруктарын кыйшаюусуз аткаруу жөнүндө милдеттенмелери жазылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Куткаруучулук кызматтарды каттоо
(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 65 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
101-статья. Куткаруучу кызматтарды каттоо
1. Бардык кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
2. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын иши
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар өз иштеринде ушул Мыйзамды жана Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларды жетектөө кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын бардык кызматкерлери аталган кызматтардын жана кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарышын талап кылат. Бул талап кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарга алар өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкан учурларда колдонулат.
3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарда, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарда жумушту токтотуп коюуну коллективдүү эмгектик талаш-тартышты чечүүнүн жолу катары колдонууга болбойт.
4. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар өздөрүнүн объекттерди жана аймактарды тейлөө боюнча иштерин келишимдик негизде жүргүзүшсө болот.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, мамлекеттик көзөмөл органдары, аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды аттестациялоо
1. Бардык кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү аттестациядан өтүүгө тийиш.
2. Аттестациядан өтпөгөн же текшерүүдө өздөрүнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин далилдей албаган бардык кыйроодон куткаруучу кызматтарга, кыйроодон куткаруучу кошуундарга мекемелерди келишим боюнча тейлөөгө уруксат берилбейт жана кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө чегерилишпейт.
3. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү
1. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү:
- аталган кыйроодон куткаруучу кызматтар, кыйроодон куткаруучу кошуундар тейлеген объекттерде жана аймактарда Жарандык коргонуу пландарына ылайык;
- башка объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы жана жоюудагы өз ара байланышта аракеттенүүнүн пландарына ылайык;
- өзгөчө кырдаалдар пайда болгон жана күчөгөн учурларда аракеттенүүнүн аныкталган тартибине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аталган кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын иштерине жетекчилик жүргүзүүчү же Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жетекчилик жүргүзүүгө укугу бар органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын атайын укуктуу кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин, өз аймагында өзгөчө кырдаал пайда болгон же андай кырдаалдарды жоюу полномочиесине кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелеринин өтүнүчүнүн негизинде, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилеринин өтүнүчүнүн негизинде же аталган органдарга жана өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилерине макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарды, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырттагы өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерилген бардык күчтөр менен каражаттарды жетектөөнү жана алардын өз ара байланышта аракеттенүүсүн уюштурууну өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилери жүргүзүшөт.
2. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын өзгөчө кырдаалдын аймагына биринчи болуп келген жетекчилери өзгөчө кырдаалды жоюунун Жарандык коргонуу жаатындагы жетекчилеринин ыйгарым укуктарын өзүнө алышат жана ал милдетти өзгөчө кырдаалдарды жоюунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, Жарандык коргонуу пландары менен аныкталган же мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ошол өзгөчө кырдаалдарды жоюу өз полномочиесине кирген органдары, мекемелеринин жетекчилери дайындаган жетекчилери келгенге чейин аткарышат.
3. Эгер Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин чечимдери өзгөчө кырдаал аймагындагы бардык жарандар жана мекемелер үчүн милдеттүү болот.
4. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ишине аларды милдетин аткаруудан аныкталган тартипте четтетпестен жана жетекчиликти өзүнө алып же башка адамды кызматка дайындабастан туруп киришүүгө эч кимдин укугу жок.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчинин ыйгарым укуктары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдардын жетекчилиги тарабынан аныкталат.
6. Өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өз алдынча төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:
- эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин ишин токтотуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы объекттерде жана мекемелердин аймактарында кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү жөнүндө;
- адамдардын өзгөчө кырдаалдын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин материалдык ресурстарынын резервинин бронун пайдалануу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пайдалануу жөнүндө;
- кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарды, ошондой эле ушул аталган кошуундардын курамына кирбеген, бирок кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө аттестациядан өткөндүгүн далилдөөчү документи бар куткаруучуларды өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерге тартуу жөнүндө;
- калкты ыктыярдуу негизде кечиктирилгис жумуштарды аткарууга жана куткаруучу эмес айрым жарандарды өз макулдугу боюнча кыйроодон куткаруучу жумуштарды жүргүзүүгө тартуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын абалына жана аны жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө байланыштуу зарыл башка чараларды көрүү жөнүндө.
Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өтө зарылдыктан улам кабыл алган чечимдери жөнүндө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун тиешелүү органдарын, мекемелердин жетекчилерин токтоосуз кабарлоо боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери, кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилери ал кырдаалды жоюу боюнча иштерди уюштурууга зарыл болгон бардык маалыматтарды билүүгө укуктуу.
8. Кыйроодон куткаруучу иштерди толук көлөмдө жүргүзүүгө технологиялык мүмкүнчүлүк болбогон учурда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өзгөчө кырдаалдын аймагындагы адамдарды куткаруу боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар биринчи иретте көрүлгөндөн кийин кыйроодон куткаруучу иштерди толугу менен же айрым-айрым токтотуу жөнүндө чечим кабыл ала алышат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Кыйроодон куткаруу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды ташууга, жайгаштырууга, материалдык-техникалык, каржылык, медициналык жана башка камсыз кылууга, ошондой эле куткаруучулардын, кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө кеткен чыгымдар келишимдерге ылайык төлөнөт. Мамлекеттик органдарда түзүлгөн кыйроодон куткаруу кызматтарынын жана кыйроодон куткаруу кошуундарынын көрсөтүлгөн чыгымдарынын ордун толтуруу белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2. Уюмдардан келишим боюнча келип түшүп, пайдаланылбай калган каражаттар кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын тескемесинде калат.
Пайдаланылбай калган бюджеттик каражаттар бюджеттик мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын иштерине жардамдашуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын жоопкерчилиги
Мекемелерди келишим боюнча тейлеген кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтар, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундар өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө туура эмес аракеттери менен келтирген зыяны үчүн материалдык жоопкерчилик тартышат. Зыяндын өлчөмү жана анын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын ишин координациялоо
Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын кыйроодон куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча ишин координациялоону жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды орун которуштуруу, профилин өзгөртүү, жоюу
1. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарды, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарды башка жерге которууга, кыйроодон куткаруучу жумуштардын же өзгөчө кырдаалды жоюунун башка түрүнө профилдештирүүгө же жоюуга, ошондой эле штаттан тышкаркы кыйроодон куткаруучу кошуундарды жоюу үчүн - алар тейлеген мекемелердин ишинин токтошу же ушул кызматтар жана кошуундар жоюуга тийиш болгон өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу четтетилгендиги негиз болот.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ордун которуу, профилин өзгөртүү же жоюу жөнүндө чечимдерди, ошондой эле кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы кошуундарды жоюу жөнүндө чечимди аларды түзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алат.
3. Юридикалык жактардын администрациясынын чечими боюнча түзүлгөн кыйроодон куткаруучу штаттан тышкары кошуундарды жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда, алардын жетекчилиги аймактык деңгээлдеги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына маалымдайт.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2020-жылдын 26-июнундагы № 65, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
20-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтарды түзүү жана алардын ишин каржылоо
Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүнү жана алардын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттин, фонддордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башка каражаттарынын, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды түзүүчү уюмдардын финансылык каражаттарынын;
- аларды тейлөө жөнүндө уюмдар менен келишимдерди ишке ашыруудан түшкөн финансылык каражаттардын;
- жарандардын жана уюмдардын өзгөчө кырдаалдарда адамдарды коргоого жана куткарууга, аларга жардам көрсөтүүгө төгүмдөрүнүн жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын эсебинен түзүлүүчү коомдук фонддорунун;
- кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды колдоо фонддорунун, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун атайын фонддорунун;
- камсыздандыруу фонддорунун.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Кыйроодон куткаруучу кызматтардын иштерине байланыштуу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон куткаруучу кызматтары
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кыйроодон куткаруучу кызматтары, кыйроодон куткаруучу кошуундары Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча коргоо маселелерин тескөөчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын чечими менен түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон куткаруучу кызматтарынын, кыйроодон куткаруучу кошуундарынын өздүк курамынын саламаттыгына, дене-тарбия жана профессионалдык даярдыгына карата талаптар, ошондой эле аларды социалдык коргоонун гарантиялары ушул Мыйзамда ошолор сыяктуу эле башка жарандык кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын куткаруучулары үчүн белгиленген талаптар менен гарантиялардан төмөн болушу мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон куткаруучу кызматтарын, кыйроодон кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III Глава Куткаруучулар жана алардын статусу
23-статья. Куткаруучулар
1. Кыргыз Республикасынын жарандары куткаруучулук статуска тийиштүү аттестациялык органдар аларды медициналык текшерүүнүн, дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди аткаруусунун, куткаруучуларды даярдоо программалары боюнча окутулушунун жана кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берчү чечиминин негизинде ээ болушат.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына куткаруучунун статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алууда аттестация органдары аларга аныкталган тартиптеги күбөлүк, куткаруучунун китепчесин, фамилиясы, аты-жөнү, канынын группасы жана куткаруучунун каттоо номери жазылган жетон беришет.
Куткаруучунун китепчеси куткаруучунун өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуусун эсепке алууга арналат. Куткаруучунун китепчеси жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Куткаруучуларды аттестациялоо
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25-статья. Куткаруучулардын укугу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучулар ал жумуштар аткарылчу жерге баратканда транспорттун бардык түрүнө белеттерди кезексиз алуу укугуна ээ.
2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин учурунда куткаруучулар төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон так жана толук маалыматты билүү;
- өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн мекемелердин аймагына жана өндүрүштүк объектилерине, турак жай имараттарына тоскоолдуксуз кирүү;
- өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерде жүргөн бардык адамдардан коопсуздуктун белгиленген чараларын сактоону талап кылуу;
- кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясына ылайык жасалган экипировка жана шаймандар менен жабдылуу;
- адамдарды куткаруу үчүн, жана өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерлердеги мекемелердин байланыш каражаттарын, транспортун, мүлкүн жана башка материалдык каражаттарын пайдалануу;
3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучулар медициналык мекемелердин жана реабилитациялык борборлордун базасында медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.
4. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучулары өздөрүнүн теориялык билимдерин жана адистик чеберчилигин аныкталган тартипте жумуш убагында жогорулатууга укуктуу.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучулары кезекте турган учурунда кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тамак-аш менен камсыздалууга укуктуу.
6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын эмгектик келишим боюнча тапшырылган милдеттерин аткаруу учурунда жабырланган куткаруучулары, ошондой эле өзгөчө кырдаалды жоюуда жабырланган башка куткаруучулар акысыз медициналык тейленүүгө жана негизги иштеген жериндеги орточо маянасынын өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
7. Куткаруучулар Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте жеңилдетилген шартта пенсия менен камсыздалууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
26-статья. Куткаруучулардын ишмердигинин гарантиялары
1. Мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган куткаруучулар ал жумуштар жүргүзүлчү жерге баратышканда жана ал жумуштарды жүргүзүп жатышканда аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда куткаруучулар өздөрү иштеп жаткан кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилерине гана баш ийишет.
3. Куткаруучуларды эмгектик келишим (контракт) менен аныкталгандан башка милдеттерди аткарууга мажбурлоого эч кимдин акысы жок.
27-статья. Куткаруучулардын милдеттери
1. Куткаруучулар:
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышууга даяр болууга, өзүнүн дене-тарбия, адистик, медициналык, психологиялык даярдыгын жогорулатууга;
- кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамында иштөө ыкмаларын өркүндөтүүгө;
- кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүнүн технологиясын кыйшаюусуз сактоого;
- жабырлангандарды активдүү издөө, аларды куткаруу боюнча чара көрүү, аларга алгачкы медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда өздөрү иштеп жаткан кыйроодон куткаруучу кызматтардын, кыйроодон куткаруучу кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарууга;
- өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында жарандарга коопсуз жүрүш-туруштун эрежелерин жана андай кырдаалдар пайда болгон учурлардагы иш-аракеттердин эрежесин түшүндүрүүгө милдеттүү.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын милдеттери тиешелүү уставдар, колдонмолор менен аныкталат жана эмгектик келишимдин (контракттын) курамдык бөлүгү болуп саналат.
(КР 2015-жылдын 4-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-статья. Куткаруучулардын ишинин (кызматынын) жана эс алуусунун режими
1. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын ишинин (кызматынын) режими ар күнкү иште ички эмгек тартибинин эрежелери, кезекке туруунун графиги, атайын даярдык боюнча занятиелердин жана башка иш-чаралардын расписаниеси менен аныкталат.
2. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын иш күнүнүн жана иш жылынын ичиндеги иштөө режими колдонулуудагы медициналык талаптар жана санитардык-гигиеналык ченемдер менен аныкталат.
3. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын күтүү режиминде үйдөгү кезекке туруу убагы кезекке туруунун ар бир саатынын төрттөн бир өлчөмүндө эске алынат.
4. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди аткарууда куткаруучулардын иш режими жана жумуш күнүнүн узактыгы өзгөрүшү мүмкүн жана ал өзгөчө кырдаалдын мүнөзүн, аларды жоюудагы иштин өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эске алуу менен өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчи тарабынан белгиленет.
5. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кезектеги эмгек өргүүсү берилет.
6. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучуларына жыл ичинде төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.
Төлөнүүчү кошумча өргүү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кошуундардын куткаруучуларына, ошондой эле кыйроодон куткаруучу кошуундардын курамына кирбеген куткаруучуларга кошумча өргүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартип боюнча акчалай компенсация берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья. Куткаруучулардын эмгек акысы
1. Кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына эмгек акы келишимдерге (контракт) ылайык төлөнөт.
2. Уюмдардын кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын эмгек акысынын өлчөмү көрсөтүлгөн уюмдардын алдыңкы жумушчу адистеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.
30-статья. Турак жайга укук
1. Аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарынын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарынын куткаруучуларына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында каралган ченемдер боюнча берилет.
2. Аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтарынын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундарынын куткаруучуларына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-статья. Куткаруучулардын камсыздандыруу кепилдиктери
1. Куткаруучулар милдеттүү түрдө акысыз жекече камсыздандырылууга тийиш. Куткаруучуларды камсыздандыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-статья. Куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо
1. Эмгек келишими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда өлүмгө дуушар болгон кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин мезгилинде же ага катышуу учурунда өлгөн башка куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрү социалдык коргоого алынуу укугуна ээ. Социалдык коргоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
2. Куткаруучулардын үй-бүлө мүчөлөрү багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-статья. Куткаруучуларга укуктук жана социалдык кошумча кепилдиктер
1. Иштин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарын тейлөөчү кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын куткаруучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктери менен жеңилдиктер жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана администрацияларынын, уюмдардын чечими менен кыйроодон куткаруучу профессионал кызматтардын, кыйроодон куткаруучу профессионал кошуундардын, кыйроодон куткаруучу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундардын мүчөлөрүнө, алардын курамына кирбеген куткаруучуларга укуктук жана социалдык жактан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген кошумча кепилдиктер белгилениши мүмкүн.
34-статья. Куткаруучулардын жоопкерчилиги
Эмгек келишими (контракт) боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюуга күнөөлүү, жарандарды куткарууда алардын ден соолугуна атайлап залал келтирген, жаратылышка, материалдык жана маданий баалуулуктарга зыян кылган куткаруучулар жарандык мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 4-июлундагы № 147, 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
35-статья. Куткаруучу эмес, бирок өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышууга тартылган жарандарды социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
1. Куткаруучу болуп саналбаган, бирок өтө зарыл учурларда жарандар өзүлөрүнүн макулдугу менен кыйроодон куткаруучу иштерге тартылышы мүмкүн.
2. Куткаруучу болуп саналбаган жарандарды кыйроодон куткаруучу иштерге тартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жетекчилери кабыл алат.
3. Куткаруучу болуп саналбаган граждандар кыйроодон куткаруучу иштерге тартылганда милдеттүү түрдө акысыз жеке камсыздандырылууга тийиш. Аларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталчу укуктар, камсыздандыруу кепилдиктери жана жеңилдиктер берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV Глава Корутунду жобо
36-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |